Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аман досун саат санап күтүп жатты. Эртеси түш оой гана убактылуу кармоочу жайдын темир эшиги кыйч эте ачылып, нөөмөттөгү кызматчы Аманга карап чык дегендей ишарат кылды. Эки күн Аман үчүн көп убакыттай эле сезилип кетти. Чыга бериште күтүп турган досун көрүп сүйүнүп кетти.

– Ассалом алейкум.

– Алейкум салам,- экөө кучакташып учурашты.

– Эй, сен деги бул жакка эмне кылып түшүп жүрөсүң?- деди досу таңдангандай түр көрсөтүп. Болбосо ал иштин чоо-жайын уккан эле. Ал бул суроону сынамакка берди.

– Ал көп сөз,- деп эшикти көздөй басты.

– Сауна, кыздар эле деп жатышты. Андай иштерге аралашып кеткен дагы жайың барбы?

– Капыстан эле болуп кетти. Өзү ал жакка тиешем деле жок,- деди Аман.

– Болуптур анда, иши кылып жакшы жүр. Менин анда иштерим бар эле. Мени күтүп калышты. Бул жакты 50 миң сомго сүйлөштүм, 30 миңге делону жаап салбайсызбы десем болбой койду. 50 миң сом алып бердим. Андан көрө акчаны эртелет,- деди досу.

– Жарайт, болушунча эртелетем,- деген Аман досу менен коштошуп, таксиге түшүп кетти. Ал 50 миң сомго деле кейиген жок. Чыкканына сүйүнүп жатты. Досунун аны алдап койгонун да байкаган жок. Чынында, досу Аманды бир сом бербей эле таанышына айтып чыгартып койду. Бул ишти жөн коё бербей досу пайда таап калгысы келди.

Аман келип эле сайтына баш бакты. Сайттын иши жакшы эле жүрүп жатыптыр. Капчыкка бир топ акча түшүп калганын көрүп кудуңдап кетти.

Ушул сайтты эле иштете берейин, Айзада эженин иштерине аралашпай эле коёюн деп ойлонду. Аман бул оюн бышыктады. Ушул түндөн калбай Аман Айзаданын үйүнөн көчүп кетти. Жаңы тапкан убактылуу батирине жайгашып, телефон номерин алмаштырып салды. Ал оюнда Айзада аны издейт деген. Утур-утур эски СИМ-картасын салып ким чалганын текшерип коёт. Бирок канча кишиден чалуу түшсө дагы, Айзададан чалуу түшпөй койду. Абдан таң калды бул көрүнүшкө. Кеч кирип көз байланып калган маалда Айзаданын үйүн көздөй жөнөдү. Терезени караса жарыктары өчүк, үйдүн ичине кирип көрдү. Үйгө өзүнөн бөлөк эч ким келбегени даана көрүнүп турду. Аман таң калды.

Телефонун алып Айзаданын номерин терди. “Сиз чалган абоненттин телефону өчүрүлгөн...”

– Деги Айзада эже аман-эсен болду бекен? Мынча убакыт дайынсыз кетпейт эле.

– Ким билет? Балким, эс алып жаткандыр. Сураштырайын десем ушуга чейин бир дагы тааныш-досун билбейт экенмин,- деп Аман өзү менен өзү сүйлөшүп койду. Айзаданын жол кырсыгына учурап ооруканада жатканын Аман кайдан билсин? Эртеси кеч курун Аман дагы да Айзаданын келген-келбегенин билиш үчүн үйүнө келди. Дагы да анын келгени байкалбайт. Унаа токтотуучу жайга кирип унаасын карады. Унаасы ордунда жок экен. Беш күн бою катары менен келип Айзаданын келген-келбегенин күтүп жүрдү. Андан бөлүнүп каражат түшүп турган тейлөө сайтын өзү менен алып кетейин деп көздөгөн эле. Бирок анын дайынсыз кеткенине тынчсызданып жатты. Канткен менен Айзада ага каражат жактан бир топ колдоо көрсөткөн да. Аман ижарадагы батирин өткөрүп, кайрадан Айзаданын үйүнө келип жайгашты.

xxx

Жашоо кээде жипке тизген шуурудай бир ыргакка түшүп, кээде жиби үзүлгөн шуурудай чаржайыттык орун алат. Бул жагдайды тагдырга шылтайбыз. Ал тагдыр дегениң сырдуу да, сүрдүү да болуп, кырын салып турат. Бир көз ирмемден кийин эмне болору эч кимибизге маалым эмес. Ар бир пенденин бешенесине жазылганы башка бир да жандыкына окшобойт тура. Бири "тагдыр бешенеге жазылат" десе, бири "тагдырды жасоо ар бир адамдын өз колунда, адамдын иш-аракетине жараша өзгөрөт" дейт.  Жарыкты көзүң көрүп, добушту кулагың угуп, сезимиң көп нерсени баамдап турганы кандай керемет. Бул кереметтен куру калып, тагдырдын сыноосуна кабылганы канча. Айзада дагы тагдырдын сыноосуна кабылып өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан чагы. Айзада бул күнү дагы жандандыруу бөлүмүндө жатты. Башкалар сыяктуу анын комадан чыгышын күтүп эшикти сагалап, тынчсызданып, Жаратканга жалбарып турган жакындары деле жок. Болгону анын абалын телефон аркылуу бир Жакыпов сурап турду. Анын ойгонушун аны караган башкы дарыгер, медайымдар гана күтүп жатты.

“Эч кимиси жок бекен, бир да киши басып келбейт го. Деги бул эмне болгон аял болду экен. Чындап жалгызбы” деп ич ара сүйлөшүп жатышты.

Комада жатканына 7 күн болгондо Айзада көзүн ачты. Алайып айлана-тегеректи байма-бай карайт. Кайда жатканын, эмнеге бул жерде жатканын аңдаган жок. Ал ким, эмнеге бул жерде, анын жанындагылар кимдер? Эч бирин түшүнө албай дендароо болуп турду. Айланасында болуп жаткан кыймыл-аракеттерди аңдаган жок. Дарыгер аны көрөрү менен эле эс-тутумун жоготконун түшүндү.

Башкы дарыгер дароо “Тез жардам” унаасын айдатып, Айзаданы өзү коштоп Жакыпов даярдаган жеке менчик бейтапканага алып жөнөдү.

Жакыпов бул кабарды угуп сүйүнүп кетти. Дароо айдоочусун чакыртып аларды тосуп алуу үчүн бейтапкананы көздөй жөнөдү.

Кеминден жол алган “Тез жардам” унаасы зымырап учуп бат эле Бишкек шаарына кирип келди. Бейтапкананын алдында аларды Жакыпов жана айдоочусу тосуп алды. Дарыгерлер жабыла аракет кыла бейтапты палатага алып жөнөштү. Палатага жайгаштырып, дарыгерлер чыгып кеткен соң Жакыпов Айзаданын жанына келди. Акырын келип колун кармады. Айзада колун акырын тартып аны таң калгандай карады. Үн деген жок.

– Айзада,- деди акырын үн чыгарып.

Кимди айтып жатат дегенсип эки жакты карап койду.

Бул учурда сырттан Кеминден келген дарыгер кирип келди да, башы менен ишарат кылып Жакыповду сыртка чакырды.

– Бул мени тааныбай жатабы, же сүйлөгүсү келбей жатабы?- деди Жакыпов дарыгерден озуна кеп баштап.

– Сизге дал ушул жагдай боюнча айтайын деп келдим. Айзаданын абалы туруктуу, бирок...

– Эмне бирок?- Жакыпов алая карады.

– Азырынча эс-тутуму жайында эмес.

– Кандайча? Эмне, эч нерсени эстей албайбы?- Жакыпов шашылыш суроо берди.

– Тилекке каршы, ошондой. Баш сөөгү катуу сокку жеп калган. Анын үстүнө бир апта комада жаткан дагы оңой эмес. Биз эми бул абалдын жакшырышын күтүшүбүз керек. Балким, баштапкы абалына кайтпай да калышы мүмкүн. Балким, бул абал бир нече убакытка созулушу мүмкүн. Балким, тез эле өтүп кетет. Жакшы дарыланышы, жакшы кароо керек. Эми өз көзөмөлүңүзгө аласыз да,- деди дарыгер оор үшкүрүнүп.

– Ка-ап, жаман иш болуптур. Эми дарыгерлерге дайындадым. Күчтүү дарыгер билсеңиз сиз да сунуштаңыз,- деди Жакыпов. Чындап аны бул абалдан чыгарууга жардам бергиси келип турду.

Жакыпов күн сайын бейтапканага келип Айзаданын абалы менен таанышып кетип жатты. Ушундай кыйын учурда аны жалгыз таштап жүз буруп кетүүгө дити барган жок. Көп узабай Жакыпов издештирип жатып Айзаданын жанына атайын адис таптырды. Анын сураган акчасын төлөп берип, Айзаданы жакшылап кароосун табыштап, өзү иш сапары менен Германияга сапар алды.

Ошентип Айзаданын күндөрү жашоонун түсүн айрыбастан төрт дубалдын ичинде өтө берди. Шыпты тиктеп терең ойго чөмүлүп жаткан адамдай түр көрсөтөт... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан