Равшан Жээнбеков, ЖКнын депутаты: «ЭЛ МУРДАГЫДАЙ БЕШ ЖЫЛ КҮТПӨЙТ. Келет да, айдап таштайт, баарыбызды»

Маанилүү маек

“Эки ирет төңкөрүш жасап, өлкө башчыларын кубалап жибердик” деп төш каккан карапайым адамдарды кезиктирип калам. Эгер ошол сыртынан мактанып, ичинде жардылыктан каржалып турган ал адамдын курсагы ток болсо, эч качан ач айкырык салып митингге чыкмак эмес.
Канткенде элдин курсагы тоюп, Кыргызстанга жай турмуш орнойт? Канткенде Кыргызстан азыркы оор абалдан чыгат? ЖоКенин депутаты, “ата мекенчи” Равшан Жээнбеков менен маегибиз ушул темада болду.

– Равшан байке, кепти айлык акылар тууралуу баштасак. Биз иликтөө жүргүзгөндө тажрыйба-даражасы жок жаш мугалим 1000 сомдун тегерегинде айлык аларын тактаганбыз. Сиз ажонун 120 000 сомдун тегерегинде айлык алары тууралуу айтып жатасыз. Эмгек акыларда мынчалык ажырым болгону туурабы?
– Калктын жалпы жашоо абалы жакшы өлкө болсок да макул эле. Бүгүнкү бюджетибиздин мындай абалында президент жана анын аппаратына бөлүнүүчү чыгашанын өсүп кеткени такыр туура эмес. Мен атайын бюджеттин долбоорун алдырып, карап чыктым. Мына, өзүңүз да көрсөңүз болот. Былтыр президентке 606 миллион 305 миң сом бөлүнгөн болсо, быйыл 829 миллион 512 миң сом каралды. А бюджеттин таңсыктыгы расмий түрдө 21 миллиард сом. Тыштан карызга келе турган акчалар 10 миллиарддын тегерегинде. Алар сөзсүз түрдө келет деген кепилдик жок. Демек, жалпы таңсыктык 30 миллиард сомду түзөт. Мына ошентип, бюджеттин жарымына жакынын дефицит менен кабыл алып жатканыбызда бир дагы мамлекеттик жетекчи “мен мобу, мобудан баш тартам. Ал бизге керек. Бирок өлкө ушундай оор абалда турганда биздин министрликтин же аппараттын бюджетин 20-30 пайызга кыскарталы. Мунсуз же тигинсиз иштей турабыз” деп ооз ачышкан жок. Бири дагы! Анткени баарынын бюджети жылдагыдан көбөйдү.
Эмне үчүн биз, “Ата Мекен” фракциясы “кыскартчусун кыскарталы” деп чыйпылыктап жатабыз. Айрымдар бизди “популист болуп баратышат” деп айыпташууда. Жок, бул популизм эмес. Бул күндүн талабы. Эгер азыр чара көрбөсөк, апрелдин аягы, май айында бюджетибиздин таш-талканы чыгат. Ошого карабай бир дагы мамлекеттик жетекчи радикалдуу чечим кабыл ала алган жок. Мына, былтыр Грузияда кыйынчылык болуп, Тбилисинин мэри кызматтык эки машинасын сатты. Бул эмне, популизмби? Эгер жетекчилер өздөрү үлгү болбосо, абалдын оор экенинен ушинтип белги бербесе, эл ойлойт да, “аа, булар жыргап эле жүрүшөт” деп.
Чынында, эң алгачкы үлгүнү өлкө башчы көрсөтүшү керек. “Мен мобу, мобу чыгашадан баш тартам. Мени бүгүнкү күндөн тартып 5 гана адам кайтарат” десе болбойбу? Бакиев кезинде эң көп бюджет мамлекеттик күзөт кызматында болчу. Эми деле ошол. Атүгүл мына, карап көрүңүз, күзөт кызматынын бюджети канча экени да расмий кагаздарга жазылбайт, жашыруун. Бул дагы 100 миллиондогон сом. Андан кем болбойт.
А алар, болгону, үч адамды кайтарышат. Президентти шагыраган автоматчан 50-60 адам, премьерди 20-25, спикерди 5-10 адам кайтарат. Президенттик администрациянын жетекчиси мамлекеттик кайтаруудагы адам эмес, ага карабай учурда Каптагаевди 5-6 автоматчандар кайтарып жүрүшөт. Эгер ушул кыйын кезеңде мындай артыкбаш чыгашалардан баш тартпай ушундай жыргалбай жашоону өзүбүзгө туура көрсөк, анда биз бай мамлекетпиз да!
– Азыр кимдер көп айлык алышат?
– Президент, анын аппараты, премьер, анын аппараты жана үчүнчү орунда Жогорку Кеңеш. Айлыктарды жок дегенде ЖКнын деңгээлине түшүрүү керек деп жатабыз.
Бүгүнкү күндө бюджетибиздин киреше бөлүгү 60 миллиард сомдун тегерегинде болсо, президентти, премьерди, Жогорку Кеңешти кармоо үчүн 2 миллиард сомдун тегерегиндеги акча кетүүдө, министрлерди кошпогондо. Эгер бюджеттин киреше бөлүгү менен эсептесек, анын олуттуу эле бөлүгүн түзүп жатпайбы. Жаңы өкмөт чыгымдарды азайтуунун жолун тапкан жок. Тескерисинче, баягыдай эле тыштан келе турган карыздарга таянып, чыгымдарды көбөйтүүдө.
– Грузия тууралуу сөз козголуп кетти. Алар өлкөнү кризистен чыгарууну алгач мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу менен башташкан эле. Биз анте албайбызбы?
– Саакашвили бийликке келгенден кийин мамлекеттик кызматкерлердин санын жарым жылдын ичинде 20, бир жыл ичинде 40 пайызга кыскартты. Бул радикалдуу чара. Бизде статистика боюнча иштеген адамдардын санына жараша алганда, мамлекеттик кызматкерлер 15,2 пайызды түзөт. Бул кедей мамлекет үчүн “не позволительный роскошь”. Эң бай мамлекеттер, мисалы, Франция жана Канадада бул көрсөткүч 20 пайызды түзөт.
– “Жаңы өкмөт кайра эле карыз суроо жолуна түштү” деп турасыз. Өзүңүз кандай жолду сунуштаар элеңиз?
– Бизде коррупция тамырлап кеткен. Кыргызстан паракорчулук боюнча дүйнө жүзүндө 4-орунда! Албетте, андайда экономика ачык-айрым эмес, көмүскө түргө өтүп кетет. Өкмөттүн эң негизги милдети – азыр ошол көмүскөдөгү экономиканы ачыкка алып чыгуу. Муну ишке ашыруу үчүн эмне керек? Көп акыл, профессионализм, анан, албетте, алкымды бууп иштеш керек. Бул ишенимдүү жана татаал жол. Андайга баш ооруткулары келбейт да. Андан көрө түрктөрдөн, орустардан карыз сурап келген оңой. Ал үчүн көп деле эмгек, акыл талап кылынбайт. Мамлекеттин кепилдигин берип, бир топту шайлап туруп жөнөтүшөт, кайсы бир бай өлкөгө же уюмга. Алар жалдырап күнү-түнү кабылдамаларда отурушат. Анан боор ачыганда “койчу, ушул кыргыздарга” деп туруп кол коюп беришет. Ошентип карыз келет. Аны менен өлкөнүн тышкы карызы өсөт.
– Көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн салык кызматы жакшы иштеши керек...
– Ооба, ал үчүн салык кызматы жакшы иштеши керек, өкмөт эффективдүү иштеши керек. Бажы кызматына көзөмөлдү күчөтүү керек. Ал үчүн мамлекеттик кызматтарга туугандарын эмес, билимдүү адистерди алып келүү керек. Ошолордун бири кылынган жок да. Эмне үчүн бир дагы мамлекеттик ишкананын, акционердик коомдун жетекчилигине сынактын негизинде жетекчи алынган жок? Бардыгы тааныштарын, досторун, туугандарын шайлап жатышат. Анткени алар аркылуу коррупция жүргүзүү оңой. Сынактан өтүп келген жетекчи андай иштерге жол бербейт да.
Бизге жаңы көз караштагы, билимдүү кадрлар керек. Жалаң жаштар деп айтпайм. Анткени жаштардын арасында жетимишинчи жылдардын көз карашында жүргөндөр толтура. Өтө тажрыйбалуунун да кереги жок. Анткени чоң тажрыйба чоң коррупцияга да алып келет. Ошондуктан жаңы көз караштагы, билимдүү, чынында эле жүрөгү, аң сезими менен мамлекетти өнүктүрсөк деген адамдарды кызматка тартуу керек.
Саакашвилинин бир кеби эсиме түшүп кетти. Жаштарды кызматка алып келип жатканда аны “жалаң тажрыйбасыздарды жыйып алды” деп сындагандар көп болгон. Ал: “Ооба, туура айтасыңар, алардын тажрыйбасы жок. Бирок булардын уурдаганга да тажрыйбасы жок”,- деген.
– А бизде ошол муун даярбы?
– Эл дайыма лидердин артынан ээрчийт. Эл өзү жалпы, бирдей ойлоно албайт. Элди бирдей ойлонтуу үчүн мамлекеттин башына келген элита так максатты коюп, ошол максатты мамлекеттин ар бир адамына түшүнүктүү кылып жеткирип бериши керек. Мен президенттен же премьерден ушундай аракетти күтөм. Мисалы, мен минтип айтмакмын, менин максатым – кыргыз эли жакшы жашаган же болбосо заман талабына жооп берген кыргыз мамлекетин куруу деп. Ошону кантип ишке ашырууга болот? Анын жолдорун ар бир жаранга айтып жеткирүү керек. Мисалы:
Заманбап мамлекетти куруу үчүн экономикабыз либералдуу болот. Ар бир тармакка мамлекеттик кызматчыны тыга бербейбиз. Ар бир жерге мамлекеттик көзөмөлдү койбойбуз. Демек, бизнес жана экономика эркин болот. Эки гана учурда бул тармактарга мамлекет кийлигишет. Эгер коопсуздук же адамдардын саламаттыгына байланыштуу маселе жаралса. Калган учурда экономика менен бизнес толугу менен эркин.
Биз демократиялык саясатты жүргүзөбүз. Ал бизге мыкты мамлекет, күчтүү улут түзүүгө жардам берет. Мыкты улут түзүү үчүн кыргыздын тилине, тарыхына, маданиятына көп көңүл бурабыз. Мына ушул жолдор менен кыргыздын жакшы мамлекетин курабыз. Ушундай сөздөрдү өлкө жетекчилеринин эч кимиси айта алган жок. Айта аларына көзүбүз да жетпей калды. Ошолорду айтып элдин киргилденип турган көңүлүн тазарта алса, анан эл ишенип артынан ээрчимек.
– Акыркы күндөрү чет жердик маалымат каражаттары “Кыргызстанда жазында кайрадан төңкөрүш болот” деген ойду байма-бай жаза башташты. Карап туруп “кайсы бир күчтөр ушундай жолдор менен элдин үрөйүн учуруп, паника жаратууга аракет кылып жатышат” деген ой келет. Ушундайда журт башчылары элге кайрылып, көңүлүн тынчытса болбойбу?
– Айтканыңар туура. Азыр “дагы революция болот” деп кыргыз элинин аң-сезимин программалоо жүрүп, өкмөт болсо аларга каршы тура албай жатат. “Жок, революция болбойт. Ал үчүн биз мындай иштерди кылдык, эми буларды жасайбыз” деп эл менен тыгыз карым-катышта болушу керек эле. Негизи, революцияны болтуруу да, болтурбоо да өкмөттүн колунда. Эгер өкмөт жакшынакай өзгөрүүлөрдү бере албаса, элге үмүт бере албаса, анда, албетте, революция болот. Анткени эл мурдагыдай беш жыл күтө албайт. Келет да, айдап таштайт, баарыбызды. А тескерисинче, кичине эле сезиле турган жакшы иштерди жасаса, элдин жашоосуна аз да болсо жеңилдик киргизсе, анда эл бул өкмөттү колдон-буттан алып колдоп кеткени турат.
– Азыр мамлекетибиздин, кыргыздын негизги душманы ким деп ойлойсуз?
– Биринчиси – коррупция. Апрель окуясынан кийин деле эл аралык уюмдардын иликтөөсү боюнча мамлекетибизде коррупциялык көрсөткүч өзгөргөн жок. А мамлекетти оңдойбуз десек, каалайбызбы, каалабайбызбы, коррупция менен күрөшүшүбүз керек.
Экинчи маселе – инфляция. Өткөн жылдагы расмий көрсөткүч боюнча, инфляция 17 пайызды түздү. Ал эми расмий эмес эксперттердин айтуусу боюнча, 20-25 пайызга чыккан. Бул ансыз деле жакыр элибиз андан дагы кедей болду дегендик. Мына, эттин баасы 350, картошканын баасы 35 сомго чыгууда. Айыл чарбасына багытталган биздин мамлекетте эттин баасы мынчага чыгат деген эмне? Анан инфляция 20 пайызга чыгып жаткан жерде мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү эч кандай жылыш-жыйынтык бербейт.
– Нарын облусунун эли “биз тараптан бир дагы министр жок экен” деп чыгып, атүгүл премьер да буга кайрылып, “чын эле Нарындан министр бекитилбей калыптыр, биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз” деди. Бул эмне, ушунчалык маанилүүбү? Кадрлар маселесине келгенде профессионалдуулукка эмес, кайрадан эле кокту-колот саясатына такала беребизби?
– Туура айтасыз, ал маанилүү эмес. Чынында эле үлгү берип, жашоону жакшыртам десе, бир райондун адамдарын кызматка коюп койсо да болот. Эң маанилүүсү, калктын жашоосу жакшырышы керек.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
honey
2011-02-11 18:36:49
Президент, анын аппараты, премьер, анын аппараты жана Жогорку Кеңеште иштегендердин айлыктарын кыскартыш керек дагы, айлыгы аз алгандарга ошолордун эсебинен кобойтуулору керек. Дагы, баса алардын командировкаларын дагы азайтыш керек. Жонокой элдин озулоруно положенный акчаларын бериш керек. Ошону дагы, бербей жатышбайбы!?
0
bemkabemka
2011-02-12 07:01:13
prezindenttin ukugu azaidy dep atyshpady bele!?Germani9dagydai dep.
birok Germeni9dagydai a4yk politika Kyrgyzstanda e4 ka4an bolbot go,ushintip "расмий кагаздарга жазылбайт, жашыруун. "bolup atsa baary. ba9gy ele taanyshtardy shailoo bashtalgan go,ee?
0
Гулжигит
2011-02-12 10:52:42
Коррупция жонундо кучтуу мыйзамдарды жазуу керек. Пара алып кармалгандарды уй мулкун конфискациялап, 10-15 жылга камоо керек. Ошондо гана коррупция азаят.
0
gilrfkg
2011-02-13 07:03:59
kesibi boyuncha ekonomist okshoyt...
0
Lidi
2011-02-13 12:39:25
Эл чын эле кутпойт 5 жыл, анткени дагы башкалар президент болгулары келишет. коррупция азыр токтобойт, бекер- белен акчадан ким баш тартсын.4- места жаман эмес 1- местага аз калыптыр, молодцы коррупционерлер так держать. Кыргыздын атын чыгарып жатасынар. Биз силер менен сыймыктанабыз.
0
imperator
2011-02-14 17:45:56
Чет мамлекетте катардагы мугалимдин айлыгы 120 мин сомдон коп болуп жатат. Эгер президент жаздым болуп сасык саясаттын курмандыгы болуп олтурулуп кетсе,дуйнолук коомдун алдында "президенттин корбой албаган байкуш олко" деген статуска ээ болобуз.Ошондуктан аны жакшылап коргоо керек.Алар биздин мамлекеттин окулчулугун аркалап жатышат.
0
imperator
2011-02-14 17:50:33
Гулжигит туура айтасын.Паракорчулукка каршы ошондой мыйзамды мен да ойлонуп журом. Жаны муунга келсек.Алдыбызда мекен учун кызмат кылууга башын сайып койгон,тажрыйбалуу(бирок,акча алууну билбеген) алтын муун даяр турат,буйруса. Кыргызстан 180 градуска бурулуп,онугуунун жолуна тушот.Копчулук байкап деле калды алардын кимдер экенин,ошолордон гана умут кылып калышты.Буйруса,умутторду жузого ашырабыз. Коробуз,анан Киргиздер кандайча Кыргызча суйлоп калгандарын.
0
Баян
2011-02-15 15:34:21
Власть,деньги меняют человека.Эх чиркин жашоо!окмоттогулор чонтокторун толтуруп ,туугандарына уй салып бермеинче карапайым калк оз арабасын озу суйроп кете берет...
0
FORCE
2011-02-16 22:03:30
"Ит уроо берет кербен журоо берет" дегендей,жон эле уроо бербей кыймыл аракетине отуш керек.Кербенди туп орду менен алмаштырыш керек,жана уроончок иттерди чыныгы ээсин жана уйун кайтаруучу нерсеге алмаштырыш керек.Албетте кандай гана кеп-аракеттер болбосун эч озгоруулор болбойт.РИОну озунун уйуру менен,жана ошондой эле эскилерди тап такыр камап жоготмойун эч бир натыйжага келбейбиз.Жон эле ИТче уроо беребиз уроо беребиз алардын кербени болсо журоо берет журоо берет.
0
Kenjebai
2011-02-18 09:44:25
rabshan baike ,aiabai tuura aitypsyz. kyrgyz elinin en ele chon dushmany bul parakorkul.taryhtagy tajribalar da munu yrastagan. misaaly ilgerki uluu padyshalyk olkolorda atugul materik attagaan imperiyalar daparakorluktun aiynan oiron bolgon. kyrgyzdyn el bashy bolgon adamdar oz ulutunun tagdyry jana ozulorunun tagdyry uchun jana kiyinki urpaktarynyn el ichinde jer karap kalbastygy uchun parakorluktu joiup, ozun da tazartyp el kyzykchylygyn oiloshu kerek.
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан