“Өрүкзарга кетели..." Жаралышына сүйүү эмес, Баткендин сулуулугу себеп болгон ыр   

“Жүрү, ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа...”- деген ыр саптарын укканда көз алдыңызга сүйүшкөн жаштар тартылат болуш керек, окурман. Бирок автордун жана обончунун айтымында, ыр махабаттан улам эмес, мекендин сулуулугуна суктануудан улам жаралган. 90-жылдардын хити болгон, азыркыга чейин ырдалып келе жаткан “Өрүкзарга кетели” ырынын тарыхына кайрылсак.

Мадина Тураева, акын: “Өрүк гүлдөгөндөгү кооздук таасирленткен”

– Бул ырды 1987-жылы жазгам. Жигит кызга тунук махабатын арнап, өрүкзарга жетелеп барып сунуш айтып жатканын элестетип жазган элем. Жаш кезимде жигиттер кыздарга ушинтип өзгөчө сунуш киргизсе деп ойлочу экенмин да. Өзүм Баткенден болом, балалыгым, жаштыгым ошол жакта өттү. Биздин жерибиз өрүк гүлдөгөн маалда бир башкача сулуу болуп чыга келет. Дүйнө эли япондордун сакурасына кызыгып, ошону өмүрүбүздө бир көрсөк деп арзуу кылышат экен. Ал эми Баткенде өрүк гүлдөгөн маалдагы кооздук сакуранын кооздугунан да ашып түшөт. Айлана аппак түскө бөлөнүп, жашоодо деги бир кир нерсе жоктой сезилип калат. Бул сулуулукту көз менен эле эмес, көкүрөк менен да көрүш керек. “Өрүкзарга кетелиде” албетте, сүйүү баяны бар. Ошондой эле табияттын өзгөчө сулуулугуна суктануу да камтылган. Акындын кыйындыгы эмнеде? Жалган нерсени чындай көрсөтүп, чынды жалгандай көрсөтө алгандыгында. Элдин баары “Өрүкзарга кетелинин” артында бир чоң ашыктык жатат деп ойлошот да. Демек, ошого ишендирип жазган окшойм. Чынында, ырдын каарманы жок, өрүкзарга арналган ыр. 

“Баткендин гимни деп эсептейм”

– Ырдын хит болушуна Саламат Садыкованын салымы болду. Мен Саламат эже менен жүз көрүшүп сүйлөшкөн эмесмин, бирок ушул ырды ийине жеткире ырдайт. “Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде” деп башталган “Кыргыз жери” ыры гимнге тете чыгарма катары таанылса, “Өрүкзарга кетели” ырын мен Баткендин гимни деп эсептейм. Обонун Апаз Жайнаков жазган, ырымды китептен окуп калып эле обон жараткан экен. Концертинде гана бир көрүп калдым ал кишини, бет келишип сүйлөшкөн жокмун. Негизи бул ырыма өзүм өтө деле бийик баа бере албайм, анткени бул поэзия эмес, акындын эмоциясы гана. Ал эми поэзия деген такыр башка, уккан кишинин жүрөгүн дүкүлдөтө алган, өзгөчө сезимдер менен коштолгон ыр саптары болот.

“Ооруп жүрөм, айыгып кетем, буюрса”

– Акыркы убакта оору менен алышып калдым, айыгып кетем деп үмүт кылам. “Калем кармаган кол кайыр сурабайт” деген кеп бар. Айла жок экен, ден соолугумдун айынан жардам сурап жатканым үчүн аябай кейип, уялып турам. Ыр жазыш үчүн жашабай, жашаш үчүн ыр жазып жаткан убагым азыр. Жакында китебим чыгып калса деп тилек кылам. Кепти жыйынтыктап жатып “мен бактылуумун” деп айткым келет. Кыргыз болуп төрөлүп калганым үчүн, көкүрөгүм мекенимдин сулуулугун көрүп ырга айланта алганы үчүн, “Өрүкзарга кетели” ырымдын көп күйөрманы болгону үчүн бактылуумун. 

Самара Каримова, ырчы: “Бул ыр кичинемден жүрөгүмө жакын”

– Аталган ырдын обонун жазган инсан элибиздин легендарлуу уулу Апаз Жайнаков агабыз. Ал менин атамдын досу болчу. Биздин үйгө көп келип, атам экөө кобурашып отурушар эле. Апаз ага биздин үйгө келгенде, отуруштарда ырдап калгандыктан “Өрүкзарга кетелини” кичинемден угуп чоңойдум. Баткенде өрүк гүлдөгөндө табият жарашыктуу көйнөгүн кийгендей укмуш көрүнөт. Ал учурду аябай жакшы көрөм. Япондордо сакура болсо, бизде өрүкзар гүлдөгөн маал өзгөчө. Андай керемет убакты көргөндөр сөзсүз таасирленет деп ойлойм. Аталган ыр устатым Саламат Садыкованын аткаруусунда элге таанылды да. Ал сонун ырдаган. Кичинемден жан дүйнөмө жакын ырды репертуарыма киргизгем. Угармандар да көп суранган ырларымдын бири ушул. Клип да тартканбыз. Ушундай мыкты ырды жараткан авторлоруна таазим этем. 

Апаз Жайнаков, обончу: “Ырдын обонун Баткениме арнагам”

(2023-жылы “Супер-Инфо” гезитине берген маегинен үзүндү)

– Эл ичинде “бул ырды кимге арнады болду экен” деген суроолор жаралышы мүмкүн.

“Жазда келем айылыңа, кызыл өрүк,

Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп...”- деген ырга таасирленип мен да Баткениме ыр арнасам деп көп акындарга буюртма бергем. Бирок алар жазып берген ырлар көңүлүмө толбоду. Бир күнү дүкөндөн акын Мадина Тураеванын “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң” деген аталыштагы китебин көрүп калып, анын ичинен “Өрүкзарга кетели” ырын жактырып, обон чыгардым. Ыр чыгары менен хит болуп кетти.  Бул бирөөгө эмес, туулуп өскөн жериме арнап чыгарган обонум. 

“Өрүкзарга кетели”

Сөзү: Мадина Тураеваныкы 

Обону: Апаз Жайнаковдуку

 

Жүрү, ээрчишип кетели өрүкзарга,

Сунушумду суранам, четке какпа.

Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө

Сыйыналы бир келген бактыбызга.

 

Мөл булакка барабыз ай тоскону,

Ат жалында шамалга ойношкону.

Кечикпейли бир келген бактыбыздан,

Өрүкзарга кетели, макул болчу.

 

Айлуу тундө никелеп сүйүүбүздү,

Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.

Жылдыздардын терели чачыласын,

Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан