ТОЛУК – куудулдар көп чыккан айыл

Байкасак, Кыргыздын белгилүү бир топ куудулу ушул айылдан чыгыптыр. Куудул гана эмес, ырчылар да көп чыгат. Өнөрлүүсү көп Токтогулдун Толук айылы эмнеси менен өзгөчө? Айылдын жөнөкөй тургуну деле куюлуштуруп, макалдатып сүйлөй турганына күбө болдук. 

Бал жыттанган айыл      

Жайгашкан орду – Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Аралбаев айыл өкмөтү. Район борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан

Кожолуктун саны –810 түтүн

Элдин саны – 4500 адам

Айылда – бал аарычылык жакшы өнүккөн

Курманбек Мамырбаев, айыл башчысы: “Чалкалап сыналгы тиктеп жатмай жок, жаздан кышка чейин тытынып иштейбиз”

– Көк кашка сууларга бай, көк шибердүү,  гүлгө оронгон айылыбызда эмгекчил, меймандос, токпейил адамдар жашайт. Көпчүлүгү мал чарбачылык жана балчылык менен алектенет. Жаз келгенден кар түшкүчө тытынып иштемей, чалкалап сыналгы көрүп жаткандар жок бизде. Баары энергиялуу, бош отурса энергиясы денесине сыйбай кетет (күлүп). Буга далил катары айтсам, ар бир үчүнчү үй бал челек кармайт. Аары багуу машакаттуу иш экени белгилүү да. Тонналап бал өндүрүп, күтүрөтүп мал багабыз. Малы аз дегендердин короосунда 20дай кою, 5-6 уй, жылкысы бар.

Мактанып келе жатып эле токтоп калат окшойм, анткени айылыбызда асфальт жол жок, таштак жол. “Элге берген куруттан, бизди неге куруткан” дегендей, кемчилигибиз ушул. Жазында кар эрип, катуу жамгыр жааганда сел жүргөн учурлар болот. Район борборуна каттачу жолубузга жазында көчкүлөр түшөт. Көчкү көп түшсө жол 3-6 күнгө жабылып, эл айылга камалып калат.

Кыш мезгили узак болот. Кар аз жаады дегенде 50-60 сантиметр, көп жаады дегенде 1 жарым метрге жакын жаайт. Кышында машине, трактор чыга албаган жолу татаал конуштарыбыз бар. Кокус электр жарыгы өчсө электриктер борошо учурган шамал, ызгаарга карабай ат менен кар жиреп барып бузулган трансформаторду оңдоп, үзүлгөн зымдарды улашат. Ушундай учурлар кайсы режиссёрдун тасмасына керек болсо бизге келип тартып кетишсе болот.

Гүлбара Караталова, айыл тургуну: “Жараткандын өнөр салынган мүшөгү Толукка төгүлүп калган...”

– Ата-бабалардын айтымында, айылыбыз малга, данга, жапайы мөмө-жемишке бай келип, токою, талаасы, суусу, жайлоосу, баары бар болгону үчүн эл оозунда “толук” деп айтылып жүрүп, ошондой аталып калыптыр. Токтогул акын “Толукшуп жаткан Тер-Жайлак, Толуктун малы жайласын...” деп ырдагандай, айылыбыз малга жайлуу, шамалга ыктуу.

Атактуу куудулдар Абдылда Иманкулов, Алтынбек Ажалиев, Союзбек Сейитказиев, Таласбек Кашкариев, Болсунбек Стакеев, ырчы, обончу Майрамбек Осмонов биздин айылдын кулундары. Эмне үчүн Толук айылы таланттарга бай? Жараткан жер кыдырып, касиеттүү мүшөгүнөн элге өнөр таратып жүрүп, Толукка келгенде мүшөгү колунан түшүп кетиптир. Ичиндеги өнөрдүн баары чачылып, толуктуктар жыйнап алышкан экен деген уламыш бар. Негизи айылда илгертеден бири-бирин чымчылап, жылдырып, кыйытып, жамактап, тапанданып сүйлөгөндөр көп. Канында бар деп коюшат го, өнөр урпактан урпакка өтөт да. Айылыбыздан таланттуулардын көп чыкканы ушундан уламдыр.

Өмүрбек Ажалиев, айыл тургуну: “Дасторконубуздан бал үзүлбөйт”

– Менде 350 бал челек бар, былтыр 11 тонна бал алдым. Негизи бал аары багуунун сырын жакшы билсең, көп киреше табасың. Кайсы бир жылы 150 челектен эле 10 тонна бал алгам. Айтор, биздин айылда ар бир үйдүн дасторконунда дайыма бал болот. Биздин балды Өзбекстан, Орусия, Казакстанга чейин алып кетишет. Мал багууда асылдуулугуна, өтүмдүүлүгүнө карап эл арашан породасындагы койлорго ыктап жатат. 

Элниза Алымбаева, мугалим: “Жайлообуз жапайы жаныбарларга бай”

– Айылыбыз өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Алардын ичинде Кызыл китепке киргизилгендери да бар. Мисалы, кирпиче деген гүл. Ышкын, кымыздык, сандык куурай, карагай, каз таңдай, жапайы жүзүм, чычырканак, карындыз, жоогазын, эмен, карагат, бөрү карагат, мамыры, кожогат, мандалак, кайың жана башкалар кеңири өсөт. Жайлоолорубузду бүркүт, ителги, таз жору, элик, тоо эчки, суур сыяктуу жаныбарлар жана канаттуулар байырлайт. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан