Асел Кадырбекова, ырчы: “Бактылуумун, буга абдан көп себептер бар”

Ырчы Асел Кадырбекова бир кездеги жумушуна кайтып, учурда “Агент Кадырбекова” телеберүүсүн алпарууда. “Акыркы 14-15 жылдан бери өз кесибим менен иштей элек болчумун, алпаруучулукту сагынып калыптырмын” дейт ал. Асел айым мурдагыдан бир топ өзгөргөнүн байкадым. 

– Салам, Асел! Мурдагы маегиңде “жаз мезгили өзгөчө жагат, анткени жашоомдогу көп жагымдуу окуялар жазында болгон” деген элең. Быйылкы жаз эмнеси менен өзгөчөлөнүүдө?

– Негизи ар бир жаз өмүрүмдө кандайдыр бир жаңы этаптын барагын ачкан жаңылыктар менен коштоло турганын байкадым. Быйылкы жаз дагы ошондой окуя менен коштолду, аны жакшылыкка жоруп жатам.

– “Агент Кадырбекова” долбоору тууралуу сүйлөшсөк. Алпаруучулукка кайра кайтканың деле жаңылык болду окшойт... 

– Былтыр август айында мага “Музыка” телеканалынын продюсери Каниет Жыргалбековдон алып баруучулукка кайтуу боюнча сунуш түшкөн. Башында аябай корктум, 10-15 жыл мурун аркалаган жумушумду колго алып кете аламбы деп. Бирок курбум менен кеңешип, сунушту кабыл алдым да, долбоорго идея издей баштадык. Курбум бир нече идеяны сунуштады, анын ичинен “Агентти” жактырдым. Идеябызды УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев агабыз дагы колдоого алды. Ушул кишилердин колдоосунун жыйынтыгында элибизге жакшы маанай тартуулаган долбоорду ишке ашыра алдык, жыйынтыгы, менимче, жаман болгон жок. Өзүм да алпаруучулукту сагынып калган экем, берилүү менен иштеп жатам.

– Тартуу учурунда көп эле кызыктуу учурлар болсо керек?

– Кызыктуу учурлар аябай көп болот. Кызсайкал Кабылова агент болгон чыгарылышта тартуучу топ бизди тамашага салган болчу. Гүланда эже калп эле жини келип, "тез- тез тартпайсыңарбы, тойго кечигип жатам" дегенде жүрөгүм түшүп калган. Көрсө, Кызсайкал экөөбүздөн башкасы баары сөйлөшүп алышкан экен.

Алмаз Шаадаев менен тарткан чыгарылыш эсимде калыптыр. Алмаздын көзүнчө тартуучу топтун биринен "Мээрим эженикине барабыз" деп оозунан чыгып кетиптир. Алмаз "Мээрим Карыпова эжекеникине келдик деп, айтып салбадыңарбы кызыгы кетип калды" деп жаткан. Биз ага "ооба, эми билмексен болуп кой" деп ого бетер анын оюн бекемдеген киши болуп койдук. Акырында ырчы эмес, косметолог Мээрим эже экенин билгенде аябай күлдү эле.

– Ырчылык багыт кантип жатат?

– Ырчылыкты да аксатпай чогуу алып кетүү ниетим бар. Негизи ыр жаздырганда чыгарма толугу менен купулума толмоюнча элге алып чыккым келбейт. Азыр жакшы бир чыгарманын үстүнөн иштеп жатам, буюрса, жакында угасыздар.

– Аялдар темасын улай... Коомдо аялдарга жасалган зордук-зомбулуктарды оор кабыл алып жатасыңбы?  

– Албетте, адамзаттын тукумун улаган, ааламдын эң назик жандарынын ар кандай кордуктарды көрүп жатышканын көрүү мен үчүн абдан оор. Өзүм аялзатымын, келечекте эне болчу кызды өстүрүп жатып кабатыр болот экенсиң. Бирок мага  азыркы жаштардын ой жүгүртүүсү, үй-бүлөгө болгон көз карашы жагат. Стереотиптер менен башы оорубайт, бири-биринин чек арасына тийишпейт, чогуу да, ошол эле учурда өз алдынча өсүүгө да бири-бирине мүмкүнчүлүк беришет. Ушундай көз караштагы адамдардын көбөйүшү менен коомдо аялдарга жасалып жаткан зордук-зомбулуктар азаят деген ойдомун.

– Психологдор өзүн тапкан, өзүн сүйгөн, өзүн кандай болсо ошондой кабыл алып шүгүр кылган адам гана чыныгы бакытты сезе алат дешет. Сен азыр бактылуусуңбу?

– Мурун, балким, турмуштук тажрыйбам жок беле, же жаш болчумунбу, койгон максатыма жете албай калсам абдан ызаланчумун. Кырсыктагандан кийин жашоого такыр башкача көз караш пайда болду. Күнүмдүк майда-чүйдө нерселерден ырахат алганды үйрөндүм. “Бейишке баруу үчүн тозоктун жолу аркылуу өтөсүң” деген сөз бар го, мына ушул сөздөр менин оюмду таамай чагылдырып турат. Жашоомо кандай сыноо келбесин Жаратканым мага анын артынан жакшы нерселерди даярдап турат деп ойлойм. Албетте, бактылуумун, бактылуу болуума абдан көп себептер бар.

– Өтмүшүндөгү жагымдуу окуяларды эстеп ностальгия болгон учурлар ар бир адамда болсо керек. Өткөн күндөргө кайтуу мүмкүнчүлүгү берилсе жашооңдогу кайсы учурга барып келмексиң?

– Кайра эле кырсык темасын көтөрүүгө туура келет (күлүп). Себеби, ошол окуядан кийин мурунку жашоомо байланышкан нерселерди эстөө үчүн 1-2 саат ойлонуш керек болуп калды. Билесизби, азыр мен өтмүшүмдү майда-чүйдөсүнө чейин айтып бере алгыдай деңгээлде эстей албайм. Азыркы учурду, бүгүнкү күнүмдү ыраазычылык менен кабыл алууну үйрөндүм.

- Кызың Дария чоңоюп, бөбөктүү болгусу келип жаткандыр, балким. Үй-бүлөңөрдө толуктоо болушу мүмкүнбү?

– Бала – жашоонун маңызы, Жараткандын белеги. Бала бизди тарбиялайт, жашоонун кооз түстөрүн көрсөтөт, эне болгуча билбеген, сезбеген эмоцияларды туя баштайсың. Менин да көп балалуу болсом деген тилегим бар. Кичинекей балдарды көрсөм эркелетким келип, элжиреп кетем. Ичимде дагы көп балага жете турган мээрим, сүйүү бар. Көптөр “кырсыктан улам төрөй албай жатасыңбы?” деп сурай беришет. Кырсыктын бул нерсеге эч кандай тиешеси жок чынында.

Кыска-нуска

– Мындан 10 жыл мурунку өзүңө жолуксаң, эмне деп кеңеш айтат элең?

– Өжөрлүгүңдөн жазба демекмин.

– Аялды эмне күчтүү кылат?

– Баласына жакшы жашоо тартуулоо максаты.

– Алсыздыгың?

– Ашыкча жумшактыгым.

– Бирөөнү абдан жек көрүп көрдүң беле?

– Жек көрүүнү маңызы жок нерсе деп эсептейм. Жашоо бир келет. Азыр жашоонун жакшы, керемет жактарын көрбөй калуудан корком.

– Эмнени жарнамалай албайсың?

– Адамдардын акылын адаштырган нерселерди жарнамалабайм. Мисалы, криптовалюта, онлайн казино, кооператив. Андайларга жеке жоопкерчиликти алуудан алыс болууну туура көрөм.

– Сен саякаттагың келген өлкө?

– Франция.

– Өзүң кийген кийимиңди сат деп суранган күйөрмандарың барбы? 

– Ооба, бирок жөн эле белекке бергем.

– Спорт менен мамилең кандай?

– Достошуу аракетиндемин.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан