Гүланда, ырчы: «Кайгырсам да, сүйүнсөм да сыртымдан билдирбейм»

“Менден “үйдө оокат кыласыңбы?” деп көп сурашат. Айрымдар бул ырчы сулууланып эле жүрө берет, иш кылбайт деп ойлошот окшойт. Үйдө камыр жууруп нан жасайм, жарма жасайм”,- дейт ырчы Гүланда. Апта каарманы чыгармачылыгы, балдары, энелик сезимдери тууралуу айтып берет.

– Куш келипсиз, Гүланда айым! Жаңы эле эс алуудан келиптирсиз, кандай өттү?

– Рахмат! Эс алуу ойдогудай өттү. “Бейиш эненин таманында” тасмасынан Түркистанда тартылган бир эпизодду көргөм. Кайык менен сүзө турган сонун жасалма дарыя бар экен, ошол жерге аябай баргым келген. Жакында кызым, балам, досторум менен Түркистанга 3 күнгө эс алууга барып келдим. Аябай жакты, шаар ичи таза, мечиттер көп экен, бир чети зыярат да кылып келдик. Келип эле сүт ичкени (ред.: саамал эмес) кеттим. Айтор, азыр той мезгили бир аз салкындап турганда энергия ресурсун толтуруп эс алып алайын деп жатам. Чыгармачылыктагы жаңылыктарым, азыр баары эле тойдо ырдала турган чыгармаларга басым жасап калышпадыбы. Ильяз Абдыразаковго 2-3 той ырына буюртма берип койдум, жакын арада даяр болуп калса керек. Ошондой эле бир котормо ырды даярдап жатам.

– Котормо деп калдыңыз, учурда казак, өзбек элинин ырларын которуп ырдап популярдуу болгон ырчылар бар. Кандай ойлойсуз, чыгармачыл адам өзү эмгек жаратып, автордук ырларга басым жасаганы жакшы эмеспи?

– Эми учурдун талабы ушул болуп жатпайбы, которулган ырлар элге бат сиңип жатат. Албетте, ар бир ырчы үчүн өзүнүн чыгармалары менен популярдуу болгон чоң ийгилик. Бирок чыгарма которулма болобу, өздүк болобу, башкысы эл сүйүп укса болду да.

– Үйдөгү тиричилик кандай? Балдарыңызда кайсы кесипке кызыгуу бар экени байкалабы?

– Балдарым чоңоюп калышты, кызым 14тө, уулум 12де. Ушуларды жөжөдөй кылып жанымда ээрчитип жүрүп чоңойттум. Ойлоп көрсөм, балдарымды таштап узакка бир жакка кетпептирмин. Кичинесинде жанымдан чыгышчу эмес, азыр менден кутула албай жүрүшөт (күлүп). Инстаграмда күйөрмандарым “жалгыз эле жүрө бересиң, балдарың каякта?” деп сурай беришет. Балдарым такай жанымда, болгону алар сүрөткө, видеого түшкөндү жаман көрүшөт. Мен алардын тандоосун сыйлайм. Уулум футболго кызыгат, IT боюнча ийримдерге барып жүрөт. Кызым актриса болгусу келчү, бирок камераны сүйбөйт, тил өздөштүрүү жагына ыктап жатат азыр. Мен үйдө өтө катаал эмес, өтө жумшак эмес энемин. Эркелетчү жерден эркелетип, тарбияга чакырчу жерден тарбияга чакырып коём.

– Мыкты кожойкемин деп айта аласызбы?

– Менден көптөр “үйдө оокат кыласыңбы?” деп сурай беришет. Гүланда сулууланып эле жүрө берет, иш кылбайт деп ойлошот окшойт. Балдарым үйдө жасалган нанды жакшы көрүшөт. Ошондуктан өзүм камыр ачытып, нан жасайм. Нарындын кызымын да, кичинемден жарма, атала ичип чоңойгом. Балдарыма да үйдөн жарма жасап берем. Менимче, балдарыма жаккан эле кожойке болушум керек. Анткени жасаган бардык тамактарымды тамшанып жешет.

– Жеке жашооңуз тууралуу күбүр-шыбыр кептер чыкты, өз оозуңуздан уксак...

– Өзүңүздөр көрүп тургандай, баары жакшы. Кимге кызык менин жеке жашоом? Мисалы, мага эч бир ырчынын же башка бирөөнүн жеке жашоосу кызык эмес. Ошол үчүн жеке жашоо деп айтылат да.

– Гүланда деген ырчынын элге таанылышына Айбек Карымовдун салымы канчалык?

– Ал менин устатым, мени эл алдына алып чыккан адам, чыгармачылыгымда орду чоң, муну элдин баары билет. Негизи кичинемден эле ырдайм, биз үй-бүлөлүк ансамбль болчубуз. Апам экөөбүз ырдайт элек, байкем аккордеон тартып берчү. Мурун “Ак-Талаа ыр кесеси” деген райондук кароо-сынакка катышып, бир телеберүүгө тартылган элек. Ошондо ырдаган видеолорум азыр Ютубда бар экен. Негизи чыгармачылык өнөр бизге тай жактарымдан өткөн. Белгилүү күүчү, комузчу Нурак Абдрахманов таякем болот. Университетте окуп жүргөндө да мени гитара черткен ырчы кыз деп таанышчу. Кийин  Райхан Абдувалиеванын “Периштем” тобунда солист болуп жүрдүм. Андан соң тамада Эшенкул Барпиев агабыз менен тойлорго чыгып ырдап жүргөндө Айбек (ред.: Карымов) мени көрүп калып, өзү түзгөн “Ай-Теңир” тобуна чакырган. Ошондон кийин көптөгөн популярдуу ырларым жаралды, Айбек Карымовдун менин чыгармачылыгыма, Гүланда деген ысымдын элге сиңишине салымы зор.

– Ичиңизде кайсы бир адамга таарыныч, ыза жокпу?

– Негизи жашоодо сабырдуумун. “Ушак сүйлөбөгөн, эмоцияга алдырып жибербеген адамсың, сыртыңдан карап жашооңдо эмне болуп жатканын билбейсиң” дешет. Кайгырса да, сүйүнсө да эмоциясын сыртына чыгаргандар бар го, мен ошондой эмес экенмин. Дайыма бир калыпта жүрөм.

 

Кыска-нуска

– Хейтерлердин сиз тууралуу жазгандарына капа болосузбу?

– Баскан-турганымды аңдып, “каякта, эмне кылып жүрөсүң?” деп көзөмөлдөп турган күйөрмандарым бар. Ошолор мени таң калтырышат. Бирок көңүлүм чөкпөйт, мен эмес, менден кыйындарга деле жазып жүрүшпөйбү.

– Өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшкөн учуруңуз болобу?

– Анткенге убактым жок.

– Кайсы дене мүчөңүздү сулуу деп эсептейсиз?

– Бардык жеримди. Аялдын баалуулугу өзүн сүйгөндөн башталат.

– Чыныгы аялдык бакытты качан сезгенсиз?

– Биринчи жолу эне болгондо.

– Акыркы жолу качан ыйладыңыз?

– Ыйлаак эмесмин, көбү мерезсиң дешет (күлүп). Акыркы жолу таякем каза болгондо катуу ыйладым.

– Мырзалардагы баалаган сапатыңыз?

– Бир сүйлөгөн, аялга теңелбеген, айтышпаган, майдаланбаган чыныгы эркек мүнөздүк сапатты баалайм.

– 20 жылдан бери рулда экенсиз, жолдо баратып сөгүнөсүзбү?

– Жок сөгүнбөйм. Айымдардын сөгүнгөнү мага өөн учурайт.

– Дайыма жаныңызда алып жүргөн косметикалык каражат?

– Атыр. Мен атырлардын “гурманымын”, бир атырды башкасына аралаштырсаң такыр башкача жыт жаралат. Ошондой өзгөчө жыттарды издеп, аралаштырып колдоном.

– Бензинге күнүнө канча акча коротосуз?

– Унаама 2000-3000 сомдук газ куюп койсом 4-5 күн жүрөм.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан