ТЕҢИР-ТООЛУКТАРДЫ ТЕҢИРИМ КОЛДОП... Кыргызстан Азиаданын мыктыларынын катарында

Өткөн апта спорт күйөрмандарына эле эмес, бүткүл кыргыз элине зор кубаныч тартуулады. VII Кышкы Азия оюндарынан хоккейчилерибиз тарыхта биринчи жолу 2 медаль тагынып кайтышты. Учурда спорт коомчулугубуз “түшкө кирбеген окуялар болуп кетти, Жараткандын буйругу экен...” деп турган чагы. Эсептей келсек, Казакстандан келген спортчуларыбыз Гуанчжоуго барган азаматтарыбыздан да ашып түшүптүр.

КЫШКЫ СПОРТТУН ТАРЫХЫНДА КАЛГАН АЗАМАТТАР
(топ менен хоккей ойноо боюнча):

Бакытбек Асанкулов (Чаек)
Азамат Бегимбаев (Нарын)
Чынарбек Бейшенбеков (Нарын)
Эльзар Болотбеков (Нарын)
Бакытбек Дүйшеев (Чаек)
Бердибек Иманбеков (Чолпон-Ата)
Курманбек Иманкариев (Нарын)
Сагынбек Кадыров (Нарын)
Алмамбет Күлчүнов (Нарын)
Калдыбек Кулманбетов (Байзак)
Нуралы Калманбетов (Байзак)
Нурбек Ногоев (Нарын)
Мурасбек Осмонов (Нарын)
Нурбек Тоголоков (Чаек)
Мухтарбек Тынымсеитов (Нарын)
Төлөгөн Жолдош уулу (Кызыл-Жылдыз)
Рамис Жуматаев (Кызыл-Жылдыз)
Ниязбек Алиев (машыктыруучу)
Мурат Жакыпов (КРнын Топ менен хоккей ойноо боюнча федерациясынын президенти)

АЗИАДА ТУУРАЛУУ
VII Кышкы Азиада оюндарын Казакстанда өткөрүү чечими 2006-жылы 5-январда Кувейтте кабыл алынган. Оюндар алгач Алматыда гана өтмөк. Астанада да өткөрүү кийинчерээк макулдашылган. Оюндарды өткөрүү үчүн жалпысынан 1 миллиард доллардан ашуун каражат корогон. Азиаданын шарапаты менен көптөгөн спорттук объектилер гана эмес, Алматыдагы аэропорт жана шакек тибиндеги автожол кайра курулду.
Мелдешке Азиянын 26 өлкөсүнөн келген 1134 спортчу катышты. Спорттун 11 түрү боюнча 69 комплект медаль ойнотулду. Топ менен хоккей ойноо жана лыжа менен ориентир түрлөрү биринчи жолу Азиаданын программасына кошулду. 1 аптага созулган таймаштардын жыйынтыгында 8 гана өлкө медалдарга жете алган. Индия, Катар, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Малайзия, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр медаль эмне экенин билбей кайтышты. Ал эми 1-орунду үй ээлери эч кимге беришкен жок.

ЖЕТИНИН БИРИ – КЫДЫР
Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар спорттун 5 түрү (топ жана шайба менен хоккей ойноо, биатлон, лыжа менен ориентир жана тоо лыжасы) боюнча күч сынашты. Тоо лыжасы боюнча “Ванкувер-2010” Олимпиадасынын катышуучулары бир тууган Александр жана Дмитрий Трелевскийлер 6-7-орундарды ээлешти. Лыжа менен ориентир боюнча командабыз 4-орунга илинген. Ал эми 7-орунду топ менен хоккей ойногон спортчуларыбыз алып беришти. Хоккейчилерибиз Монголия менен Казакстанга каршы ийгиликсиз 2 оюн өткөрсө да, 3 гана команда катышкандыктан, байгелүү 3-орундун ээси болуп калышты. Кызыгы, негизинен, Нарын облусунун хоккейчилеринен түзүлгөн командабыз Кыргызстанга медаль алып берген биринчи команда гана эмес, Кышкы Азиадада коло медалга татыган 1-команда болуп калмакчы. Анткени топ менен хоккей ойноо спорту боюнча мелдештер Алматыда 1-жолу өткөрүлдү.

ХОККЕЙЧИЛЕРИБИЗ – ЧЕМПИОН, БИРОК...
Шайба менен хоккей ойноо боюнча командабыз 6 атаандашынын баарын жеңип, спорттун башка түрлөрүнүн “өчүн” он эселеп алып бергенин жана натыйжада 1-орунду ээлегенин сыймыктануу менен эле угуп жаттык. Бирок алар 1-жолу катышып жатканына байланыштуу 1-Лигада таймашып жеңип алган алтыны чакан алтын деп бааланды. Командалык эсепке киргизилген жок. Балким, алардын жеңиши да эске алынса, Кыргызстан 7-орундан да жогору көтөрүлмөк. Эми хоккейчилерибиз кийинки Азиадада күчтүү командалар менен чыныгы алтын үчүн күрөш жүргүзүшөт.
Айта кетчү нерсе, “кыргыздар кар көрбөгөн, хоккей ойной албаган элдерди жеңди” деп айткандарга жооп жаза кетсек болбос. Бул суроого КРнын Шайба менен хоккей ойноо федерациясынын президенти Анвар Оморканов мындай деп жооп берди: “Көбү айтып жатышат, арабдар кантип хоккей ойной алышат деп. Чынында, арабдар менен канадалык адистер, монголдор менен орусиялык адистер иштешерин баары эле биле беришпейт. Арабдардын казактардыкынан ашып түшкөн мыкты базалары бар”.

“ТУШООБУЗ ИЙГИЛИКТҮҮ КЕСИЛДИ”
КРнын Топ менен хоккей ойноо боюнча федерациясынын президенти Мурат Жакыпов Казакстанга болгон сапары тууралуу мындайча ой бөлүштү: “Чынында, таймашка 5 команда катышыш керек болуп, бирок үчөө эле катышып, буйрук экен, байгелүү орунга илиндик. Бул Кышкы Азиададагы Кыргызстан жетишкен алгачкы медаль катары тарыхта калат. Буюрса, тушообуз ийгиликтүү кесилди. Бул чоң стимул болот деп ойлойм. Эми мындан ары мелдештерде жакшы натыйжаларга жетишебиз деп ишенем”.
Ооба, хоккейчилерибиз чет өлкөгө чыгып, эл көрүп, жер көрүп келишти. Башка өлкөдөн келген кесиптештери менен таанышышты, баарлашты. Өзүлөрүн азиялык бир үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезишти. Башкысы ушул эмеспи.

ТАРЫХТА КАЛЧУ НАТЫЙЖАЛАР:

Топ менен хоккей ойноо боюнча

Монголия – Кыргызстан – 17:2
Казакстан – Кыргызстан – 21:0

Шайба менен хоккей ойноо боюнча

Кыргызстан – Таиланд – 15:4
Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары – 14:0
Кыргызстан – Монголия – 13:3
Кыргызстан – Малайзия – 13:2
Кыргызстан – Бахрейн – 15:0
Кыргызстан – Кувейт – 15:4

КЫРГЫЗ-КАЗАК – БИР ТУУГАН,
ХОККЕЙЧИЛЕРИБИЗГЕ КИМ ТӨЛӨГӨН?

8-февралда Бишкектеги “Кабар” маалымат агенттигинде Кыргызстандын Кышкы Азиадага катышуусу боюнча маалымат жыйыны өттү. Анда орун алган маанилүү суроо-жоопторго көңүлүңүздү бурабыз.

Анвар Оморканов,
КРнын Шайба менен хоккей ойноо
федерациясынын президенти

– Шайба менен хоккей ойноо боюнча командабыздын курамы жөнүндө айта кетсеңиз. Анда орус улутундагы фамилиялар басымдуулук кылганын көрүп жаттык. Хоккейчилердин баары эле өлкөбүздүн жарандарыбы?
– Албетте, командадагы хоккейчилердин баары Кыргызстандын жарандары. Андай болбосо катыштырмак эмес да. Курамда 9у кыргыз болсо, калган 10у орус тилдүүлөр. Жөн гана алардын арасында Орусияда жашап, окуп же иштеп жүргөндөр бар.

Алмаз Касенов,
Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору

– Буга чейин Азиадада медалдар үчүн сыйлыктар жарыяланган. Бирок шайба менен ойноо боюнча хоккейчилерибиздин алтыны эсепке кирбейт экен. Алардын эмгеги текке кетеби? Мамлекет тарабынан кандайдыр бир колдоо көргөзүлөбү?
– Ооба, 1-орун үчүн 10 миң доллар, 2-орунга 7 миң доллар, 3-орун үчүн 3 миң доллар сыйлыктар жарыяланган. Хоккейчилерибиз өзүлөрү «сыйлык беришпесе, таарынбайбыз» дешти. Өкмөткө бул маселе боюнча кайрылабыз. Мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо болот деп ишенебиз.

Мурат Жакыпов,
КРнын Топ менен хоккей ойноо федерациясынын президенти

– Топ менен хоккей ойноо боюнча 3 команда катышкан мелдеште 3-орунду ээледиңиздер. Ушул орунга татыктуубуз деп ойлойсузбу?
– Ооба, татыктуубуз деп ойлойбуз. Эми тажиктер келе албай калышты. Алар келсе да жеңиш үчүн күрөшмөкпүз. Айта кетсем, хоккей боюнча биринчи Дүйнө чемпиондугуна да 3 эле команда катышып, 3 жеңүүчү болуп тарыхта калган.

Мурат Саралинов,
Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти

– Казакстандык ММКларда топ менен хоккей ойноо боюнча 3 орун, бирок 2 эле команда болгондуктан, кыргыздар шашылыш чакырылышты. Алардын жол киресин, күнүмдүк жашоосун, жадакалса форма жагынан да Казакстан тарап моюнга алды. Мунун баары мелдеште топ менен хоккей ойноо спорту үзгүлтүккө учурабашы үчүн жасалды деген маалыматтар айтылып жүрөт. Буга эмне дейсиз?
– Негизи, эреже боюнча байгелүү 3 орун үчүн кеминде 5 команданын ат салышуусу керек. Бул боюнча азиялык кеңеш атайын отурумга чогулуп, топ менен хоккей ойноонун келечеги үчүн 3 команда болсо да, таймашууга уруксат берди. Анан боордош казак туугандар бизди чакырышты, биз колдодук. Буга чейин топ менен хоккей ойноо боюнча мелдештерге катышпаган хоккейчилерибиз дароо ыңгайлашып кетишти. Азаматтар! Муну менен биз да жеңдик, казактар да жеңишти жана Азиада жеңди.


Жылмайып коюңуз!

2011-жыл. Алматыда өткөн Кышкы Азиадада кыргызстандыктар топ менен хоккей ойноо боюнча акыркы, бирок байгелүү 3-орунду ээлешти.

2015-жыл. Бишкекте митинг боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бардык байгелүү орундарды жергиликтүү спортчулар илип кетишти.

2020-жыл. Баңгилик менен күрө­шүү спорттун олимпиадалык түрүнө айланды.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
cosmopolit
2011-02-12 04:17:59
ООО Тенир-Тоолуктар....азаматсынар!!! Ар дайым Алгаааааа!!!!
0
jua
2011-02-12 10:42:07
азаматсынар!
0
Nursultan
2011-02-12 22:55:58
VII Кышкы Азиада оюндары деп эле баурдастарымыз тошун каккылап жатышты эле, бирок катышуучулардын даярдыгынын аздыгынанбы айтор , телевизордон коруп олтуруп кулкум келди.
0
Ainur
2011-02-13 18:19:32
Азаматсынар Нарындык жердештер.
0
Атасынын баласы
2011-02-14 11:55:30
Эмне дейм, азаматтар... Дайым кыргызымдын желеги желбирей берсин...
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан