ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-майдан 12-майга чейин

Кой 
(21.03–20.04)

Апта сизге тынчсыздануу, толкундануу сезимдерин тартуулайт. Жумушта туура эмес эсептөөлөр, майда укук бузуулар катталышы мүмкүн. Жакын адамыңыздын астында өзүңүздү күнөөлүү сезесиз. Түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн аны менен сыр чечише сүйлөшкөнгө убакыт келди. Ишиңизде жаңылыштык кетирсеңиз жоопкерчиликтен качууга аракет кылбаңыз. Катачылыкты моюнуңузга алганыңыз маселени тез чечүүгө жакшы.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Сизди ийгиликтүү, жемиштүү апта күтүүдө. Берилген тапшырмаларды оңой аткарасыз. Аброюңуз, анын артынан айлык маянаңыз да жогорулайт. Өнөктөштөр менен бир пикирге келүү да бизнесте жакшы натыйжаларды берет. Жаңы идеяларга шыктанып, жаңы киреше булактарын таба аласыз. Үй-бүлөңүздө каржылык жактан гана эмес, моралдык жактан да гармония болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Кол жеткис деген нерсеге оңой эле жете аласыз. Келечектеги каржылык ийгиликтин пайдубалын түптөө үчүн жакшы учур. Ири сатып алууларды жасасаңыз болот, коммерциялык операцияларды жүргүзүүгө, кыймылсыз мүлк сатып алууга ыңгайлуу. Айымдар тагдырга, генетикага жана кокустуктарга нааразы болбошу керек, ички сезимдериңизди туюп, себебин өзүңүздөн издеңиз. Өзүңүз гана өзүңүздү асманга көтөрүп, жерге түшүрө аласыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Каржылык жактан туруктуу мезгил болот, ири чыгашалар күтүлбөйт. Тобокелдүү чечимдерди кабыл алуу үчүн ыңгайлуу мезгил. Эгер тайманбастан жоопкерчиликти сезип иш кылсаңыз карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Балдарыңызды жөнү жок айыптап, кемчилигин издебеңиз. Сүйүүдө ачык баарлашып, ичте толгон бугуңузду жакын адамыңыз менен бөлүшүңүз. Айрым кырдаалдар сизди оңой эле ачууга алдыртат. Агрессияңызды башкаларга көрсөтпөңүз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жаңы нерселерди баштоого жакшы мезгил. Жашооңузда чоң бурулуштарды жасачу жаңы адамдар менен таанышасыз. Алар сиз баштаган ишти ийгиликтүү бүтүрүүгө салым кошушат. Сүйүүдө талапчыл болбоңуз, өнөктөшүңүздүн да сезимдери, каалоолору менен эсептешиңиз, болбосо алдыда сизди чоң талаш-тартыштар күтүп турат. Чыгармачыл арстандарга өзгөчө эргүү, идеялар келип, аны тез арада ишке ашырууга шашышат. Жакшысы, ал идеяларыңызды эч кимге айтпай туруңуз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Чоң тандоо жасаганга туура келет. Ичиңизден “туура кылып жатамбы же жокпу” деген күмөн саноолор менен өзүңүздү жебеңиз. Тандоо жасадыңызбы, аны кабыл алыңыз. Кесиптештер дараметиңизге бир жактуу баа берип, аброюңузду түшүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Алар менен мамилеңизди мурункудан да татаалдаштырбайын десеңиз, көңүл бурбай кутулуңуз. Соода менен алектенгендер  эсепке так болушу шарт, бир эле сандан ката кетирсеңиз чөнтөгүңүзгө зыян.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Сиздин ачууңузду келтирген абал жаралат, эмоцияңызды башкарып, тең салмактуулукту кармаңыз. Билимин тереңдетүүнү, жаңы өнөр өздөштүрүүнү каалагандар үчүн жакшы мезгил. Башкысы бекер отурбаңыз, такай кыймыл аракетте болсоңуз сөзсүз үзүрүн көрөсүз. Сүйүүдө тыюу салынган нерселер кызыктуудай көрүнө берет, мүмкүн болбогон мамилеге көп энергияңызды коротпогонуңуз туура. Ден соолугуңузду текшертип, оорунун алдын алышыңыз зарыл.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Олуттуу пландарды ишке ашырууга киришсеңиз болот. Айрыкча кыймылсыз мүлк сатып алуу кыялыңыз ишке ашуусу мүмкүн. Көп эс алыңыз, энергиялуу болууга күч топтоңуз, алдыда сизди ири долбоорлор күтүп турат. Үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, кыйынчылыктар болот, кандай маселе болбосун сүйлөшүү жолу менен чечиңиз. Колуңуздан келбеген иштер үчүн убада бербеңиз. Сүйүүдө этият болуңуз, айланаңызда интригалар курчуйт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сүйкүмдүүлүгүңүзгө, харизмаңызга эч ким туруштук бере албайт. Өзүңүзгө жагымдуу адамдарды тартып, симпатияны ойготуп, аларды сизге кызмат көрсөтүүгө же жардам берүүгө аргасыз кыласыз. Бойдоктор жеке жашоону же жумушту тандоонун алдында турса, жылдыздар жумушту тандоону сунушташат. Бул сиздин каржылык көз карандысыздыгыңыз үчүн маанилүү. “Кедейчилик эшиктен киргенде, сүйүү терезеден качат” деген кепти эстей жүрүңүз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жумуш ордуңуз үчүн күрөшүп, атаандаштар менен кыл чайнашканга туура келет. Сиздин пикириңиз эске алынышы үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек. Туура стратегияны тандап, позицияңызды талашыңыз, ошондо жетекчилик сизди угат. Кымбат буюмдарды сатып алуу сунушталбайт. Эң биринчи кезекте каржылык таңкыстыкты чечкениңиз туура болот. Жактырган адамыңызга сүйүүңүздү билдирүүгө шашпаңыз, мезгил менен сыналбаган сезимдер узакка созулбай калышы мүмкүн.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Суу куяр айымдар чыгымдарын көзөмөлдөшкөнү туура, болбосо кийин корогон каражаттын ордун толтура албай кыйналышат. Өзүңүзгө инвестиция салуу үчүн эң сонун убакыт. Сулуулук салонуна барып, чач жасалгаңызды өзгөртүп, массажга да барсаңыз болот. Мырзалар канчалык жоомарт болушса ошончолук киреше көп кирет. Эң негизгиси – оюңузду чогултуп, жасалчу иштерди тактап, пландап алыңыз.

Балык
(20.02–20.03)

Команда менен иштешкенди үйрөнүңүз, бардык келишпестиктерди жөнгө салууга аракет кылыңыз. Анткени жакында олуттуу маселени чечүүдө алардын колдоосу керек болот. Сиздин компромисске келүү жөндөмүңүз бизнесиңизге оң таасирин тийгизет. Сүйүктүүңүз ага аз көңүл буруп жатканыңызды айтып даттанышы мүмкүн. Аткарчу иштериңизди карап чыгып, үй-бүлө, жеке жашоого өзүнчө убакыт бөлгөндү унутпаңыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан