Жолдошбек Жанжигит уулу, актёр: «Жубайым тыйып турбаса элирип кетем»

Бул инсандын өзүн көрбөй туруп, үнүн угуп эле таанысаңыз болот. Ал – чет тилдерден кыргызчага которулган кино, мультфильмдерде үн коштогон, театр жана кинодо роль жаратып жүргөн актёр Жолдошбек Жанжигит уулу. Кыргызчага которулган “Даңазалуу доор” сериалындагы Сулайман султандын үнүн да Жолдошбек мырза коштогон. 

– Кандайсыз, Жолдошбек ага? Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Акыркы жылдары жетекчилик кызматтардан гана көрүп калдык сизди...

– Рахмат! Бул менин алдыга койгон максаттарымдан окшойт. Москвадан Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайды бүтүрүп келгенден кийин “Учур” театрын ачканбыз. Ал жакта 17 жыл иштесем, анын 16 жылында көркөм жетекчи болдум. Ошондон кийин “өмүрүм театр менен эле өтүп кетпесин” деп кайра окууга тапшырып, Москвадан президенттик башкаруу академиясында окуп келгем. Андан кийин Жаш көрүүчүлөр театрында 2 жыл директор болуп иштедим. Анан ошол кездеги маданият министринин суранычы менен Нарын театрынын жетекчиси болуп дайындалдым. Нарынга барганым пандемияга туш келип калды, карантинге карабай театрдын жамааты менен бирге Таш-Рабатка барып кыска метраждуу “Тайлак баатыр” фильмин тарттык. Кийин Бишкек мэриясынын алдындагы маданият башкармалыгында адис, бөлүм башчы, жетекчинин орун басары болдум. Быйыл Бишкек шаардык драма театрына жетекчилик кызматты сунушташты, өзүм иштеп жүргөн жумуш да, кабыл алдым. Жаңы дем, жакшы пландар менен иш баштап отурабыз.

– Аталган театрдын азыркы абалы кандай экен?

– Албетте, театрдын абалы башка театрларга салыштырмалуу алда канча жогору. Анткени 30 жылдык тарыхы, кичинекей болсо да имараты, сахнасы бар. Көп театрлар дагы деле имараты жок жүрбөйбү. Бирок Бишкектеги жападан жалгыз профессионал, Кыргызстандагы жападан жалгыз камералык театр болгондон кийин шарты мындан жакшы болуш керек. Моюнга алыш керек, имараты эски болгондон кийин жыртык-тешик жерлери көп, катуу жаан жааганда суу кирет. Буюрса, кышка чейин аларды бүтөп алабыз. Жаңы жылга чейин былтыркы эбак бекип калган планды аягына чыгарып, кийинки жылдын планына техникалык, материалдык, социалдык шарттарды киргизип, баарын жакшырталы деп турабыз.

– Өзүңүзгө жаккан жана алгачкы ролуңуз тууралуу сөз кылалы...

– Эң алгач студент кезде “Ромео менен Жульеттада” Меркуциону ойногом. Театрга келгенде профессионалдык жактан ачылгандагы ролум – “Ак Мөөрдөгү” Болот. Андан кийин классикаларды ойнодук. Театрдан кетеримде “Кыяматтагы” Базарбайды ойнодум, өзүмө жакканы ушул. Багым бар экен, бардык спектаклдерде башкы каарманды ойнодум. Кинодо режиссёр берген ролдорду ойноп жүрдүк, бирок көзүм тойгон ролум жок. Баары тең эле ортозаар.

– Актёр болгонго чейинки жолуңуз кандай болду?

– 1996-97-жылдары мектепти бүттүк, ошол маалда Кыргызстан Союздун курамынан бөлүнүп, кыйын акыбалда эле. Багым бар экен, “21-кылымдын кадрлары” деген долбоорго туш келип, Москвадан окуп калдым. Ортодо театр менен катар телевидениеде, радиодо иштедим, ушунун баары актёрлук кесипти өөрчүтөт. Анан Орозбек Мусакеев байкенин аракети менен кинолорду кыргызчага которуу башталды. Биз да барып үйрөндүк. Ага чейин Турсун Уралиевдин чоң мектебинен өттүк. Анан чоң-чоң романдарды аудиокитеп кылып окуй баштадык. Которулган кино, мультфильмдерде үн коштодук.

– Сулайман султандын, Чыңгыз хандын үнүн коштогонсуз, бул ролдорго кантип тандалып калдыңыз?

– Атайын комиссия түзүлөт, ролдорго бир топ артисттерди тандашат да, чакырып, текстти окутуп көрүшөт. Анан тиги жактан комиссия үндүн өзүн угуп тандашат. Орозбек Мусакеев “ай, Жоки, Чыңгыз ханды проба кылып көрчү” деди. Окудум, бир аптадан кийин “комиссия сени тандады” деди. “Даңазалуу доордо” ыраматылык Мукамбет Токтобаевди, Дүйшөн Байдөбөтовду, Марат Козукеевди тандашкан. Үчөөнүкү тең керемет үндөр. Бир күнү кайра мени “окуп кетчи” деп чакырышты, анан “Жоки, болбой эле комиссия кайра сени тандады” дешти. Анын мынчалык чоң роль экенин билбептирмин. Көрсө, бул 200-300 серия турбайбы. 2 жыл жүрдүм го ушуну менен, айланайын. Жыйынтыгы жакшы болду, ушул долбоорго катышкан бир топ артисттер такшалды, багы ачылды. Үнү менен таанылышты. “Даңазалуу доор” сериалы элибизге жакшы сиңди. Аны азыркыга чейин сурап, кайра кайталап көргүсү келгендер бар. Интернетти карасаң эч нерсе жок. Бүт баарын эле “Алтын казына” деп тыга беришет, же ал жактан кайра чыгарышпайт.

– Үнүңүздү кантип тарбияладыңыз?

– Ким билет, Кудай берген үн ушул болуш керек. 2 балам бар, кээде балдарымдын сүйлөгөнүн угуп өзүмдүн үнүмө окшоштурам. Бизде сахна тили деген сабак бар эле, ал жактан оозду, тилди чоюп көнүгүүлөрдү жасатчу, ошонун да таасири болсо керек. Негизгиси, бул үн табияттан, ичип да көрдүм, чегип да көрдүм, бул үн жоголгон жок. Башында радиого иштеп баштаганда үнүм өзүмө жакчу эмес. Азыр деле кээ бир тартуу иштерине барганымда “эй, байке, Сулайман болбой сүйлөңүзчү” дешет. Болгон үнүм ушул. Айрымдар жасап сүйлөп жатат деп ойлошот.

– Бала кезиңизде кандай элеңиз?

– Апам "тентек болчусуң" деп калат. Тентек деле эмес болсом керек, башка балдардай болуп аябай мушташкан деле жокмун. Байкем эле “башкалар жөн эле ойнойт, жаның үзүлүп түшкөнсүп сенин эле үнүң чыгат” деп уруша берчү. Бала кезимден эле абдан эмоционалдуу окшойм.

– Үйдө кандай атасыз?

– Негизи боорукер атамын. Дегеле бир балдарымды чаап, уруп урушуп көргөн эмесмин. Кээде экинчи балам мени тыйып калса “балам менен деле теңтуш болуп бүткөн окшойм” деп калам (күлүп). Негизи кызыма жакынмын. Балдарыма үлгү болгум келет, көңүлүмдөгүдөй ата эмесмин. Анткени мен жетим өстүм, тайларымдын колунда чоңойдум, өзүмдүн атамды көрбөй калдым. Атам 3 айымда каза болуп калган. Чыныгы ата-баланын сырдашуусу, ата-баланын мамилеси кандай, мен билбейм. Ушул жагынан балдарымдын алдында кээде өзүмдү күнөөлүү сезем.

– Жубайыңыз дагы актриса. Жан шеригиңиз тууралуу эки ооз кеп кылбасак болбос...

– Келинчегим Анара Ажыканова экөөбүз чогуу окуганбыз. Маданияттын мыкты кызматкери, Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси. Өзү менден күчтүү актриса, бирок эне болгондон кийин көп учурда мага жол берет. Кийимимди тазартып, “Жоки, сен эми директорсуң, өйдө-төмөн сүйлөбө” деп дайыма мени көзөмөлдөп турат. Антпесе менин чын эле элирип кетмейим бар (күлүп). Балдар, үй тиричилигинин баары анын моюнунда. Байкуш, ошонун баарына кантип жетишет, билбейм. Ушундай аялга туш кылган Кудайга рахмат. Болбосо эчак оюн салып, же бар, же жок болмокмун. Досторумдун, теңтуштарымдын баары билишет “шустрый”, азоо, эрке экенимди (күлүп).

Гулийпа Маметосмон кызы       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан