Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Улуу муун, кичүү муун болуп талашып-тартышып жатып калышты. Канат күтүүсүз жерден Шооланын талкууга түшүп кетишинен аябай коркуп кетти. Шоола болсо сөз эмне тууралуу болуп жатканын элес деле албады. Өзүнө айтылып жаткан сын экенин деле сезбеди. Бир билгени – Канат ушул бөлмөдө отурат. Болгондо да башка кыздын жанында. Баш көтөрүп алар жакты карай алган жок. 

– Эми азыркы жаштарга эмне дейбиз. Заман башка, ошол үчүн жаштарды жайына койгон туура, менимче,- деди Канаттын апасы токтоо гана.

– Ай, билбейм эми. Колуңуздагы келиниңизди катуураак кармаңыз жок дегенде. Канат өзү эстүү жигит да, эстүү жигиттин жубайы деле эстүү болот,- деди таежеси ныгыра сүйлөп.

Жанат мыйыгынан күлүп койду. Бир аздан кийин отургандар башка темага өтүп кетишти. Шоола көзүнүн кыйыгы менен Алияны тиктеп калды. Жаш кыз экен, Канатка шыбырап бир нерсе дейин дегенде Канат башын ылдый кыла берилип тыңшап калды. Шооланын жүрөгү жарылып кете жаздады. Анткени ушул кыймылда да ушунчалык мээрим жаткан болчу. Мурун Шоола да кулагына бир нерсе деп шыбыраганда аны да берилүү менен ушинтип укчу. Так ошол кыймыл! Чыдабай, ааламды жаңырта бакырып ыйлагысы келди. Көздөрүнөн жаш айланып кетти. Жанатка  акырын шыбырады.

– Мен кыйналып турам, кете берейинчи.

– Эмне болду?

– Башым айланып жатат. Өзүмдү жаман сезип жатам.

Жанат келинчегинин жүзүнө жакшылап карады. Купкуу болуп, көздөрүнө жаш тегеренип, ыйлап жиберчүдөй абалда эле.  Ого бетер кырстыгы тутанып кетти. Аялы эмнеге мындай абалда отурганын сезди, анын кызганычы Шооланыкынан да күчтүү эле.

– Отургандар ансыз да экөөбүздү кеп кылып жатса, азыр туруп кетип калсак кандай болот?

– Жанат, мен...

Жанат оюнду андан ары улагысы келди, Шооланы жетелеп Алиянын жанына алып барды.

– Мына, силер эми абысын болосуңар, жакшылап таанышып алгыла. Алия кичүү болгону менен, биз аны жеңе дешибиз керек. Ушундайбы, Канат?

Шооланы куурчактай кылып жетелеп келип, зордоп жанына тургузуп койгонун сезип эле турду Канат. Ачуусун араң жутту.

– Кандайсың, Шоола?- деди. Тойдон бери биринчи жолу жүзүнө карап, салам айтканы ушул. Шоола аны тиктеп калды. Бакырайган көздөрүндө жан чыдагыс азап бар эле. Таарыныч, өкүнүч, сүйүү, жек көрүү, кызганыч бардык сезимдер бар болчу. Ушул учурда Жанатка бирөө телефон чалып калып, ал ары басып кетти. Алияны болсо жеңеси кулагына бир нерсе шыбырап ары жакка ээрчитип кетти. Аз убакытка Канат менен Шоола жалгыз калышты.

– Ооруп калдыңбы?- деди тынчсызданган Канат. Анын өңү купкуу тартканда эле жүрөк оорусу кармап каларын билчү.

– Ооруган эч нерсе эмес, өлгүм келип жүрөт, Канат,- деди Шоола.

– Антип айтпа.

– Капкараңгы жерде калгандаймын. Кенедей бир жарык тапсам деп тырмалаңдайм. Бирок туңгуюктан чыга албайм.

– Эмне болду?

– Сен туура айтыпсың. Сен башынан туура айткансың. Мен кетип калышым керек эле. Эми кааласам да...

Шоола түшүнүксүз бир нерселерди божурап, жетишпей калчудай аптыгып сүйлөп жатты. Канатка жок дегенде азыркы абалын түшүндүрсө... Канат эч нерсе айта албады. Башын чайкап отуруп берди.

– Канат, сен да мендей бактысыз болосуң. Бул кызга үйлөнбө. Суранам, мендей жаңылыштык кетирбе. Башка бирөөнү да бактысыз кыласың. Сен да мендей эле жаңылыш кадам таштап жатасың.

Шооланын билегиндеги көк ала тактарды байкап калды Канат.

– Колуңа эмне болгон?- деди таң кала.

 Шоола колун жашыра берди.

– Шоола, Жанаттын сага колу тийип жатабы?- деген Канаттын көздөрү коркунучтуу жылтылдап кетти. Башкасын кечирсе болот, бирок мындайга чыдай албайт болчу. Эгерде азыр Шоола ага Жанаттын колу тийгенин айтса, ушунча коноктун, Алиянын көзүнчө Жанатты басып жыгылып муунтуп салууга даяр болчу. Шоола Канаттын мындай абалынан коркуп кетти. Жанталаша башын чайкап жиберди.

– Жок, башым айланып кетип өзүм жыгылып кеттим. Колумду таянып жыгылгам, ошондон...

– Чынбы?

– Ооба.

Ушул учурда Жанат алардын жанына келип калды, Канатты болсо достору чакырып сыртка чыгып кетти.

– Эмнени сүйлөштүңөр?- деди Жанат шектене.

– Ден соолугумду сурады, болгону ошол.

– Сен келиндер жакка барып аралашканга аракет кыл, жаным. Бир аз чыдап кой, азыр кызга сөйкө салынгандан кийин эле  кетебиз. Шаан-шөкөтүнө менин деле кызыгуум жок, бирок катышып койбосок болбойт. Бир аз чыда, ээ?

Шоола аргасыз баш ийкеди. Сөйкө салынды, Канат менен Алиянын кол кармашып турганын көргөн Шоола миң өлүп, миң тирилип жатты. Бул нерсенин баары анын кыялы эле. Алиядай көзү жайнап, бактылуу болуп тургусу келди эле. Кыналыша кол кармашып, жанында Канат турса болду эле ага. Аттиң, болбоду. Ошол күн Шооланын эсинде түбөлүккө калды.

 

xxx

Түн бир оокум. Ойгонуп кеткен Жанат жанында жаткан Шооланын жок экенин көрдү. Тура калып үйдүн ичин карап чыкты. Оюна эмнелер гана келген жок. Машинесинин ачкычын алып сыртка жүгүрдү. Унааны от алдырып жатып Шооланын ары жакта басып жүргөнүн байкады.

– Өх, жүрөгүм түшүп калды. Сен эмне кылып жүрөсүң?

– Уйкум качты, сыртка чыктым.

– Үшүп калыпсың, жүрү үйгө.

– Сен кире бер, мен бир аздан кийин кирем.

– Шоола!

– Мага дем алдырчы, Жанат. 24 саат бою мени кайтарасың. Сыртка чыксаң улам чала берсиң. Видеочалуу аркылуу кайда жүргөнүмдү текшересиң. Мага оор, менден да сага оор минтип жашаш. Муунтпачы мени. Дем жетпей баратат мага.

– Эмне-е?

– Жетишет, жайыма кой мени. Кааласам сыртка чыгам, кааласам кирем. Мен сенин көлөкөң эмесмин.

Жанат жай гана Шооланын колдорун карады. Көк ала тактар дагы деле кете элек болчу. Алаканы менен сылай берди да, акырын үн катты.

– Сен эрте эле унутуп калдыңбы? 

– Жанат?

– Үйгө кир дедим.

Шоола аргасыз макул болду. Анткени мындай учурда ага каршылык көрсөтүштүн кереги жок. Жинденип кетсе өзүн токтото албай калмайы бар. Өзүнө келгенде бутуна жыгылып, бырылдап ыйлап калат.  Теңелиштин кереги жок. Мурун ушундай зөөкүр күйөөлөр тууралуу кинолорду көргөндө мындай адамдар реалдуу жашоодо жок сыяктуу сезилчү. Азыр башына келип отурат.

– Токточу,- деди Жанат. Ичиндеги ачуусун баса албай калды.

– Эмне болду?

– Балким, сен тиги менен жолугуу үчүн чыккандырсың сыртка? Жана жалгыз калганыңарда, балким, сүйлөшүп алдыңар? Ким билет, балким, мен ойгонуп кетпегенде...

– Оорулуу! Оорулуу фантазияң сенин башыңды жутат,- деди Шооланын кускусу келип.

– Ооба, мен оорулуумун. Мени ким оорулуу кылды, ия? Мени силер оорулуу кылдыңар!

Жанат өзү да абалын билет. Ичиндеги ачуусу басылбай, өзүн токтотууга жол таба албай калат. Мындайда кээде өзүнөн коркот. Шоолага зыян тийгизип аламбы деп коркот, бирок эркине ээ боло албай калат. Кызганыч, шектенүү мээсин чоктогу темирдей кызытып баратты. Канатка телефон чалууну ойлонду, түн бир окуумда ал кайдан жооп берсин. Ого бетер шеги күчөп бара жатты.

– Жанат, эсиңе кел. Мен жөн эле таза абага чыккам.

Шооланын сөздөрү ага алыстан угулгандай болуп бара жатты. Акылы дагы да болсо эркине жеңилип берди. Шоола жардам сурап чыңырып жатты... 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан