Алтынай Жайнакова, ырчы: «Балам бар, бул чындыкты 11 жыл жашырып жүрдүм»

“Көптөн бери ичимде катып жүргөн сырым бул, аны айтууга убакыт келди окшойт” деди ырчы Алтынай Жайнакова. Ырчы айым менен маектешип, аны уйгу-туйгу кылган ойлоруна кулак төшөдүк.

– Алтынай, куш келипсиз! Кандай жаңылыктарыңыз бар? Ичимдеги сырды айтам деп жатасыз, кепти эмнеден баштайбыз?

– Рахмат! Элдин кызматында элебиз. Буга чейин “ырдап бер” деп тойлорго чакырышса баш тартчумун. Акыркы убактарда “бул дагы Кудайдын берген ырыскысы” деп чакырууларды кабыл ала баштадым. Жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатабыз. Мурда “ушул бойдон эле калып кетемби?” дечүмүн. Азыр атактуулукка деле, акчага деле, жадакалса бактылуулукка деле ашыкпай калдым. Баарына шүгүр деп жашап калдым.

– Демек, токтолуп баратасыз?..

– Ар түрдүү болуп кулпуруп жатам го (күлүп). Жаш өйдөлөгөн сайын ушундай боло берет экен. Ичимде абдан чоң нерсени жашырып жүрөм, муну ойлоно берип, өзүмдү күнөөлүү сезип жүрдүм, эми айтайын, ачыкка чыгарайын дедим...

– Анда ошол чоң сырыңызды угалы...

– Башташ да кыйын экен. Ошол сырымды жашырам деп ар түрдүү болуп өзгөрө берчүмүн. Ойлонуп, талдап көрсөм, бул чындык, Кудай мени ушинтип сыйлады. Баягы МАИ кызматкерлери менен болгон ызы-чуудан (ред.: Алтынай айым МАИ кызматкеринин кашын жара тепкен окуя) кийинки депрессияда калганымдын себеби дагы ушул... Мен учурда 11 жаштагы уулдун энесимин.

– Оо, кызык экен...

– Ошол учурда балам 2-3 жаштарда эле. Баягы окуя болду, элге видео тарап талкууда калган учур, үйдө жалгыз отурам, түн жарымы. Оюмда өзүмө-өзүм кол салам деп жатам. Карасам, мотурайып балам турат. Аны кыя албадым, бул баланы кимге таштап кетет элем дедим да, бир түндө чечим чыгардым. Тирүү калдым.

– Эмне үчүн балаңыз бар экенин ушул кезге чейин жашырып келдиңиз?

– Балам бар экенин, мурда турмушка чыкканымды айтпай жүргөнүмдүн негизги себеби – баламды коргоо болчу. Баламдын достору, классташтары бар да, МАИ кызматкерлери менен болгон окуяны айтып баламды сындырып коюшабы деп коркчумун. Ойлонуп көрсөм, ал окуя мындай эле нерсе экен. А мен чоң окуя катары кабыл алып депрессияга түшүп кетиптирмин. Ошондой абалда тирүү калууну тандагандын өзү жеңиш. Чындыкты жашыруу балага оор тийип, травма алышы мүмкүн экен. Балам “апам мени жакшы көрбөйбү?” деп ойлоп калбашы үчүн ачык айтууну чечтим. Ухх... Мына эми желкемдеги чоң жүктү алып салдым окшойт... Денем дүркүрөп, жеңилдеп калдым.

– Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз эле?

– Ушул убакка чейин туулган жылымды да сыр кылып келгем. Эмнеге экенин билбейм, балким, баламды эле эмес, өзүмдү да элден коргогум келген окшойт. Баламды 18 жашымда төрөгөм. 17 жашымда турмушка чыккам, ала качып кетишкен. Атам “бул кызым үйүңөргө барып тиричилигиңерди кыла албайт” десе болбой алып калышкан. Баары бир жашообуз ойдогудай болгон жок, 10 ай жашадым, ал аралыкта балам төрөлдү. Ошону менен эки башка жолго түшкөнбүз.

– 18 жаш... Өзүңүз балалыктан алыстай электе эне болгон экенсиз. Балаңызды кантип чоңойттуңуз?

– Жараткан баланы берсе, ырыскысы менен кошо берет экен. Өзүм чоңойттум, ар дайым жанымда. Ата-энем жардам берип, колдоп турушат. Чын эле өзүм бала болуп туруп эле төрөдүм да, балам менен чогуу чоңоюп келатам. Экөөбүз достордой элебиз, абдан жакынбыз. Баламды “менин шеригим болосуң” деп коём. Кыйынчылыктар болду, албетте. Бир жагынан баланы багышым керек, бир жагынан иштешим керек, бир жагынан жанагы окуядан кийинки көпчүлүктүн негативи. Энелик мээрим бергенге колумдан келишинче аракет кылдым. Атасынын ордун бастым же атасынын тарбиясы жетпей калды дебейм. Жараткан баламдын тагдырын ошентип жазыптыр, андан баш тарта албайсың.

– Атасы баласынан кабар алып турабы?

– Негизи кабар алып турса каршы эмесмин. 2-3 жолу кабар алды окшойт.

– Ушунча жылдан бери 2-3 жолубу?

– Ооба. Былтыр “сен эми турмушка чыгасың да, баланы бизге берсең” деген сыяктуу ой менен келиптир, элестетсеңиз. Жакшы коноктоп, узатып койдук.

– Таарынычыңыз жокпу азыр ал кишиге?

– Жо-ок, таарынычым жок. Тескерисинче, мага таарынбаса экен дейм.

– Сизге эмнеге таарынышы мүмкүн?

– Анткени башында мени жакшы көрүп, жакшы ниет менен үйлөндү да. Мен жаштык кылдым баары бир. Мүмкүн, азыркы акылым болгондо турмушум башкача болмоктур. Бирок тагдырыбыз ушундай экен. Кандай болгон күндө да мага таарынычы жок болсун, менин да таарынычым жок. Демек, ушул бала жаралышы үчүн бизге ушундай тагдыр жазылган.

– Балаңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Атам “балдарың өзүңө окшошсун” деп тамашалайт эле (күлүп). Эрке, шок кыз элем да. А мен “балам атасына окшошсун” дечүмүн (күлүп). Баламдын мүнөзү, кебетеси, баары атасына окшош. Жароокер, мени коргоп, “маанайыңыз түшпөдүбү, баары жакшыбы?” деп турат. Күйүмдүү жигит. Сүрөт тартканды жакшы көрөт, музыкадан алыс. Көпчүлүктү жактырбайт. Анын тандоосун сыйлаганга, колдогонго аракет кылам.

– Балаңыз ал тууралуу айтып интервью берериңизди билдиби, кандай кабыл алды?

– Кечинде “ушундай, сен жөнүндө айтайын деп жатам, каршы эмессиңби?” десем, кучактап бетимден өөп, “эмне деп айтасыз мен жөнүндө?” деп сүйүнүп жатпайбы. Балам менен кененирээк сүйлөшө албайм да, күнөөлүү сезе берем өзүмдү (ыйлап)... Сүйүнүп, башкача кабыл алды. “Каалайсыңбы, сени кошо алып барайын?” десем, “сүрөткө түшкүм келбейт” дейт. Ушул сүрөткө түшкүсү келбегени дагы (ыйлап)... Мен буга чейин социалдык тармакка видео тартып жатканда аны кошчу эмесмин да, “коё турчу, сүйлөбөй турчу, мен сторис тартып жатам” дечүмүн. Ошондон улам сүрөткө түшкүсү келбей калганбы деп дагы ойлоном. Мурда кичинекей болчу, жаныма чуркап келип видеого түшкүсү келип жатса деле түшүнбөптүрмүн (ыйлап)...

 – Эрте жашында эне болгондор баланы кабыл ала албай кыйналышат дешет психологдор...

– Ошо кабыл алыш керек экен... Түшүнбөй жүрө бериптирмин. Эми баары бир күндө эле түздөлүп кетпейт, билем... Мунун артында канчалаган эмоциялар, көз жаштар бар. Алдыда баары жакшы болсун деп үмүт кылам.

– Баары жакшы болсун! Кайрадан турмушка чыгуу оюңуз барбы?

– Эмне үчүн турмушка чыкпай жүргөнүмдүн себебин айтайынбы? Балам кичинекей эле, “турмушка чыксам, ал киши баламды кабыл алабы, кандай мамиле кылат?” деп ойлойсуң. Баламды таштап коюп турмушка чыгып кете албайм, мен андай эне эмесмин, балага аябай жакынмын. Ушунча убакыт жалгыз бой жүргөнүмдүн бир себеби ушул. Учурда мени түшүнгөн бир адам бар, ал киши балам бар экенин билет. Азырынча экөөнү тааныштыра элекмин, жакшы инсан, экөө тил табышат деп ишенем.

– Бактылуу болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан