Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Алтынбек Шамэлди узата карап бир топко дал болуп туруп калды.

– Шумдугуң кургур, арбак сезет деген ушул белем? Түшүнө кирип ошол нерсени айтканын карабайсыңбы,- деген ойлор келди башына.

– Эки бээ калганын Шамэл эмес, өз көзүм менен көргөн мен унутуп калбадым беле. Жеңемдин бул дүйнөдөн өткөнүнө далай жыл болсо дагы уулунан санаасы тына элек тура байкуштун. Зар какшап жүрүп көргөн баласы анын үмүтүн актабай калганычы,- деп башын чайкаган Алтынбек короодон чыкты да, үйдү көздөй жөнөдү.

– Бир аз боорсок жасай койчу, куран окуп коёлу,- деди аялына.

– Эмне болуп кетти, тынччылыкпы?- аялы жактырбагандай сурады.

– Арбак ордунан козголгону жаман жышаан болчу эле,- деди. Аялы сөздүн маанисин дагы деле жакшы түшүнгөн жок, бирок макул деп камыр жууруп, арыдан-бери боорсок бышырып жиберди. Эртең мененки чайга отурганда арбактарга атап куран окулду.

Жумуштарын бүтүрүп алып, унаасын токтотуучу жайдан чыгарып, коңшу айылда жашаган тууганы Сыдыктыкына жөнөдү Алтынбек. Жол бою ар нерсени ойлонуп өзүнчө санааркап баратты. “Айылда ылайыктуу бирөө болсо ушул Шамикеге баш коштуруп койсок. Ай, болбойт го, биздин айыл Шамэлдин эмне кылып жүргөнүн жакшы билет да. Эми бирок ушинтип солдоюп жалгыз өтөбү? Жашоодо жаңылбаган ким бар дейсиң?” деп өз ойлору менен алпурушуп отуруп Сыдыктыкына кантип жеткенин билбей дагы калды.

Сыдык мал кармап тээ айыл четиндеги сарайда жашагандыктан үйүнө ким келе жатканын алыстан эле көз салып билип коёт. Алтынбектин унаасын көргөндө эле жазбай тааныды. “Ага-тууган тынч болду бекен, буга эмне болду, айтпай-дебей келбечү эле” деп ар нерсени болгоолоп турду. Адамдын сабыры ташып турат эмеспи, бир аз чыдаса биле турган нерсени деле алдына ала билгиси келе берет го. Сыдык да дал ушул абалда турду. Бирок Алтынбек учурашып жөн-жай эле келгенин айтып, мал-жанды аралап ары-бери басып жүрдү. Ал аңгыча Сыдыктын жубайы дасторконун даярдап, экөөнү чайга чакырды. Бир чыныдан чай ичилип болгон соң Алтынбек кеп баштады.

– Шамэл келбеди беле. Силер жакка келип деле учураша алган жок. Байкуш, элге аралаша албай өзүнчө түпөйүл болуп жүрөт.

– Түз жүрбөсө ошол да,- Сыдык жактырбагандай күңк этти.

– Аны деле баштан-аяк сурадым, байкуш алданып калыптыр. Кеп башка. Бүгүн эртең менен эрте Шамэл келиптир, түндө байкем-жеңем түшүнө кириптир. “Үйлөн дешти” дейт. Анан жеңем “Сыдык агаңда эки жылкы бар, үйлөнсөң ошону алып керегиңе жарат” дептир.

– Мен аларга эки жылкыдан деле көп бергем убагында. Менин бергеним эсептелбей эле, алардыкы эсепке алына береби?

– Кой, Сыдыке, азыр эсептеше турган учур эмес.

– Анан качан эсептешебиз,- бурк этти Сыдык.

– Мен деле аны унутуп калган экем, арбактын козголгону жаман болот эмеспи, ошону эске алып сага келип эскертип отурам. Болбосо ушуга чейин сага ошол жылкылар жөнүндө ооз ачтым беле. Жеңем “дайыма мал артынан жүрөт, ыкташтырып карап берер” деп сага табыштабады беле? Көзү өткөндөн кийин унуткарганың болбос. Аманатка кыянат кылган болбойсуңбу. Андан берки төлү болсо өзүң ал да, сага калган эки башты бер. Колуңда такыр жок болсо бир жөн. Үстүңдө үйүң, алдыңда малың бар. Андан көрө Шамикеге колдоо көрсөтөлү. Ушуну менен түз жолго салып, эл катарына кошуп алсак, бир жакшылык кылган болобуз. Анын өзүнө эле эмес, бүтүндөй коомго пайдабызды тийгизбейбизби. Тескери жолдо жүргөн адамдардын саны бирге азайса дагы коомубузга жакшы эмеспи,- деген Алтынбек жүз аарчысын алып чыгып чекесиндеги терин аарчып койду.

– Туура деңизчи,- деп Сыдык жоошуй түштү: – Ала турган катыны бар бекен анын?

– Кайдан болсун? Жалпылап караштыралы, жеңеңе дагы дайындагам.

– Ага тие турган бирөө-жарым чыгабы?

– Чыгар, Сыдыке. Шамэл аябай жакшы адам болуптур, удуң-шудуң болсо келгенден бери байкалат эле. Шамэлди ушунча токтолот деп ойлобоптурмун. Жакшы бир жар боло турган аялзаты чыкса багып кете алчудай. Көзүм жетип эле турат. Экөөнүн сөзү узакка созулганы менен, акыры оңуна чечилди.

Баарылап Шамэлди колдоп, ага жубай боло турган ылайыктуу кыз караштырмай болушту. Кайсы күнү десе ошол күнү жылкыларын бермей болду Сыдык.

 

xxx

Айзада бир топко ыйлап отурду. Анан өзүнүн жеңилдеп калганын сезди. Бирок эмнегедир үйдө отургусу келген жок. Бизнести жөнгө салабыз деп ушул күнгө чейин кылган аракеттери ушул мүнөттө ага эч бир мааниге ээ болбой турду. “Ушул ишти эмнеге баштадым, керек беле?” өзүнө жини келди. Бир кезде жол баштыгына кийимдерин салыштыра баштады. Ысык-Көлгө кетүүгө камынды. Бул анын дайымкы адаты. Көңүлү түшсө, эс алып оюн топтогусу келсе, бир нерсеге тынчсызданып турса Ысык-Көлдү көздөй жөнөп кетет. Негизи Айзадада мындай учурда деңиз жээгине деле учуп барып калууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал эмнегедир Ысык-Көлгө барганды жактырат. Күүгүм талаш унаасын токтотуучу жайдан чыгарып, жалгыздап Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Жолдо бара жатып телефонун алып “мен Ысык-Көлгө кеттим, иштерди өзүң бүтүрө бер” деп Аманга билдирүү жөнөтүп койду. 

– Кызык, күтүлбөгөн жерден эле Ысык-Көлгө кетип калган эмнеси?- Аман өзүнчө сүйлөнүп койду. Билдирүүнү окугандан көп өтпөй Аман Айзаданын үйүнө келди. Илгери аны таштап кеткен кыздын социалдык желедеги баракчасын акмалай бермей адаты бар. Азыр дагы телефонун алып анын баракчасына баш бакты. Мурун Жакыпов менен жүргөнүн жарыялачу эмес. 3 саат мурун анын моюнуна асылып турган сүрөтүн киргизип, “сиз бар үчүн мен чексиз бактылуумун, мен жубай болууга макулмун” деп билдирүү калтырып, кызыл жүрөкчөлөрдөн катары менен 3 быйтыкча коюптур.

– Жаш жигитти сүйүп калгансып, жаш жигитке турмушка чыгып жаткансып элге жар салып жатканын кара. Талпак кылып туруп бир күнү таштап кетеринен кабарың жок да,- деп ага жини келди. Жүзү кызарып ачуусу бетине чыга түштү Амандын. Азыр ал оюнда Жакыповдон өч алгысы келип кетти. Эмне кылсам ага кол жетет деп ойлонуп калды. Оюна Айзададан кеңеш суроо деген нерсе кылт этти. “Чын эле ошончо жыл жанында жүрүптүр, бир талуу жерин билер” деп койду ичинен. Ага чалайын деп номурун терип баратты да, “маанайы жок немеге Жакыпов деп чалсам ого бетер жини келет го, келгенде деле сүйлөшөрмүн” деп кайра оюнан кайтты. Карабайын, көңүл бурбайын, эмне болсо ошол болсун деп коёт, кайра эле карап, анын тарыхчаларын көрүп турганга ашыгат. Азыр ал кыз “жаңылдым, жаздым, сени эле сүйөм, сенсиз жашай албайм” деп алдына келсе баарын унутуп, аны менен мамилесин улантып кетүүгө даяр тургандай эле жүрөктөгү каалоосун жеңе албай кетет. Бир туруп “койчу, биздин сүйүүбүздү акчага сатып кетти, жанагы ойсоңдогон курбулары менен жүрүп ушул чалга кезикти да. Бир-эки ирет акча берип койсо баарын унутуп эле ээрчип кете бербедиби” деп жини келип жатты. Муздаткычты ачып коньяктан бир рюмка тартып жиберип отуруп калды.

Бул учурда Айзада бирде көз жашын мөлтүрөтүп ыйлап, бирде өзүн мазактай каткыра күлүп унаасын катуу ылдамдыкта айдап Боомдо бара жатты. Көп өтпөй Чок-Тал айылына жетип барды. Дайыма барып жүргөн конок үйүнө барып жайгашты...  

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан