Ата Журтта 23-апрель шаңы

Ата Журтта 23-апрель шаңы

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгын белгилөө Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан "Ататүрк" сейил багында уюштурулган Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен башталды.

Аземге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кеңешчилери жана өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,  профессору Алпаслан Жейлан жана профессордук-окутуучулук курам, Билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин мугалимдери, окуучулары, уюмдардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Алгач Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, андан соң Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректораты, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкек кеңсеси (TIKA), Түрк-Кыргыз ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдиги (TIKID) жана Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр ассоциациясы гүлчамбарларды коюшту.

Гүлчамбар коюу аземинен кийин Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору, бардык шейиттер бир мүнөттүк тыным менен эскерилди жана Түркия Республикасынын Улуттук Гимни жаңырды.

Элчи Доган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө: “Улуттук эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалы түптөлүп жаткан мезгилде түрк элинин бардык курактагы адамдары биримдик жана ынтымакта талыкпай күрөштү”,- деп түрк элинин көз карандысыздык жана келечек үчүн күрөшү улантылып жатканын билдирди.

Ректор Алпаслан Жейлан жеткинчектер менен жолугушту

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн белгилөө Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясында уланды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүндө Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясына барышты.

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн эсте каларлык кылып өткөрүү максатында окуу бөлмөлөрүн кыдырып, окуучулар менен жолугушкан ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө балдардын кыргыз тилин үйрөнүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун бул жааттагы сунушуна токтолду жана жаштардын өз эне тилинде сүйлөө зарылчылыгын баса белгиледи.

Келечектин түрк дүйнөсүндө биримдик жана ынтымак үчүн тилдин маанилүүлүгүнө көңүл бурган ректор, профессор Жейлан: “Келечектеги кылым “Түрк кылымы” болот”, - деп биримдик жана ынтымак тилдер аркылуу бекемделет деген ишеничин билдирди.

Жолугушуу учурунда балдарга күтүлбөгөн белектерди тартуулаган ректор, профессор Алпаслан Жейлан кичинекей жүрөктөргө чоң бакыт тартуулады.

23-апрель кубанычы кичинекей конокторубуз менен биргеликте кампуска келди

Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиянын окуучулары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгын жана 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн “Манас” университетинде өзгөчө шаң менен белгилешти.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жаш жеткинчектерди чоң кубаныч менен тосуп алып, окууларына ийгиликтерди каалап, бул маңыздуу күнү кызматтык креслосун 1-класстын окуучусу, өкүлү катары Сумая Сакмурзаевага тапшырды. Сумая Сакмурзаева университетте балдар убакыт өткөрө турган аянтчалардын санын көбөйтүүнү каалады.

23-апрель майрамынын салтанаттуу иш-чараларынын алкагында башталгыч класстын окуучулары “Манас” университетинин проректору жана башкы катчысы менен да жолугушту.

Жагымдуу атмосферада өткөн жолугушуудан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан балдар менен биргеликте “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында тамактанып, 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнүн кубанычына ортоктош болду. Бул маңыздуу күн келечектин өкүлдөрү болгон балдарыбыз үчүн эстен кеткис көз ирмем тартуулады.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан