Анафилактикалык шок дары, тамак-аш, курт-кумурсканын чагуусунан жаралат

Бүт органдарды жабыркатат

Анафилактикалык шок грек сөзү, бизче “каршы”, “коргонуу” дегенди билдирет. Денеге биринчи ирет кирген кайсы бир аллергенге организмдин сезимталдыгы кескин жогорулаган болсо, 2-ирет ал аллерген киргенде иммунитет күчтүү реакция кылат. Аллерген организмге киргенде гистаминдин өтө көп бөлүнүп чыгып, канга кошулушун жаратат да, анафилактикалык шок күтүлөт. Буга кабылгандардын 20 пайыздайы мерт болуп калат. Анафилактикалык шокто былжыр чел, тамаш-ашты аш кылуучу, дем алуучу жана жүрөк-кан тамыр системи, башкача айтканда, бүт органдар жабыркайт. Эгер бейтапка кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүлбөсө каза болуп калуу коркунучу чыгат. Андыктан жабыркаган адамга биринчи жардам көрсөтүүнү, оорунун белгилерин билип алуу кажет.

Мурда дүйнөдө 1 жылда болжол менен ар бир 100 миң адамдын бешөөсү кабылса, 1990-жылдан бери 50-60ы жана андан көбү аталган дартка кабылат. Мунун себеби тамак-аш аллергиясынын өсүп бараткандыгы менен түшүндүрүлөт. Анафилактикалык шоктун жаралуу ылдамдыгы аллерген организмге киргенден кийин бир нече секунддан тартып 5 саатка чейин. Дарттын жаралышына аллергендин дозасы, кантип киргендиги роль ойнобойт. Бирок чоң доза шоктун узакка созулуп, кабылдап кетишин шарттайт. Дарыларга болгон шок татаалдашса мерт болуу коркунучу күтүлөт.

Дарт жеңил, орточо, оор стадия деп бөлүнөт.

Башкы себепкерлери – жер жаңгак, пенициллин, цитрус жемиштери

Анафиликтикалык шоктун себепкерлери төмөнкүлөр:

Дарылар. Мурун анафилактикалык шоктун себепкери организмге уунун кирип кетиши, мисалы, жыландын уусу болсо, акыркы жылдары айрым дарылар болууда. Мисалы, пенициллин жана анын аналогдору, стрептомицин, лидокаин, диклофенак, амидоприн, анальгин, новокаин, рентген тартууда колдонулуучу курамында йод бар заттар, кандын плазмасы, витамин B1 жана башкалар. 

Уулар. Чагуучу, тиштөөчү курт-кумурскалар (мисалы, кененин түрлөрү, анын ичинде чаң кенеси, жапайы жана бал аары, каракурт), көк датты (көк басуу) жаратуучу козу карын сымалдар да анафилактикалык шоктун себепкери болуп калышы мүмкүн.

Тамак-аштар. Анафилактикалык шокту жаратуучулар болуп көбүнчө жер жаңгак, буудай, жаңгак түрлөрү, деңиз азыктары (мисалы, моллюскалар), сүт, жумуртка, балык, цитрус жемиштери, күнжүттүн уругу, кой буурчак (нут), тамак-аштардын курамындагы даам жана жыт берүүчү кошулмалар (Е менен белгиленет, мисалы, Е 121, 123) эсептелет. Европада жана Америкада жер жаңгак, буудай, жаңгак түрлөрү, деңиз азыктары, сүт, жумурткадан,  Жакынкы Чыгышта күнжүттүн уругунан, Азияда кой буурчактан аталган дартка кабылгандар көбүрөөк учурайт.

  Оор учурлар аллергия жаратуучу азыкты жегенден катталат, бирок аллерген менен контакт болгондо да аллергиялык шок жаралышы толук ыктымал. Балдарда аллергия кийинчерээк калып калышы мүмкүн. Сүттөн жана жумурткадан аллергиясы бар балдардын 80 пайызы 16 жаштан кийин аларды коркпой жеп, иче алышат. Жер жаңгак жана анын майынан аллергиясы барлардын 20 пайыздайынын гана аллергиясы калат.

Бронхиалдык астма, экзема, аллергиялык ринит менен жабыркагандарда тамак-аш, латекс, рентген тартууда керектелүүчү контрасттык заттар чакыруучу анафилактикалык шокко кабылуу коркунучу бар.

Дарттын белгиси –  демигүү, бозоруу

Дарттын белгилери бир топ:

 Теринин өңүнүн өзгөрүшү, тери кызарат же бозорот

 Кычышуу, ысып кетүү сезилет

 Колдо, бутта, ооздун тегерегинде же башта чымыроонун сезилиши

Демигүү. Бронхтор кысылып абанын өтүшү кыйындайт, адам кыйылдап дем алат. Башка кандын калыптагыдай барбай калышы күтүлүп гипоксия (кычкылтек тартыштыгы) башталат. Манжаларынын учтары көгөрөт.

 Ич ооруйт, көңүл айланат, кусат, ичи өтүшү мүмкүн

  Эрин менен тил шишийт

 Адам денесин башкара албай калат

 Баш айлануу, эстен тануу

Кескин шалдырап, алсыроо, тердөө

 Калтырап-титиреши, заара ушатып коюусу да мүмкүн

 Анафилактикалык шок курт-кумурсканын чагуусунан же  дары уколдон болсо сайылган  жер кызарат, шишийт, тери да кычышып, кычышуу бүт денеге таркайт. Артериалдык кан басым кескин түшүп кетет. Ич катуу ооруп чыгат

 Жамбашка сайылган дары уколдон шоктун жаралуусунун белгиси кабыргалар арасы тырышып, кабыргалар капшырылып чыгат

Биринчи жардам көрсөтүү

• Адамды, чоң же кичине бала болобу, түз жерге түз жаткырып, башына кан көбүрөөк барышы үчүн бутунун алдына жаздыкты, кийимди бүктөп же башка нерсени коюу керек.

• Тез жардамды чакыруу

• Эгер адам аллергик же асматик болсо, анда врачтар алдын ала берген кеңештери боюнча дары кутучасында адреналин ампуласы, антигистаминдик дарынын болуусу шарт. Анафилактикалык шокко кабылганда врачтын үйрөтүүсү боюнча  тезинен уколду сайып, антигистаминдик дарыны ичирүү зарыл.

• Мурун анафилактикалык шокко кабылган адам жанына дайыма дары автоинъекторду, антигистаминдик дарыны сала жүрүүсү шарт. Бир нерсе болсо чоң адам уколду өзүнө сайып, же бирөөгө суранып сайдырып, дарыны ичүүсү зарыл.

Дарыны өз алдынча кабыл алуудан алыс бол!

Дарыны врачтын сунуштамасы жок өз алдынча кабыл алуу анафилактикалык шокко кабылтышы мүмкүн экендигин дагы бир ирет эскертебиз.
• 2023-жылдын январь айында эле Кыргызстанда 9 бейтап цефтриаксон антибиотик дарысынан анафилактикалык шокко кабылып, бирөөсү көз жумган. Аталган дары Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусиядан чыгарылат. 5 бейтап врачтарга көрүнбөй, үй шартында медайымды чакырып укол сайдырышкан. 

• 2023-жылы 18-декабрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунда тиш тазалатуудан 3 жашар кыз наркоздон каза болду. Мунун себебин медициналык экспертиза кетонал жана анальгинден болгондугун, алардын айынан кыз анафилактикалык шокко кабылып көз жумганын  билдирген.

Эң керектүүлөрү – адреналин, гормоналдык дарылар

Анафилактикалык шок курт-кумурска чаккандан же дары укол сайылгандан пайда болсо, анда ошол чаккан же сайылган жерден өйдөрөөк жгут байланып, керектүү өлчөмдө адреналин (0,1 пайыздуу) жамбашка сайылат. Кекиртектин кысылганы билинсе анда венага атайын дары берилет. Абанын кескин жетишпестигинде жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылат. Бейтаптын артериалдык кан басымы, жүрөгүнүн кагышы текшерилип турулат. Адреналинден кийин глюкокортикоиддер (гормоналдык дарылар, мисалы, дексаметазон, преднизолон)  сезгенүүнү, аллергияны, шокту кетирүү үчүн колдонулат. Антигистаминдик дары да сайылат жана башка. Дарылоо негизинен анафилактикалык шоктун жеңил, орточо же оор стадиясына карата жүргүзүлөт. 

 Алдын алуу

• Буга чейин жеп көрбөгөн азык, цитрус, тропик жемиштеринен абайлоо

• Асматик, аллергиктер гипоаллергендүү диеатаны сактоолору зарыл

• Жаратылышка чыкканда курт-кумурскалардын чагуусуна каршы репелленттерди колдонуу

• Тишти дарылатуу, суурутууда колдонулуучу дары каражаттарды пробадан кийин гана колдонуу. Муну ата-энелер, чоңдор өздөрү деле врачтан талап кылышы кажет.

• Үйдө дары кутучасында шприц жана адреналин ампуласынын болуусу талапка ылайык.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан