ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-апрелден 28-апрелге чейин

Кой
(21.03–20.04)

Апта сизге жаңы идеялардын жана эргүүлөрдүн толкунун алып келет. Кайсы бир тармакка өзгөртүү киргизем же жаңычылдык жаратам деп жатсаңыз, бул аптаны өз пайдаңызга колдонсоңуз болот. Эксперименттерден коркпоңуз, жумушта жаңы ыкмаларды сынап көрүңүз, жыйынтыгында күтүлбөгөн, бирок оң натыйжаларга жетишесиз. Жеке мамиледе сизге кубаныч, жаңыча көз караштарды алып келе турган эски байланыштарды жаңыртууңуз мүмкүн.

 

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Адаттагыдай иштөө жөндөмүңүз жана өжөрлүгүңүз сиз баштаган бардык иштерди ашыкча көйгөйсүз бүтүрүүгө мүмкүндүк берет. Аптаны көбүрөөк эс алууга жана ден соолукту чыңдоого арнаңыз. Бул мезгилде жеке мамилелерге да көңүл буруу зарыл, жакындарыңыз менен жөнөкөй эле баарлашуу сизге тынчтык жана кубаныч алып келет. Каржылык туруктуулук кошумча күч-аракетти талап кылбайт, бирок ири суммадагы сатып алууларды жасабашыңыз керек.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жылдыздар эгиздер үчүн көп баарлашууну жана жаңы таанышууну убада кылышат, бул нерсе сиздин келечектеги турмушуңузга олуттуу таасирин тийгизет. Башкысы комфорт зонасынан чыгуудан коркпоңуз, жаңы жолугушуулар жемиштүү болот. Жумушта тез чечим кабыл алууну талап кылган күтүлбөгөн сунуштар түшөт. Жеке жашооңузда көптөн бери чечилбеген маселелерди чечүүгө убакыт келди. Бирөөнүн маанилүү кеңешинен кийин чечкиндүү кадамдарга барасыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптанын башында өзүңүздүн сезимдерге жана тажрыйбалык дүйнөңүзгө сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк болот. Жеке жашооңуздагы көп адамды өзүңүздөн четтетип, маанилүүсүн гана калтырганга шашасыз. Бул мезгил сиздин чыныгы каалоолоруңузду жана муктаждыктарыңызды аныктай турган убак. Кесиптик чөйрөдө алтынчы туюмуңуз менен алдыда күтүлгөн тоскоолдуктарды жеңесиз. Жеке мамиледе чынчыл жана ачык болуңуз, бул жакындар менен болгон байланышты бекемдейт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Апта активдүү аракеттердин жана жаңы жетишкендиктердин мезгили болот. Энергияңыз жана өзүңүзгө болгон ишенимиңиз жумушта да, жеке иштерде да олуттуу натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет. Маанилүү долбоорлордо лидерлик ролду алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Жеке жашооңузда күнүмдүк жашооңузга ачык түс кошуп турган жагымдуу сюрприздер болушу мүмкүн. Каржы маселесинде боорукерлигиңиздин айынан адамдарга алданып калышыңыз мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Артка кылчайып, басып өткөн жолду, максаттарыңызды жана милдеттериңизди кайра карап чыгууга ыңгайлуу убакыт. Жумушта майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруп, берилген тапшырманы мыкты аткаруу аракетиңиз ийгилик алып келет. Жеке мамиледе ийкемдүү жана сабырдуу болуңуз, бул керексиз чыр-чатактардан качууга жардам берет. Жашоонун каржы жагы сизден этияттыкты жана пландаштырууну талап кылат. Ден соолугуңузга кам көрүү экинчи планга өтүп кетпеши керек.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Адилеттүүлүктү сүйгөнүңүз, компромисстерди табуу жөндөмүңүз көптөн бери келе жаткан чыр-чатактарды чечүүгө жардам берет. Командада иштесеңиз профессионалдык чөйрөдө ийгилик күтөт. Жакындарыңыздын жүрөк өйүгөн маселесин чечип берип ыраазычылык угасыз. Сиздин ийгиликтериңизди көрө албаган тараптар эмоционалдуулугуңузду пайдаланып кетиши мүмкүн, андыктан атайын уюштурулган конфликттин курмандыгы болуп калбайын десеңиз, сабырдуу болуңуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бул апта окуяларга бай болот, тынымсыз иштеп нерв системиңиздин чыңалуусуна жол бербеңиз. Сиздин чечкиндүүлүгүңүз жана терең талдоо жөндөмүңүз жумуштагы татаал маселелерди чечүүгө жардам берет. Сүйүүдө өнөктөшүңүз менен маңыздуу баарлашып, буга чейин чиеленген жагдайды чечип аласыздар. Өзүңүздүн бакубаттуулугуңуз жөнүндө көбүрөөк ойлонгонго убакыт келди. Каржылык кырдаал кылдат пландаштырууну жана ресурстарды башкарууну талап кылат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Оптимизмиңиз жана билимге болгон чаңкооңуз көз карашыңызды кеңейте турган кызыктуу окуяларга алып барат. Кесиптик жашооңузда карьераңызды түп-тамырынан бери өзгөртө турган күтүлбөгөн сунуштар түшөт. Жеке мамилелер динамикалуу болуп, жашооңуздун маанилүү бөлүгүнө айланган адамдарды жолуктура аласыз. Жылдыздар каржылык абалыңыз жагымдуу болот деп убада кылышат, бирок чыгымдарга акылга сыярлык мамиле кылганыңыз туура.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көптөн бери келе жаткан пландарды жана идеяларды ишке ашыруунун мезгили. Ишке жөндөмдүүлүгүңүз жана өжөрлүгүңүз кесиптик чөйрөдө олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берет. Таарынышып жүргөн түгөйлөр табышып, мамилесин жөнгө салышса болот. Жеке жашооңузда диалогго ачык болушуңуз керек, бул жакындарыңыз менен болгон мамилени бекемдөөгө жардам берет. Каржылык абалыңыз туруктуу болот, бирок ашыкча чыгымдардан алыс болуңуз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Чыгармачылык дараметиңизди көрсөтүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Рамкага салынбаган ой жүгүртүүңүз башкалардын көңүлүн буруп, сизге жаңы горизонтторду ачат. Коомчулукка таанылгысы келген суу куярлардын ою оңой ишке ашат, бул жолу харизмаңыз күчтүү иштеп, эч кимди кайдыгер калтырбайсыз. Жеке мамиледе жаңы таанышуулар, жаңы адамдар сизге эргүү берип, таасирлерге бай болосуз. Каржы маселесинде келечектүү тармакка инвестиция салыңыз.

Балык
(20.02–20.03)

Сиздин туюу сезимиңиз өзгөчө күчтүү болуп, окуяларды алдын ала билүүгө мүмкүндүк берет. Жумушуңузда чечим кабыл алууда алтынчы туюмуңузга ишенип, чыр-чатактар менен түшүнбөстүктөрдөн качууга аракет кылыңыз. Ал эми никедеги жубайлардын талашып-тартышып, тез-тез уруша берүүсү акыры мамиленин бүтүшүнө алып келиши мүмкүн. Эс алууга жана сүйүктүү хоббиңиз менен алектенүүгө убакыт табыңыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан