Азат Раимбердиев, ырчы: «Орусиянын сынактарынан көңүлүм калып бараткан эле...»

Эл аралык сынактарга катышкан чыгармачыл адамдар аз. Алардын бири, чыгармачылыгын эл аралык деңгээлде өркүндөтүү үчүн аракет кылып жүргөн, Орусиянын "Ну-ка, все вместе!" сынагында 2-орунга жетишкен ырчы Азат Раимбердиев менен маектештик. 

– Азат мырза, куш келипсиз! Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Чыгармачылыкта жаңылыктар көп, жакында эле Москвага барып келдик. “Ну-ка, все вместе!” сынагынын атайын чыгарылышында 100 адамдан турган калыстар тобунун катарында отурабыз. Бек Исраилов да ошол жүздүктүн ичинде. Бул чоң масштабдуу вокалдык долбоорго катышкандан кийин Казакстандан, Орусиядан көп катталуучулар жылуу сөздөрүн айтып жатышат. Андыктан жаңы аудиторияга ылайыктап жаңы ырларды жазып жатабыз. Буга чейин биздин белгилүү рэпер Улукманапо менен чогуу “Моя принцесса” деген ырыбызды жаңыртып сунуштадык эле, жакшы кабыл алышты, миллиондоп көрүлдү. Атүгүл “Түндүк Осетияда жарнамалар ушул ыр менен тартылууда” деп видеолорду жөнөтүп жатышат.

– Жакшы. Сынакка катышып жаткан учуруңузду, андагы эмоцияларыңызды азыр эстеп көрбөйлүбү...

– Ал эмоциялар эстен кеткис. Ага чейин Орусиянын “Голос” сынагына катышайын деп Москвага барганымда албай коюшкан. Шоунун форматын түшүнгөн жокмун, абдан күчтүү вокалисттердин өтпөй калганы мага сыр бойдон калды. Ошондон кийин Орусиянын сынактары мен үчүн эмес окшойт деп калгам. Анан белгилүү ырчы Жылдыз Осмоналиева эжебиз чалып, “ушундай жакшы долбоор бар, Кыргызстанды жакшы жагынан көрсөтө аласың, сага ишенем” деди. “Барбай эле коёюн, буга чейин менин тажрыйбамда ушундай окуя болду, көңүлүм калды” десем, “алар сага чалышат, бир байкап көр” деди. Ошентип Москвадан чалышты, жылуу мамиле кылышты. Андан кийин деле барар-барбашымды так чече албай көңүлүм жок жүргөм. Бектурхан деген досум көндүрүп, мага айтпай учакка билет алып коюптур, ошентип барып калдым. Эми бул чоң сынак экен, 1000 катышуучунун ичинен эфирге 200дөй адам чыгат экен.

Биринчи этапта мурдатан ырдап жүргөн Уитни Хьюстондун ырын ырдадым. Негизи биринчи этапта эле кайтабыз го дегем, жок, максималдык 100 упай алдым. Андан кийин эйфория башталды, маанай жакшы, баары менен тааныштым, жакшы сөздөргө марып эле калдым. Бул долбоор башынан аягына чейин 2 жарым жуманын ичинде тартылат экен. Андан ары кайсыны ырдаарымды деле даярданган эмесмин, тез чечим кабыл алыш керек болду. Финалга келгенде ыр таппай калдым, мен айткан ырлар музыкалык продюсерлерге жакпай, алар 2 ыр сунушташты. Финалга 2 эле күн калган, ыр даяр эмес. Элестетип көрүңүз, кандай чыңалууга туш болосуң. Сахнага чыгарда ырдын текстин унутуп калсам болобу?! Анан чыгып баратып биринчи сабын эстеп, аны ырдап жатып кийинки сабын эстеп ырдадым. Кайырмасына жеткенде анан бийик ноталар менен бастым. Чыңалуудан көзүм чымырап аягында эч нерсе көрбөй калды. Анан отурбасам кулайм деп тизелеп бүтүрдүм. Ошентип калыстар тобундагы лидер Сергей Лазаревдин “Последний день Помпеи” ырын ырдадым. Бул мен үчүн чоң тобокелдик болчу, мындан да 100 упай алдым. Негизи “Ну-ка, все вместенин” тарыхында максималдуу 3 жолу 100 упай алгандар аз экен. Кыргызстандан биринчи болуп мен алдым. Лазарев ошондо “расмий билдирем, менин ырымды менден сонун ырдап салдың” деди.

Финалды өзүңөр көрдүңөр, жеңишти Тажикстанга берип коюшту. Тажикстандын катышуучусу мага атаандаш болот деп күткөн эмесмин, билинбеген жерден эле пайда болуп калды. Мен Ольга Варвус деген күчтүү вокалист кыздан атаандаштык күткөм. Бул эми шоу, шоунун форматында аягы башкача болуп кетиши мүмкүн. Буга кейиген жокмун. Сынактан кийин “Крокус сити холлдо” чоң концерт бердик. Өмүрүмдө мени чоң сахнада Николай Басков менен Сергей Лазарев “азыр Азат Раимбердиев ырдайт” деп чакырат деп ойлогон эмесмин да. Кыялданыш керек экен.

– Сергей Лазаревдин ырын ырдаганыңызды комментарийлерде “жөн эле кыйкырып койду” деп сындагандар болду...

– Ооба, андайлар да бар. Туура эле кабыл алам. Алар эми вокалист эмес да. Кыйкыруу деген эмне, ырдоо деген эмне экенин түшүнбөй эле жаза беришет. Эми баарына жагыш кыйын, бирок байкашымча, отурган аудиториянын көбү мени колдошкон болчу. Аэропортто турганда деле орустар келип “биз сизди колдодук, биз үчүн сиз жеңүүчүсүз”  деп жатышты.

– Ырдын аягында микрофонду ары-бери өзгөчө кыймылдатып ырдоо ошол учурда оюңузга келдиби же пландалган беле?

– Ошол жерден оюма келип кеткен, бул адреналин да. Ал кезде Филипп Киркоров да залда отурган, ошондон кийин ал да ошентип ырдаптыр (күлүп).

– Орусиялык ырчы Жонни менен сиздин ырыңыздын окшош саптары, музыкасы бар экен...

– 2021-жылы Жоннинин “Ты пари” деген ыры чыгат. Андан бир жыл мурун досум экөөбүз “Не пали” деген ырды жазганбыз. Анын тоналдуулугу, негизги мелодиясы да бирдей экен, аталышы дагы окшошуп кетет. Негизи аудиторияга ырдын кайырмасынын башкы сабы эле тарайт да, ошол хит болот, эсте калат. Так ошону көчүрүп алыптыр. Аны мага орусиялык блогерлер, досторум жиберишти. Балким, Жонни өзү деле билбесе керек. Анткени аны сонграйтер жазат. Алар Ютубду карап идея, эргүү алышат окшойт.

– Ошондо, плагиатпы?

– Эми... Мен деле эртең “Как ты красиво сегодня” деген сапты алып, башка жерин өзгөртүп ырдасам “бул Меладзенин ыры” дешет да, туурабы? Ошондуктан муну плагиат дейт элем. Бирок биз сотко берген жокпуз, тескерисинче, популярдуу артисттер бизден идея алып ырдап жатканы жакты. Жеңил эле кабыл алдык.

– Кыргызстандын ичинде канчалык аудиториям бар деп ойлойсуз?

– Статистиканы көп деле карабайм, бирок негизги аудиториям Кыргызстанда эле. Көпчүлүк угармандарым шаар тургундары болуш керек. Акыркы убакта Орусиядан көп катталуучулар кошулду. Жакында Казанга барып ырдап келдик. Буга чейин Сахалинге чакырышкан эле.

– Орусиядагы аудитория менен биздин аудиториянын айырмасы бар бекен?

– Ооба, биздикилер хайп жаратуу менен көбүрөөк алек болушат. Орусиядагылар көбүрөөк берилип угушат экен, укканда да кирип лайк басып, комментарий жазып, социалдык тармакта активдүүрөөк, ал жакта фан база деген нерсе бар экен. Биздикилер ырың чыкпай калса унутуп калышат го (күлүп).

– Шаарда чоңойгонсузбу?

– Ооба, Кара-Балта шаарында төрөлгөм. 6 жашыма чейин айылда өстүм, андан кийин Бишкекке келгем. Түбүм Таластан.

– Кичинекей Азат кандай бала эле?

– Бала кезде “эрте жетилген, вундеркинд” деп калышчу. Ата-энем конокко ээрчитип барганда конокторго ырдап, күлдүрүп ар кандай окуяларды айтып берчүмүн. Барбай калсам “Азатты ала келбейт белеңер” дешчү. Ошол кезде эле кичинекей аудиториям бар эле. Атам мени музыкант кылууну аябай каалады, өзү Искусство институтун бүткөн. Бир күнү фортепиано сатып келди. Анан музыкалык мектепке алып барды. Башында фортепианодо классикалык жанрды ойноп жүрүп, кийин эстрадалык багытка өтүп кеттим. “Принцесса” деген ырым 2006-жылы 21 жашымда жазылган. Жарым сааттын ичинде жазгам. Ал кезде эргүү да бат келет эле. “Дельмардагы” жазылган ырлардын баары өзүмө таандык.

– Кыздарыңыз бар, ээ? Кандай атасыз?

– Ооба. Эки кызым бар. Аябай жумшак, баласаакмын, аларды көргөндө эзилип кетем. Кыздарымды аябай жакшы көрөм.

 Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан