Лейла Бөрүбаева, 20 жашта: “Тамак жасабаганым үчүн күйөөм көчөдөн кууп жүрүп сабады”

Жакында интернет желесинде “машинага отур!” деп, колуна отургуч көтөрүп алып аялды кууп жүргөн жарандын видеосу тараган. Чуулгандуу окуя Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач конушунда, ижарага берилген батирлердин биринде катталган. Ошол видеонун каарманын таап баарлаштык. Күйөөсүнөн токмок жеп жашап жүргөн 20 жаштагы Лейла Бөрүбаева окуяны төмөндөгүдөй айтып берди.

“Бир айылданбыз, жакшы билем деп ойлочумун”

– Мен 2004-жылы Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөм. Жолдошум да ушул айылдан. Аны кичинесинен тааныйт болчумун. Ал 6-7 жылдай Орусияда иштеп келгенден кийин экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганбыз. Бир айдай сүйлөшүп эле, 2022-жылы ноябрь айында баш коштук. Бир айылда жашагандыктан аны жакшы тааныйм деп ойлогом. Бирок адамдын жакшы-жаман мүнөзү чогуу жашаганда чыгат экен. Кош бойлуу кезимде эле сабап баштады, тепкилеп, уруп салчу. Обу жок кызганып, ойдон чыгарылган эле бир адамдарды мага жабыштыра берчү. Балабыз төрөлсө оңолор деп күтүп жүрдүм, андай болгон жок. Тапкан шылтоолору көп эле. “Социалдык тармактагы баракчаңа мени менен түшкөн сүрөттөрүңдү чыгарбайсың” деп да уруш чыгара берчү. Болбосо төрөтканадан түшкөн сүрөттөрүм толтура. “Эмнеге таякең менен эрте туруп тиш жууйсуң” деп деле кызгана берчү. Анын таякеси биз жашаган батирде турчу. Ар кайсы эркекти жабыштыра берген “оорусу” бар, ошол өзү оюнан чыгарган окуяларды моюнума албасам сабайт.

“Тамак жасаган жоксуң деп уруш чыгарды”

– Интернетке тарап кеткен видеодогу окуя 21-апрелде болгон. Кара-Жыгачтагы батирде жашап жатканбыз. Жолдошум таксиде иштейт, каалаганда келет, каалаганда кетет. Ошол күнү жумуштан келип эле “тамак жокпу, тамак жаса” деп буйрук берди. Баламды уктатып коюп, эми тамак жасайын деп жатсам “эртерээк жасабайт белең, сени менен ажырашам, жашабайм, жүрү таякеңдикине жеткирем” деп жатпайбы. Мен дагы “ооба кетем, тажадым, жеткирип кой мени” десем муштуму менен башыма бир сокту, денемди тепкилеп кирди. Кыйкырып, өкүргөнүмө карабай “бас, жеткирип берем” деп чачымдан сүйрөп эшикке алып чыкты. Эшиктен кошуналардын көзүнчө да сабады. Видеодо “отур машинага” деген жери бар. Мен эмнеге отурган жокмун, анткени отургузуп алып үйдөгүдөн да катуу токмоктоорун билем, ал мени жөн эле жеткирмек эмес. Ошого качтым, отурган жокмун, көргөндөр жардам береби деп кыйкырдым. Видеого окуянын аяк жагы гана тартылган, ага чейин көпкө токмоктоду, ач-кыйкырыгыма караган жок. Видеого тартып жаткан эже жардам берди жакшы эле, бирок ага баш берген жок. Эже алы жетпей баратканда “карап тур, сени видеого тартам” деп коркутуп анан тартып баштаган. Кошуна байке баламды колуна кармап турган, балам да менин таяк жегенимди көрүп ыйлап жатты. Күйөөм эч кимисине баш бербей, мага атырылды. Болбосо кошуналардын баары эле жардам бергенге аракет кылышты, "кой, токтот" дешти. Ошол күнү күйөөм баламды чыркыратып ыйлаткан бойдон көтөрүп кетип калды. Түнкү саат 2де үйгө келди. Ошондо кошуна эже милиция чакырып, милиция кызматкерлери күйөөмдү кармап кетишти. Азыр 2 айга эле камаптыр деп уктум, келип алып дагы тынч жашоо бербей жаңжал салабы деп коркуп жатам.

“Ата-энемден калган үй үчүн мага үйлөнгөн деп ойлойм”

– Атам 2017-жылы, апам 2021-жылы каза болуп калган. Айылда алардан мага калган эски там бар. Бирок жашоого жараксыз, оңдоп-түзөп же ордуна кайра жаңы үй куруш керек. Мен жолдошума турмушка чыккандан кийин көптөр “ата-энеңден калган үй үчүн эле сага үйлөндү” деп айтышты. Мен ага турмушка чыкканда 18 жашта болчумун, андай ою бар экенин билген жокмун. Бирок кийин мас болуп келген күндөрү ошол үй тууралуу көп айтчу. “Эмнеге өз үйүңдү таякелериңден ала албайсың? Документин өткөрүп бер дебейсиңби?” деп акыл үйрөтө берет эле. Бир жолу катуу урушуп кеттик, ошондо “болду мага үйдүн деле кереги жок, экөөбүз ажырашабыз” деди. Жадакалса курбуларыма “аялым менен ажырашып кеттим, баласын таштап кетип калды, мени менен жашабайсыңбы?” деп жазып сунуш кылыптыр. Мени аялы катары көрчү эмес, оңго-солго көп басты, көп жолу кыздар менен кармап алдым. Андайда “сенин ишиң эмне, өзүм каалагандай жашайм” дечү. Мени сабагандан кийин кечирим деле сурачу эмес. 

“Телефон кубаттагычтын зымы менен сабаган”

– Мындан 4 ай мурун күйөөсү бар аялга “Кандай, жанка? Мен сага үйлөнөм” деп жазыптыр, ошону айтып, бетине коюп берсем чыдабай телефон кубаттагычтын зымы менен сабады. Жонум канап кеткиче урду. Ошондо таякемдикине кетип калгам. Кийин кайра келип туугандарымдан кечирим сурап “балабыз үчүн жашайлы, экинчи кайталанбайт” деп алып кеткен. Азыр интернетке тараган видеону көрүп таятам да “эмнеге ушундай балага туш келип калдың экен” деп кейип жатат. Буга чейин токмоктогондорун жакындарыма айтчу эмесмин, алар ажыраш, жашаба дешет да. Балам атасын жакшы көрөт, ошол нерсе мени токтотуп турчу. Баласы үчүн өзгөрөт дедим. Учурда жолдошумдун туугандары байланышка чыгып, “тосмо арыз жазып бер, болду тынчыңды албайт, Орусияга кетет” деп жатышат. Мен чечим чыгардым, аны менен жашабайм, мыйзам чегинде жазасын алсын.

Октябрь РИИБи: “Бейбаштыкка шектелип кармалды”

– Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Б.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жолдошу К.Т. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби 2024- жылдын 21-апрель күнү Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кереге-Таш көчөсүндөгү үйдүн короосунда жүрүп аялдын денесине эч себепсиз залал келтирген. Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды аныктап, кармашкан. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа тарткан аялдардын жана балдардын окуялары көз жаздымда калбоого тийиш. Жогоруда аталган окуя боюнча да укук коргоо органдары калыс тергөө жүргүзүп, сот мыйзам алкагында адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кылалы.  

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 

О! Деньги: 0708765576

Лунара Бекиева  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан