(Башы өткөн сандарда)
– Эгерде унутуп калсаң эсиңе салайын. Сен менин катынымсың!
Жанат жинденип кетти. Шоола үн катпай өз бөлмөсүнө жөнөдү эле, колунан кармап калды.
– Сен каякка?
– Өзүңө келгениңде сүйлөшөлү, Жанат.
– Сүйлөшүп бүттүк го дейм. Эми аракет керек окшойт. Сөз сүйлөө, түшүнүшүү үчүн бир ай убактыбыз кетти. Сен мага бир айдан бери кандай мамиле жасадың?
– Кандай мамиле жасаптырмын?
– Чоочун кишидей!- Жанат тарс эттире столду бир чапты. Эмоциясын кармана албай алдында турган гүл салынган вазаны алып дубалга бир чапты. Айнектер быркырап кетти.
– Кудайдын куттуу күнү көзүңө карадым. Мени башкача көз караш менен карап коёбу, бар экенимди сезеби, мага турмушка чыкканын эстеп коёбу? Мени сүйүү менен болбосо да, мээрим менен карап коёбу дедим. А сен эмне кылдың? Күндөн-күнгө мага жат адамдай мамиле жасап келатасың. Мен сен үчүн баарын курмандыкка чалдым. Мен...
– Ким сурады сенден ал курмандыкты?- деди Шоола да жиндене.
– Мен сурандымбы?
– Эмне-е?
– Ажырашалы, Жанат! Болбойт экен, болбой турган нерсени...
– Жап оозуңду!
Жанат кутуруп кеткендей тиктеди. Шоола коркуп кетип, өз бөлмөсүнө кирмей болду эле, кучактап калды.
– Тийбе, Жанат, суранам сенден, мага тийбе,- деп ыйлап жиберди кыз.
– Сен меникисиң! Уктуңбу, меники...
Жапайы эркектик инстинкти ойноп кетти. Эмне кылып жатканын билген жок. Кыздын жалбарып суранганын, чырылдап ыйлаганын да укпады.
ххх
Бүткөн бою ооруп, уйпаланган Шоола полдон араң турду. Бөлмө бомба түшкөндөй чачык. Жанат чыгып кеткенин, эшик тарс жабылганын укту. Араң туруп жуунуучу бөлмөгө барды, күзгүдөн өзүн карады. Чекеси канап кетиптир. Каршылык көрсөтүп жатканда столго тийгенин билет. Көгөрүп чыккан колдорун карады. Күзгүдөн аны чоочун бир адам карап тургандай эле. Кечээ эле бүт ааламы Шоола болуп, аны бир көз караш менен иренжитип аламбы деп аяп турган киши кана? Колунан келишинче уруп, өчү бар адамдай айбандык каалоосун аткарып туруп кеткен Жанат күнөөлүүбү? Же өзүбү? Чемоданын алып апасыныкына кеткиси келди. Жок, бул абалында көрсө байкуш аялдын жүрөгү токтоп калар. Андан көрө билет алып, дароо чет өлкөгө учуп кетиши керек. Акылына башка эч нерсе келген жок. Тез жуунуп, чемоданын даярдамай болду. Бирок документтери жок эле. Кайсы жерге койгонун так билет, бирок ордунда жок болуп чыкты. Жанат алып койгонун билди. Эмне кыларын билбей отуруп калды.
ххх
Жанат машинесине отуруп башы оогон жакка айдап жөнөдү. Ээн жерге жеткенде машинесин токтотуп, сыртка чыкты. Эмне кылып койгонун эми гана акыл элегине салды. Көкүрөгү ачышып жатты. Өзүн эң жийиркеничтүү адамдай сезди. Атасы менен апасынын мамилеси көз алдына тартылды. Атасы бөлмөнү ичинен бекитип алып, моокуму канганча апасын сабаар эле. Эртеси бечера аялдын турганга абалы келбей калчу. Эптеп эки баласына тамак жасап, тойгузуп коюп кайра жатар эле. Апасына жаны ачыган Жанат дайыма ыйлачу. Анын көгөргөн колдорун, жүзүн сылап кучактагысы келчү. Ошол үчүн кичине кезинен баштап атасынан жатыркап чоңойду. Ата-энесинин ортосунда эмне сыр бар экенин такыр түшүнө алчу эмес. Ошондогу акылы менен атасын гана күнөөлүүдөй сезчү. Эмнегедир азыркы учурда атасынын тагдырын өзү кайталап жатканын сезди. Атасындагы бактысыздыкты, күчтөп болсо да өзүн сүйдүрүү, өзүн бирөөгө керектүү сезүү үчүн жан далбастоону азыр түшүнгөндөй болду.
– Жок, эч качан атамдай болбойм!
Жанат ушул сөздү кичинесинен эле көп айтчу өзүнө. Ага окшобош үчүн бардык аракеттерди кылчу. Тагдыр ошол жолду бастырып коё турганын кайдан билсин. Дилинде азыр да макул болбой жатты. Өзүн актагысы келди. Шоола мени ушул абалга жеткирди деп ойлоп жатты. Бирок кол көтөрбөсө болот эле го... Бечара кызды уруп, запкы көрсөтпөсө болмок. Аны уруп жаткан учурда моокуму канып, кимдир-бирөөдөн өч алып жаткандай болгон сезимдерин ойлоду. Өзүн баткакка батып калган кир адамдай сезди.
ххх
– Документтеримди бер!
Жанат кирип келери менен Шоола ушуну айтты. Көзүн ала качты күйөөсү. Анын көк ала болгон жүзүн, жарылган чекесин көргүсү келбеди.
– Кийин сүйлөшөлү. Азыр жуунуп уктайын, эртең жумушка барам.
– Сен кимсиң менин паспортумду алып алгандай?
– Шоола дедим! Анан жай сүйлөшөлү, азыр эмес.
– Мен сенин жаныңда бир секунд да чыдай албайм. Документтеримди бер, кетем.
Жанат көшөрө башын чайкады. Шооланын көздөрүнө тике карады.
– Сен менин аялымсың! Тирүү болсом сени эч кайда коё бербейм. Сен ушуну жакшы билип, акылыңа түйүп кой. Кайда барсаң да, эмне кылсаң да сенден ажырабайм. Менден кутулуштун бир эле жолу бар.
– Эмне жол экен ал?
– Өлүм!
Жанаттын муздак жүзү анын бул сөзү чындык экенин айгинелеп тургансыды. Шоола коркуп кетти. Жанат ваннаны көздөй басты, Шоола эки бетин басып диванга отура калды. Жашоосунун чыныгы тозогу эми башталганын сезип турду. От менен ойнобо деген сөздүн маанисин азыр түшүнгөндөй болду.
ххх
Канат апасы тапкан кызды тиктеп турду. Деги бир жакындык, тартылуу сезбеди. Ошентсе да жылмайып ага орун көрсөтө берди.
– Салам!
– Кандайсың?- деди кыз эбактан тааныш адамдай шар. Эч бир уялуу, корунуу да жок, кыймылы да эркин. Канат эрксизден жылмая берди.
– Жакшымын, өзүң?
Алия шартылдаган, ачык-айрым, эркин кыз болчу. Спорт менен эрте жашында машыгып баштаган. Үй-бүлөдө төрт эркектен кийинки кыз болгондуктан жана атасынын жанындай көргөн кызы болгондуктан кызга тиешелүү тартынчаактык такыр жок эле анда. Эркин чоңойгону көрүнүп турат. Канаттын бардык суроосуна эркин жооп берип, тээ илгерки таанышындай бейгам.
– Турмушка чыгуу өзүңдүн чечимиңби?
– Травма алып калдым, спорттон четтетилдим. Азыр гимнастикадан сабак берип жүрөм. Негизи менин турмушка чыкпай эле, элимдин намысын коргойм деген оюм бар болчу. Бирок андай болбоду. Эми, айла жок, турмушка чыгыш керек экенин түшүндүм. Көп эле адамды сунушташты. Сага кызыгып калганымдын себеби, сен дагы спортто экенсиң. Кызыкчылыгыбыз бир болот деп ойлойм.
– Мен дагы спорттон четтеп калгам, аны да билсең керек.
– Жок, кааласаң сен кайра баштайсың. А меники белгилүү, карьера болбойт эми.
Кыз өкүнө башын чайкады. Ойлору, жүргөн-турганы кызыктай көрүнгөн бул кызга Канат жылмайып карап турду. Дили ак, болгон оюн бетке айткан, эркин кыз экени көрүнүп турат.
– Менин ата-энем менен жашаганга кандай карайсың? Эгерде тагдыр буюруп үйлөнүп калсак,- деди Канат жылмайганынан жазбай. Кичинекей кыз менен сүйлөшүп жаткандай мээримдүү.
– Ата-энеге кызмат кылыш керек да. Ансыз болмок беле. Мен эркин болгонум менен, кадимки эле карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. “Ой, я не могу, тырым-пырым” деген кыздардан эмесмин. Жашоону болгонундай кабыл алам. Апаң да жакты.
– А мен жактымбы? Анткени мени менен жашайсың да.
Канат түз сурады. Кыз биринчи жолу тартына түшкөндөй болду. Жооп да бергиси келбегендей эрдин кымтып алды.
– Алия?
Кыз аны тиктеп калды. Канатка анын көздөрү эмес, Шооланын таптаза, мөлтүрөгөн, сулуу каректери элестеп кетти. Бир көз ирмем... Силкине берди. Реалдуулукта аны таптакыр чоочун көздөр карап турган...
(Уландысы кийинки санда)