ПОЛИП ЖЕ МУРУНДАГЫ ЭТ ЭМНЕГЕ ӨСҮП КЕТЕТ?

Эгерде суук мезгилде мурундан суу коюлуп, дайыма бырылдап-шырылдап жүрсөңүз, анда бул макаланы окуп чыкканыңыз жакшы. Анткени мурундан тынбай суу ага берүү кишини жүдөткөндөн тышкары, мурунда оору да жаратат. Макаланы даярдоого врач-оториноларинголог Нуркыз Азимова көмөктөштү.

Полип кайсы куракта көп кездешет?

Мурундагы полиптер –мурундагы жана мурундун гаймор көңдөйүндөгү жумшак ткандуу оорутпай турган залалсыз өсүндүлөр. Көрүнүшү тамчыга, салаңдап турган жүзүмдүн формасына окшош. Полипти кыргыздар жөнөкөйлөтүп “мурунда өскөн эт” деп коюшат. Өлчөмү бир нече миллиметрден бир нече сантиметрге чейин жетет. Мурундагы полип 2 түргө бөлүнөт: антрохоаналдык жана этмоидалдык. Адатта, антрохоаналдык түрү гаймор көңдөйүнүн бир тарабында жаралып, аз санда болот жана аз кездешет. Ал эми этмоидалдык түрү торчо сымал көңдөйчөлөрдө жаралып, саны көбүрөөк болот. Полип дарты балдарда, жаштарда, орто курактагыларда көбүрөөк жолугат. Статистика боюнча, ар бир 100 адамдын төртөөсүндө бар.

Эмнеден улам жаралары так эмес

Полип эмнеден улам жараларына илим азырынча так жооп таба элек. Айрым себептер түрткү болот деп айтылат. Алар:

• Мурундун бүтүшү менен коштоло турган сасык тумоого, суук тийүүгө көп кабылуу. Мурун көңдөйүнүн былжыр чели шишип, чоңоёт

• Мурун тосмосунун (перегородка) кыйшыктыгы. Мисалы, кулагандан, сокку тийгенден улам

• Өнөкөт гайморит

• Ринит – мурундун былжыр челинин сезгениши. Мындайда мурундан суюктук көп агып, дем алуу кыйындайт. Риниттин вирустук жана аллергиялык деген 2 түрү бар. Вирустук түрүнө токтолсок, катуу үшүп калганда организмди коргоо механизми алсырайт да, мурундагы вирус, бактериялар көбөйүп сезгенүү келип чыгат. Дарылабаса гайморит, полипке жеткирет. Адатта, айрым ата-энелер баланын мурдунан суу куюлуп, тынбай чимкирик агып калса да көп маани беришпейт. Мындай кайдыгерлик же чала дарылоо да риниттин өнөкөткө айланып кетишине, аягы барып гайморит же полипке жеткириши мүмкүн.

Аллергиялык түрү өсүмдүк чаңчаларынан, мурунга аллергендердин кирип кетишинен жаралат. Дарылбаса гайморит, бронхиалдык астмага да жеткирет

• Астма оорусу

• Стероиддүү эмес дарылардын организмге жакпашы. Булар аспирин, ибупрофен, диклофенак, анальгин сыяктуулар. Айрымдар бул дарыларды ичкенде дем ала албай муунуп калышат. Бул дарылар күчтүү аллергиядай таасир этип, мурундун былжыр челин өзгөртүшөт.

• Муковисцидоз – гендин мутацияланышынан жаралып өпкө, бронхторду жабыркатуучу оору. Ички бездер жабышкаак затты көп бөлүп чыгарып, алардын бир бөлүгү өпкө жана бронхтордон мурун көңдөйү аркылуу чыгып баратып, анын былжыр чел кабыгына жабышып калат да, чогула берет. Ал жерде бактериялар көбөйүп, жыйынтыгында гайморит же полип жаралат.

• Мурун жолунун кууштугу   

• Риносинусит – мурундан суу агуу менен коштолгон гайморит

• Тукум куучулук

• Иммунитеттин алсырашы

• Цилиардык дискинезия – мурун ичиндеги бактерия, вирус, чаң жана башкаларды өткөрбөй тосуп туруучу түкчөлөрдүн жетилбей, жакшы өспөй калышы. Мындан улам сасык тумоо тез-тез жармашып, мурун бат-баттан бүтөт

Коңурук тартуу да полиптин белгисиби?

Полиптер кичине болсо билинбейт. Эгер орто же чоң көлөмдө болсо дем алуу жолун бууп калып адам коңурук тарта баштайт. Дем алуу аз убакытка токтоп, кайра уланып отурат. Аба жакшы жетпегендиктен организм, өзгөчө мээ жабыркайт. Адам бат-баттан ойгонот, өнөкөт уйкусуздукка кабылат. 

Полиптер дем алуу каналын бууп калганда мурундагы жана анын көңдөйүндө пайда болгон суюктук, чимкирик сыртка жакшы чыкпай топтолуп бронхторду сезгендирип, бронхитти да чакырат. Полиптер өсүп кеткенде кээде мурундан сыртка чыгып калат. Полип дартына кабылган адамдын мурду бат-баттан инфекцияга кабылгандыктан жыт билүү төмөндөйт, жоголот. Астмадан жабыркагандарда полип пайда болсо, алар стероиддүү эмес дарыларды таптакыр ичпеши кажет. Негизи өнөкөт гайморит менен коштолгон полип көп кездешет. Белгилери мындай: мурундан дайым суу агат жана мурун бүтөт, чимкирик кекиртектин керегесинин арт жагына куюлуп, жабышып оңою менен чыкпайт. Мындайда адам улам-улам жутунат, тамагын кырынат. 

Диагноз кантип коюлат?

• Мурун эндоскопиясы. Башында өтө кичинекей камерасы бар түтүкчө мурун ичине, көңдөйлөрүнө киргизилип, алардын ичи текшерилет.

• Компьютердик томография. Полиптин жайгашкан жери, өлчөмү аныкталат. Текшерүүдө шишиктер бар же жок экендиги да байкалат.

• Аллергияга тест. Бул тери же кандын анализи аркылуу аныкталат. Өнөкөт сезгенүүнүн себептерин табуу үчүн керек.

Дарылоонун натыйжасы болбойт, эгер...  

Полипти дарылоонун консервативдүү жана хирургиялык ыкмасы бар. Консервативдүү дарылоо көбүнчө полиптин өлчөмү кичине кезде тандалат. Мурун үчүн сезгенүүнү, полипти кетирүүчү спрейлер, антигистаминдик дарылар, антибиотиктер колдонулат. Мурун атайын каражаттар менен жуулуп турат. Дарылоодо полиптердин өлчөмү кичирейет жана биротоло жок болот.

Хирургиялык дарылоо – көбүнчө эндоскопиялык ыкма сунушталат. Операция орточо 45 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин созулат. Оорутууну сездирбөөчү укол же жалпы наркоз колдонулуп, полиптер эндоскоп аппараты аркылуу алынат. Калыпка келүү мөөнөтү 1-3 апта. Бул полиптердин санына, жайгашкан жерине байланыштуу болот.

Операциядан кийин дарылоо курсу уланат. Бейтап врач жазып берген дары-дармектерди убагында ичиши керек. Дарылоодон же операциядан кийин полип кайра өсүшү мүмкүн. Эгер адам кайрадан суукка, сасык тумоого көп чалдыкса, врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарбаса, мурду бүтүп, бырылдап калганда врач жазып берген дарыларды толук ичпесе.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан