Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Көп узабай Дайыр үйгө кирип келди. Ал ата-энесине маанайынын жоктугун билгизгиси келген жок. Алар менен жакшы учурашып, алып келген белектерин тапшырып, жакшы маанайдагы кишидей бапырап сүйлөшкөнгө аракет кылып жатты. Сыртынан ошондой көрүнүштү чагылдырууга аракет кылганы менен, түпкүрдөгү түпөйүл тынчсызданууну апасы сезип койду.

– Жакшы барып келсеңер эле болду. Эл-жер көрүү деген жакшы да.

– Жакшы барып келдик, жолдо абдан чарчадым, мен жатайын,- деди Дайыр ордунан туруп баратып. Ал берилчү көп суроолордон качып эле бөлмөсүнө шашылды.

– Келе калып эле жатам дегениң кандай, тамактанбайсыңбы?

– Курсак ток, апа. Уктап эс алышым керек болуп жатат,- деп апасынын айтканына көнбөй, Дайыр экинчи кабатты көздөй жөнөдү.

– Ай, балам, Алан менен Алтынай эмне болду?- чыдабай кеткен эне Дайырды узата карап ушул суроону узатты.

– Аларды өз үйүнө жеткирдим. Ал дагы чарчап келди. Эс алып өзүнө келсе келип кетет да учурашып.

– Апей ботом, өз үйүнө жеткирдим дегениң кандай? Мында эмне, мен туз артат белем, биздикинде деле эс алмак. Үйгө келтире албай жатсак, жеткирип салганың кызык го,- деди уулуна. Келин-небересинин үйгө келбей калганына уулун күнөөлөп калды эне. Андан ары сөзүн улаган жок. Ашканага кирип кетти.

– Ай, ушул баланы... Бир үй-бүлөнү күтө албай кыйналды. Арыдан бери эле болсо. Жакшынакай аялы, уулу бар. Аны дагы күткөндү билиш керек да,- деп ашканада өзү менен өзү сүйлөнүп өзүнө кофе даярдап жатты.

Дайыр бөлмөсүнө киргени менен, уктай алган жок, түмөн ойлордун кучагынан чыга албады. Бир башталган ойдун учугу миң болуп, такыр көзү илинчүдөй эмес. Анткен менен бөлмөнүн жарыгын өчүрүп, ата-энесине уктап жаткандай түр көрсөтүп жата берди. Алаксыйын деген ой менен интернетке баш бакты эле, анын абалын окуп тургансып мамилени оңдоо, эркти башкаруу, кантип таасирдүү адам болобуз, аялдын көңүлүн кантип табуу керек. Үй-бүлөдө кантип сый-урмат орнотобуз деген темадагы материалдар чыга берди. Окуп көрсө жөндүүдөй сезилет. Өзүнө тааныш нерселер айтылат. Өзүмө пайдалуу бир нерсе алармын деп түн бир оокумга чейин аларды окуп жатты.

 

xxx

Шамэл ишти эртелеп бүтүрөйүн деген ой менен таң эрте барып кечки саат 7-8ге чейин иштеп жатты. Токтобой иштей берейин дейт, бирок кечигип кетсе унаа кыймылы токтоп, үйүнө кетиши кыйындайт. Айла жок, эртерээк чыкканга аракет кылат. Бүгүн уйкудан чочуп “апа-ата-а-а” деп кыйкырып ойгонду. Көздөрү жашка толуп ыйлап жатыптыр. Ордунан туруп терезеден сыртты карады, адаттагыдай тынч, сыртта кыбыр эткен киши жок. Бир гана ай айланага нурун төгүп турат. Кайра жатып уктай алчудай эмес, төшөккө буту тартпады. Ата-энесине атап куран окуду да, кесе толо сууну бир дем менен тартып жиберди. Эс алгансып отуруп калды. Эми гана көргөн түшүн четинен эстей баштады. Ата-энеси кадимкидей тирүү. Апасы самоор жагып күйпөлөңдөп эшик алдында жүрөт. Атасы короодо чарба иштери менен алпурушуп жүрүптүр. Үй көрктүү, азыркыдай сумсайган үй эмес. Ата-энеси Шамэлди күтүп жатыптыр. Бир кезде шаардан келди өзү. Апасы башынан суу айлантып чачып, ырым-жырымын жасады. Атасы дагы көңүлдүү тосуп алды. Үй ичи бака-шака түшүп Шамэлдин алып келгендеринен ооз тийишти. Бир кезде айылдагы туугандары пайда болуп калат. Баары бир ооздон “үйлөнбөйсүңбү, солдоюп жүрө бересиңби? Үйлөнүп, кемпир-абышкага жөлөк болуп ушул үйдө эле жүрсөң боло” дейт. Кайра эле эч кимиси жок, ата-энеси менен өзү эле отурган болуп калат.

– Балам, үйлөн, үй-бүлө күт, жалгыздык – бул Жаратканга гана таандык нерсе. Үй-бүлө деген жакшы, албетте, аны жакшы күтсөң,- дейт апасы.

– Ооба десең, кара жанын эптеп жан-жаныбар деле багат. Үйлөн, тукум улачу неберем болсун. Сенден башка бизди эскерер эч ким калбай калбайбы,- дейт атасы.

– Биз деле небере жытын жыттап, төгүлүп эркелеткибиз келет, Шамике, үйлөн. Сыдык байкеңде 2 жылкы бар, бирин калыңга берип, бирин керек-жарагыңа жумшайлы, эч нерсени ойлонбой үйлөн,- дейт апасы.

– Макул, апа, үйлөнөйүн,- деп ата-энесине жакындап кучактайын дегенде экөө тең көздөн кайым болот.

– Апа-а-а, ата-а-а, каякка кеттиңер?

Ары-бери чуркап издеп жүрөт. Үй ичинде жан киши жок. Кичинекей баладан бетер бакырып ыйлап алган. Айлана-тегеректен карап эч эле таппай койду. Үмүтүн үзгөн Шамэл жерге жатып алып жер чапчып ыйлап баштады. Бир кезде алыстан энесинин үнү угулат “балам, тур, сен чоңойбодуңбу, ыйлаба. Биз сага сен үйлөнгөндө келебиз. Эч нерсеге карабай үйлөнүп үй-бүлө, үй-жай күт” дейт. Үн чыккан жакты караса тээ алыскы тоолор. Ата-апалап алмак-салмак кыйкырып тоону көздөй жөнөдү. Бир кезде чалынып жыгылып ойгонуп кетти...

Таң атары менен Шамэл керек жарагын көтөрүп алып айылды аралай ишке жөнөдү. Анын оюнда Алтынбек агасына барып жолугуп, көргөн түшүн айтып берүү эле. Ошон үчүн да эртелеп жөнөдү. Агасынын дагы таң эрте ойгонуп короосунда иш кыларын билет.

Агасынын үйүнө жеткенде дарбазаны каккылап жеңемдин каарына калбайын деген ой башына тык этти да, короонун эшигин шыкаалады. Агасы көрүндү:

– Алтын байке,- деди үнүн жайыраак чыгарып.

– Ким болуп кетти таң атпай, эмне гана болуп кетти, жакшы кабар менен келген киши боло көр,- деп каалгага жеткенче ар нерсени ойлонуп жиберди агасы.

– Ой, Шамике, тынччылыкпы?- алая карады учураша элек жатып эле.

– Тынч, ага, тынч. Жакшы турасыздарбы?

– Жакшы. Мындай убакытта сени кайсы шамал айдап келди? Ишиңе шылтоолоп келбей дагы калдың эле?- деди Алтынбек короону жээктей басып.

– Мен да тынчыңызды таң атпай алуудан айбыктым, бирок келишим керек болду. Көргөн түштөн улам түнү бою уктай алган жокмун.

– Эмне дейт, эмне болгон түш экен?- аттын акырына жөлөнө отурду.

– Түшүмө атам менен апам кирди. Үйлөн дейт, үйүбүздө жүрөт, кучактап алайын десем экөө тең менин колумду өздөрүнө жолотпойт. Мага таарынганы үчүн окшойт,- деп кейий отурду.

– Ата-эне баласын кандай учур болбосун кечирет. Ал деген таарыныч эмес, өтүп кеткен адам менен тирүү адам эч качан кучакташып жакындашпайт. Эгер сени кучактап ээрчитип кете турган болсо, ал бул дүйнөдөгү сууңдун түгөнгөнү дегенди билдирет. Аны көп ойлоно бербе.

– Үйлөн, тукум улар бирөө болсун дешти, Сыдыкта 2 бээ бар дейт,- уйкум качты ушинтип эле. Ата-энемди аябай сагыныптырмын.

– Ээ, шумдугуң кургур. Адам өлгөнү менен арбагы арабызда жүрөт деген ушул. Арбак колдоп жүрөт деген чын бейм. Ооба, апаң ооруп калганда Сыдыкка бээлерин берген. Андан эки бээ калган эле. Андан бери көбөйсө көбөйгөн чыгар,- деди Алтынбек.

– Жумушка баратып, сиз менен сүйлөшүп жеңилдеп кетпесем болбойт деп эле кайрылдым, тынчыңызды алып койдум, мен кеттим жумушка,- деди Шамэл ыңгайсыздана.

– Эч нерсе эмес. Аларды көп ойлоно бербе, бирок үйлөнгөндү ойлон. Өмүр бою жалгыз өтөт белең?

– Буюрса,- деген Шамэл короодон сыртка чыгып кетти...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан