“Годзилла жана Конг: Жаңы империя”

Кээде жашоодогу маселелерди ойлоно бербей, реалдуулуктан алыстап, фантастика жанрындагы тасма көргөнгө эмнеге болбосун. 2024-жылдын март айында эки алп жаныбар тууралуу кезектеги тасма экранга чыкты. Мурда бири-бири менен күрөшүп келгендер эми биригип, жаңы душманга каршы чогуу тирешмекчи. Тасма тууралуу кызыктуу фактылар менен макалабызда тааныштырабыз.

Тарткан өлкө: Австралия, АКШ

Чыккан жылы: 2024-жыл, 29-март

Жанры: фэнтези, боевик

Слоганы: “Бирге күрөшкүлө же жалгыздан кулагыла”

Режиссёру: Адам Вингард

Башкы ролдордо: Дэн Стивенс, Ребекка Холл, Брайан Тайри Генри, Кэйли Хоттл, Чэнь Фала жана башка

Узактыгы: 1 саат 55 мүнөт

Бюджети: 155 миллион доллар

Топтогон каражаты: 485 миллион доллар

Кастан достукка бир кадам

2021-жылы “Годзилла Конгго каршы” тасмасы чыкпады беле. Быйыл ошонун сиквели, же болбосо уландысы катары “Годзилла жана Конг: Жаңы империя” тартылды. Биринчисинде Конг Годзилланы жеңет. Экинчисинде болсо ал окуядан кийин бир нече жыл өткөн болот. Конг жердин тереңинде жайгашкан, Көңдөй Жер деген аймакта өзүнүн бийлигин жүргүзүп калат. Годзилла болсо мурдагыдай эле титан деп аталган желмогуздардын адамдардын жашоосуна кийлигишпөөсүн камсыз кылган чек арачынын ролунда жер үстүндө жашайт. Бир күнү Конг кандайдыр бир белги келип жатканын сезет, издеп барып чоң жараканын алды жагында башка маймылдардын үйүрү жашаган жер бар экенин көрөт. Суко аттуу кичинекей маймыл аны үйүр башчысына алпарат. Үйүр башчы Кинг Скар менен кармашта Конг жарадар болот. Кинг Скардын максаты – бүт Жер жүзүн басып алып, бийликке келүү эле. Аны жалгыз жеңе албасын түшүнгөн Конг бул жерге Годзилланы тартыштын айласын кылат. Буга адамдар, анан Монтра аталган көпөлөк жардам беришет. Анан айыгышкан кармаш башталат... Кинонун баарын спойлер кылып салбайын, калганын өзүңүз көрүңүз.

Башкача Годзилла...

Тасманын бул бөлүгүндө Годзилланын келбетине өзгөрүүлөр кошулган. Анын жонунун терисинде ачык кызгылтым өңдү көрсөк болот. Бул өң анын дем чыгарганында да байкалат. Буга чейин анын жону көк түстө болчу.

“Желмогуздар ааламы”

 “Warner Bros.” жана «Legendary Entertainment.” компаниялары биргеликте MonsterVerse — «Желмогуздар ааламы» франшизасын ишке киргизгенде алгачкы ирет 2014-жылы “Годзилла” тасмасы чыккан. “Годзилла жана Конг: Жаңы империя” бул франшизадагы 5-тасма. Ошол эле учурда бул тасма Конг жөнүндө 13, ал эми Годзилла жөнүндө 38-кино болуп калды. Годзилла тууралуу алгачкы тасма Япония кино жаратуучулары тарабынан 1954-жылы экранга чыккан.

4 айда тартылган

“Годзилла жана Конг: Жаңы империя” тасмасын тартуу иштери 2022-жылдын июль айында башталып, ноябрда бүткөн. Тагыраагы, тасма 4 ай аралыгында эле тартылган. Кайсы жерде десеңиз – Австралиянын чоңдугу боюнча 6-орунда турган кооз Голд-Кост шаарында тартуу иштери жүргөн. 

“Годзилланы желмогуз кылбагыла!”

Тасма жарыкка чыккандан кийин түрдүү сын-пикирлер айтылды. Көпчүлүгү Конгдун образы, мүнөзү жакшы ачылып, ал эми Годзилла баарын оңго-солго кыйрата берген желмогуздарга окшошуп калганын, жеке каарман, оң каарман катары мүнөзү ачылбай калганын жазышууда. Мен ушул жерден режиссёрлорго суроо берет элем. Тасманын мазмунунда Конг да, Годзилла да адамзаттын жашоосун сактаганга жардам берчү каармандар да, чынбы? Анда эмнеге кармаштарда бир нече шаар, көптөгөн имараттарды кыйратып салышат, океандардагы кемелерди, абадагы учактарды кошпой эле коёюн? Тиги имараттарда канча миңдеген адам жашайт да... Айтор, менин суроомо ким жооп бермек эле, ээ? Андыктан бул эми кино, фантастика, Каир, Рио-де-Жанейро, Рим шаарлары кыйрабай эле, ордунда турат деп көрө берели.

Жекеме-жеке чыгасыңбы?

Эмнеге Конг каршылашы Кинг Скарды кыргызча түшүнүк менен айтканда жекеме-жеке чыгып жеңе алган жок? Анткени дагы бир терс каарман бар – Шимо деген динозавр. Годзиллада оттун күчү болсо, Шимодо муздун күчү бар, душмандарын алеки заматта музга айланткан. Кинг Скар атайын кристаллдын жардамы менен Шимону багындырып, өз тарабында кармашууга аргасыз кылган. Бул экөөнө туруштук бере албай, анан “досу” Годзилланы жардамга чакырганы ушундан улам.

Өзгөчөлүк барбы?

Кино сынчылар бир ооздон франшизага терс пикир айтышууда. Жаратуучуларда фантазия, идея калбады деп. Бирок тасманы, анын каармандарын сүйгөн көрөрман бар үчүн прокатта ийгиликке жетип отурат. Кайталанмадан эмнени көрөбүз: биз билген каармандар, жерлер, суулар. Килтейген шаарларды, андагы имараттарды бир кол шилтем менен кыйраткан алп жаныбарлар, алардын жанында кумурскадай элес калтырган адамдар... Жаңы эмне кошулду: жаңы каармандар, жаңы жаныбарлар, жаңы жерлер, башка цивилизацияда жашаган, өзүнүн тарыхы, маданияты, салт-санаасы бар иви аттуу эл, кооз флора-фауна, желмогуздардын кармашы, экшн-сценалар жана башка.

Уландысы бар

“Годзилла Конгго каршы” тасмасы чыкканда жаратуучулар топтогон каражаты жакшы болсо кийинки бөлүмү да тартылышы мүмкүн дешкен. Прокаттан жакшы каражат топтолуп, жаңы бөлүмү чыкты. Режиссёрлор кайрадан көрөрманга жем ташташты... "Прокаттан жакшы түшсө тасманын уландысын тартууга көптөгөн идеялар бар. Балким, “Конгдун уулу” деген аталышта да чыгышы мүмкүн" деп. Баса, тасмада кичинекей маймыл Суконун ата-энеси ким экени белгисиз, сырдуу персонаж боюнча калды. Балким, ал Конгдун уулу?.. Ким билсин. “Годзилла жана Конг: Жаңы империянын” топтогон каражаты жаман эмес, корогон бюджетти 3 эсе актап берди. 2024-жылдын эсебинен азырынча прокаттан эң көп каражат топтогон тасма болуп турат. Демек, алдыда алп жаныбарлар тууралуу окуяларга дагы да күбө болобуз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан