Мүзүр Мамбетов, “Кеңеш” тобунун ырчысы: “Өзүмдү популярдуу сезип, укмуш болуп кеткен эмесмин”

“Сирен гүлү”, “Нике кайып” деген ырлары менен белгилүү “Кеңеш” тобу акыркы учурларда чыгармачылыкта мурункудай активдүү эмес. Ага аял-күйөөдөн турган дуэттин дин жолуна түшкөнү себеп экен. Мүзүр мырза “жок болуп кеттиңер деп бизди урушкандар, сөккөндөр бар, ошолор үчүн эле чыгармачылыкта кармалып жүрөбүз” дейт.

– Куш келипсиз, Мүзүр мырза, чыгармачылыкта такыр эле көрүнбөйсүздөр, биротоло бизнеске кеттиңиздерби?

– Саламатсыздарбы? Чыгармачылыктан алыстап кеткенимдин себебин көбү эле билип калышты окшойт. Гүлмира эжеңер жоолукта, мен да дин жолуна түшүп акырын-акырындан  чыгармачылыкты таштасакпы деген ниетибиз бар эле. Дароо таштап коюу деле жеңил эмес экен. Мына кечээ эле 5 айлык дааваттан келдим, таксырлардын көзүнчө "концертке, тойго барышым керек эле" деп отурсам уят да. Ошого бир аз чыгармачылыкта тыныгуу кармап турабыз, маекке музыкалык аспап көтөрө келиңиз дедиңер эле. Үйүмдө бир да музыкалык аспабым жок, баарын сатып жибергем. Дин түшүнүгү боюнча үйгө музыкалык аспап коюуга, чоң ата, чоң энелердин же өзүңдүн сүрөттөрүңдү илгенге болбойт. Мындан сырткары үй-бүлө үчүн жоопкерчилик деген бар. Балдар чоңоюп, кийинем-ичинем деп турган кези. Айрымдар жок болуп кеттиңер деп бизди урушуп, сөгүп жатышат. “Эмнеге концерт койбойсуңар?” деп жазышат, сурашат. Ошол сурангандар үчүн быйыл 2-3 жаңы ыр жазам го. 7 облусту кыдырып концерт бергенге да даярданып жатабыз, биздин ырлар эл эсинде калганы, алардын ырдагыла деп суранып жатканы деле Кудайдын каалоосу болуш керек.

– Буга чейин дин жолуна түштүк деп Бекчоро, Муктар Атаналиев, Ынак Осмоналиевдер ырчылыкты таштап кетишкен, бирок дин жолунда жүрүп чыгармачылык менен алектенген кесиптештериңиз деле бар. Ошондо сиз кайсы топко киргени жатасыз?

– Ошол дин менен чыгармачылыкты айкалыштырып, бири-бирине каршы койбой алып кетип жаткан адамдар шоу-бизнесте көп. Алар да бизди шыктандырышты. Качан токтоторубузду айта албайбыз, азырынча колдон келишинче чыгармачылыкта болгонго аракет кылып жатабыз.

– Чыгармачылыкта көпкө тыныгуу алгандан кийин көбү кайра мурунку популярдуулугун кайрый албай кыйналышат, силерде да ушундай болуп калат деп чочулабайсызбы?

– Биз кайсы учурда популярдуу болгонубузду деле билбейм, бирок мен ушул убакка чейин өзүмдү популярдуу сезип, укмуш болуп кеткен эмесмин. Азыр көрүп жатпайбызбы, башка улуттардын бир ырын которуп алып жылдыз болуп жаткандарды. Ошолор жылдыз болуп жаткандан кийин биз четте эле байкап туралычы, ушулар тиргилик кылып алсынчы дейт экенсиң. Чынында “Кеңеш” тобу өзүбүздүн аракеттер, чыгармаларыбыз менен көп ийгиликке жеттик. Аймактарда аншлаг менен концерттерибиз өттү. Бирок мен деле, жубайым Гүлмира деле эл тааныбасын деп көз айнек тагынган учурубуз болгон жок. Карапайым эл менен эле аралашып жүрдүк.

– 20 жыл чыгармачылыкта жүрүп шакирт тарбиялаганга жетиштиңизби?

– Менде ушул жаатта, көз карашым бир аз башкача. Дилгир, үйрөнгүсү келген талант болсо үйрөтүүдөн баш тартпайм. Бирок азыркы жаштар кыйынчылыксыз ийгиликке жеткиси келишет. Мисалы, дыйкан деле картошкадан жакшы түшүм алуу үчүн жер айдаттырат, жер семирткич сатып алат, тиккенден кийин жаман чөптөрүн отойт, курт-кумурска бузбасын деп дарыларын себет. Чыгармачылыкта деле ийгиликке ушундай эмгек, мээнет менен жетесиң. Жөн эле жүрүп атактуу болгусу келгендер менен коштошконго туура келет. Анан өзүңөрдүн ырыңар менен таанылгыла,  плагиаттын өмүрү узун болбойт деп көп айтам. Мен жадакалса Рыспай Абдыкадыровдун ырларын тойлордо аккордеон менен гана ырдачумун, азыр “баягынын ырын ырдап чыккан ырчычы” деп таанылгандар көбөйдү.

– Жубайыңыз оокатка тың айым, үйдө кимиңер тарбияга бекемсиңер?

– Ооба, Гүлмира чыгармачылыктан сырткары бизнес менен да алектенип жүрөт. Үй-бүлөбүз менен ага кол кабыш кылабыз. Гүлмира бат жини келет, бирок кайра бат эле таарынычы тарайт. Бирөө менен кырылышып бүткөндө экинчиси чалса ага эч нерсе болбогондой жооп берип коёт. Ошол сапатына аябай таң калам. Менин ачуум бат тарабайт. Гүлмирасыз бир да ырым жок, тойго жалгыз чакырышса ырдай албай отурат болушум керек. Кээде той концертке кечигип баратканда “эй, болбойсуңбу” деп шаштырам да. Гүлмира “тажадым, топтон кетсем окшойт” деп калганда “эй, кантип топтон кетесиң, топтон кеткениң ажырашам дегениң да” деп тамашалап калам. Гүлмира балдарга жумшак аябай, мен атамын да, бир аз катуураакмын. Балам Медер 17де, кызым Ансари 5-класста окуйт, апасы жоолукка келгенден кийин ал дагы ороном деп чыкты, каршы болгон жокпуз. Баламды ырдатабыз деп жүргөн элек, бирок бала чоңойгондо өзүнүн тандаган жолу менен кетиши керек экен. Балага кичинесинде тарбия берип калганга жетишиш керек, чоңойгондо тарбияга келтире албайсың, азыркы балдар өзүңө акыл үйрөтүп коюшат кээде. Бала үчүн эң мыкты тарбия бул үйдөгү атасы менен апасынын мамилеси. Аял-күйөө бири-бирине кандай жакшы мамиле кылса балдар ошол үлгүдөн тарбия алып чоңоюшат.

– Кызыңызды өзүңүздөй жигитке турмушка берет белеңиз?

– Мендей болобу же башкадайбы мен кызымдын гана тандоосун сыйлайм. Өзүнө жаккан, көңүлү тандаган адамга турмушка чыгам десе каршы болбойм. “Мен сени баланчанын баласына берем, же мен сага тиги аяш атаңдын кызын алып берем” деген кудалашуулар азыркы муунга өтпөйт. Эң негизгиси үй-бүлөсүн багып кете ала турган жоопкерчиликтүү адам болсун. Азыркылар үйүнө, унаасына, иштеген жумушуна айтор, материалдык байлыгына көп карашат. Чыныгы бакыт үйдө же унаада эмес, заңгыраган үйдө жашап деле бактысыз болгондор бар. Бакыт ыйманда деп эсептейм. Напсисин ооздуктай алган, ыйманы бекем адам эч качан өзүн бактысыз сезбейт.

– Учурда көп жаштарды ажырашууга алып барган себептердин бири – бул ала жипти аттоо экен. Сизде ушундай учур болду беле?

– Апакай периште болчумун дебейм. Үй-бүлөлүк турмушта баары болот, таарынычтар, келишпестиктер, кээ бири эсте деле жок. Кандай учур болбосун сабырдуулук жардам берет, сабыр кылып эле түшүнүшүп жашап келе жатабыз 20 жылдан бери.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан