Темирлан Акматов, ырчы Алтынай Нарбаеванын уулу: “Ошол окуяда апам менен абдан сыймыктандым...”

Бул жолку “Туяк” рубрикабыздын каарманы  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Алтынай Нарбаеванын уулу Темирлан Акматов. Ал кандай адам? Эмнелерге кызыгат? Чыгармачылыкка жакын адамбы же оолакпы? Суроолорго маектен жооп таба аласыз. 

– Кандайсыз, Темирлан? Биздин окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...

– Жакшы болот. Мен кыргыз элинин таанымал ырчысы, апамдын уулумун (күлүп). Атым Темирлан, 28 жаштамын. Үй-бүлөлүүмүн, бир татынакай кыздын атасымын. Жеке сектордо иштейм, бизнесменмин.

– Апаңыздын атактуулугу сиздин жашоого кандай таасир этти? Сөз тийгизип албайын деп абайлап, чоң жоопкерчиликтин астында өстүңүзбү? 

– Чынын айтканда, апам кыргыз элине таанымал инсан, а мен үчүн апа эле. Элдин алдында жылдыз болушу мүмкүн, ал эми мен үчүн апам жылдыздан да бийик инсан. Бүтүндөй бир аалам деп айтсам туура болот окшойт. Жашоодо апамдын атактуулугу андай деле таасир эткен жок болуш керек. Анткени өзүм курактуу башка балдардай эле чоңойдум. “Атактуунун уулумун” деген бой көтөрүү болгон жок. Башкача айтканда, статусум өзгөлөрдөн башкача окшойт деген ой болгон жок такыр. Албетте, апам менен сыймыктанабыз, бирок мен үчүн апамдын үйдөгү энелик орду эл алдындагы ордунан кыйла бийик.

– Жакшы, анда ал кишини апа катары сүрөттөп берсеңиз...

– Апамдын өзгөчөлүгү – ал балдары менен дос боло алат. Өткөөл куракта болобу, азыр деле апам менен ачык-айкын бардык темада сүйлөшө алам. Башкалардын “апама айта албайм, тартынам” дегенин уксам кадимкидей таң калам. Анткени апам мага эң жакын дос боло алды. Балким, ал көп жылдар бою мугалим болгондуктан, балдардын психикасын жакшы билгендиктен болушу мүмкүн. Апам өзүн ар тараптан изилдеген эмгекчил инсан деп айтып кетер элем. Анткени психология болобу, үй чарбачылыгы болобу, же башка бир маселеби, баарын изилдейт, кызыгат жана билет. Кээде апамдын колунан келбей турган эч нерсе жоктой сезилет. Апамдын небереси – менин кызым менен ойноп жаткан учурлары мага аябай сүйкүмдүү сезилет. Ошол учурду талбай карап отура бергим келет. 

Негизи апам менден, бизден эч нерсе аябаган, күйүүмдүү эне. Балдарына деген ишеними 100 пайыз болду, ал биздин эч качан жаман ишке барбай турганыбызды билчү, ошондуктан эркин чоңойтту. Биз дагы анын ишенимине татыктуу балдар болдук деп ойлойм.

– Бир туугандарыңыз менен мамилеңиз кандай?

– Бир эжем бар. Дээрлик бир куракта болгонубуз үчүн бардык үй-бүлөдөгүдөй эле биздин ортобузда да “дүйнөлүк согуштар” чыгып турчу (күлүп). Ошентсе да эжемди аябай жакшы көрөм. Азыр деле талашып-тартышабыз, бирок бири-бирибизге абдан жакынбыз. Карындашым бар, ал эми кичинекей да. Аны да баарыбыз эркелетип жакшы көрөбүз. Үч бир тууганбыз.

– Чыгармачылыкка жакынсызбы?

– Жок, чыгармачылык жана мен таптакыр эки башка нерсебиз (күлүп). Мен чыгармачылыкка караганда спортко жакынмын. Футболдун фанатымын, өзүм да ойнойм. Эсимде, 67-мектепте окуп жүргөндө  мектептеги футболдук мелдеште ойногом. Апам мени колдоого келген. Көзүмдүн кыйыгы менен карасам апам аябай тынчсызданып, мени карап турган экен. Бул мага чоң мотивация болду. Натыйжада ошол мелдеште жеңип, медаль жана грамота алганым эсимде. Азыр алар кайда калганын билбейм бирок...

– Ырчылыктын да өзүнүн түйшүгү бар, мисалы, гастролго кеткенде үй иштери аксашы мүмкүн. Апаңыз гастролго кеткен учурлар эсиңизде барбы?

– Ырчылыкты үй тиричилиги менен чогуу ала жүрүү кыйын болушу мүмкүн, бирок башка аялдарга. Апам баарына жетишчү. Ырчылык менен алектенип тим болбой, өмүр бою мугалимдик кесипти аркалады. Үйдөгү жумуштарын да өз убагында бүтүрүп, эжем экөөбүзгө да болушунча көңүл, убакыт бөлчү. Сабактан бир аз бошоп калса үйгө келип бизди сейилдөөгө алып чыгып, балмуздак алып берип убактысын мүмкүн болушунча бөлүүгө аракет кылды. Апамдын гастролдоп кеткенинен улам үйдө кандайдыр бир көйгөй жаралганы деле эсимде калбаптыр, анткени таарынычты, негативди көпкө эстеп жүрбөйм. Ким билет, балким, бизде деле бир маселелер болгондур кичине кезибизде. Эмнегедир эсимде жок.

– Жылдардын өтүшү менен апаңыздын мүнөзү өзгөрдүбү?

– Өзгөргөнүн байкабадым. Апам менен абдан сыймыктанган бир учурлар болду. Мен “ошол кезге чейин апамды анча деле тааныбаган экенмин” деп калам. Коронавирус пандемиясы болуп калбадыбы. Адамдар бири-бири менен учурашпай, баары үйдө отуруп калышты. Элдин баары коркунучта. Эми ар ким өз жаны үчүн коркот да. Ошол убакта апам биринчилерден болуп жардамга аттанып чыкты. Корккон жок. Күнү кечке кайрымдуулук иштери менен чуркап жүрдү. Тамак-ашка, дары-дармекке, айтор, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө керектүү нерселерди жеткирип жатты. Апама кошулуп мен дагы кайрымдуулук иштерине аралашып калдым. Ошондо апамдын кайратын, күчүн сездим, эл дегенде баарын унутуп коёорун билдим. Абдан сыймыктандым.

– Эне менен баланын ортосунда бир өзгөчө байланыш болот деп айтылат, ошондой нерсе барбы силерде да?

– Мен же апам ооруп калсак, же бир кыжаалатчылык сезим болсо эмнегедир дароо сезип, бири-бирибизге телефон чалабыз. Алыста жүрсөк да абалыбызды сезип турабыз, телепатия деп коёт эмеспи илимде. Таенем каза болгон жылдар эсимде, апама абдан оор болду. Мен дагы ошол жылдары кыйналдым, бир жылдай такыр күлбөй, мурункудай сүйлөшпөй аза күтүп жүрдүк. Апама оор болгонун сезген үчүн мага да оор болду болуш керек. Мен анда жаш бала элем да.

– Апаңыз сизге же сиз апаңызга берген эң чоң белек...

– Апам белек берүүнүн чебери десем болот (күлүп). Мага, келинчегиме, кызыбызга түрдүү белектерди берет. А менин белегим небереси болду окшойт. Апама “небереңиздин атын сиз коюңуз” дегем. Бир ай ойлонуп жүрүп Алиандра деген кызыктуу, уккулуктуу сонун ысым койду. Маекте апам тууралуу эл билгенден башка эмне айтып бере алдым деп ойлонуп жатам. Апа, ушул маекти окусаңыз билиңиз, мен сизди аябай жакшы көрөм. Убакыт тартыш болуп мурункудай көп жолукпай жатканыбыз үчүн кечирим сурайм.

 

Нуржамал Жийдебаева       

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан