АЙТЫЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ

Атактуулардын арзуусу

Аалам чапчыган падышаны тизе бүктүрүп, карапайым адамды ааламдын кожоюну сездирген бул улуу күчкө таң кала тамшанып, табышмагын жандыра албай кыйналып, сырларын ачып бүтө албай келебиз. Кеп бизди, сизди, ааламды таң калтырган атактуулардын махабат баяндары тууралуу...

СҮЙҮҮДӨ МЕЗГИЛ БОЛБОЙТ
“Сүйүүнүн мезгили болбойт” дешет. Эл оозунан түшпөй ырдалып келе жаткан Мунарым аттуу ырды улуу акын Аалы Токомбаев пайгамбар жашынан ашкан кезинде жазган экен. Аалыкенин жубайы Зейнеп казак кызы болот. Эки жаш Ташкентте окуп жүргөндө үйлөнүшүп,
4 балалуу болушат. Токомбаевдин кызы Тамара атасы жөнүндө жазылган китептерде минтип эскерет: “Ооба, “Мунарым” – атамдын апама арнап жазган ыры. Жаш кезинде апам мунарадай түптүз, татынакай кыз болуптур. Ыр апамдын көзү өткөндөн кийин жазылган. Ар бир аял эле жазуучуга жар боло албайт. Апама “өзүңдү эмнеге карабайсың?” десем, “мен бир казактын жөнөкөй кызымын, ал эми атаң кыргыз элинин чыгаан уулу” деп калар эле”.
Акындын сүйүүсүн аныктаган төмөнкү саптар чейрек кылым эл оозунан түшпөй келет.
“Сүт эмген бала жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнумду сылап артылган,
Билегиңди сагындым.
Талаада калган өңдөнөм.
Таалайым Мунар, кайдасың?..”


16 ЖЫЛДЫК СҮЙҮҮ КАТЫ
16 жыл бою калем менен баракта сүйүү жашаганына ишенесизби? Француз жазуучусу, акын Оноре де Бальзакка сүйүү каттары жаап турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Ошончо каттын ичинен акындын жүрөгүн козгогон каттын ээси Эвелина Ганская эле. “Бай, сулуу, жаш аял. Картаң жана каардуу күйөөсү бар”. Сураштырган адамдар Бальзакка ушундай жооп беришти. Экөөнүн тагдыр жолу бирикпеши бештен белгилүү эле. Андыктан алардын сүйүүсү кат менен гана чектелген. 16 жыл бою сүйүү катын жазышкан алар 1833-жылы көрүшүшкөн. “Жолугушуу кыска, бирок бир өмүр күтүү, жолугушуу бактысына татыктуу болду”,- деп жазат Бальзак.
Эвелина 40 жашка чыкканда күйөөсү каза болот. Мына күткөн эркиндик! Бирок Бальзак Эвелинадан “мени коё бериңиз” деген кыска кат алат. Анткени күйөөсүнүн туугандары Эвелина башка адамга турмушка чыкса, балдарын тартып алышарын, балдары да даражадан айрылышарын эскертишкен.
Ортодон 8 жыл өткөндө махабат кайырчысына айланган Бальзак сүйүктүүсүнө жол тартат. Эвелина бул учурда 48 жашта эле. Анын алдында карыган, көзүнүн нуру өчкөн, оорукчан акын турган. Эвелина Бальзактын бутуна жыгылып, акындын жашоосун тозокко айланткан махабаты үчүн кечирим сурайт. Ал байлыктан да, даражадан да, балдарынан да баш тартып, акындын аялы болгонго макул болот. Никесин кыйдырган соң Бальзактын көзү көрбөй, баса албай калат. 5 айдан кийин улуу акын көз жумат. “Мен бул никенин аягы болбосун сезгеним менен, бир ооз сөз менен ал адамды бактылуу кыларымды туйдум. Бул махабат толгон жүрөккө таазимим, улуу инсанга болгон сүйүүм болчу”,- деп жазган Эвелина Ганская. Жок, эми ал Эвелина де Бальзак болчу.


СҮЙҮҮГӨ ТУРГУЗУЛГАН ТАЖ-МАХАЛ
Сүйүү ыр саптарында калат, сүйүү эл оозунда калат. Ал эми сүйүүдөн күмбөз тургузуу кимдин оюна келди дебейсизби? Могол шахы Жахан сүйгөнүнө арнап салган Таж-Махал күмбөзү – дүйнөдөгү эң мыкты архитектуралык эстеликтердин бири. “Таж-Махал” сөзүн хинди тилинен которгондо “Ак сарай сыймыгы” деген маанини берет.
Жахан шах Мумтаз Махалды базардан кезиктирип, сүйүп калат. Сүйүктүүсүн бир күн да көрбөй кала албагандыктан, аны жортуулга барганда өзү менен чогуу ала жүрчү. Бирок жортуулдан келе жатканда Мумтаз төрөттөн каза болот. Сүйгөнүнүн денесин кучактап түнү менен отурган шахтын кара чачы бир түндө агарып кеткен дешет.
Мумтазды жерге берген соң Жахан шах өлкөсүнө эки жылга той, шаан-шөкөткө тыюу салат. Анда да кайгысы басаңдабаганда Мумтазга арнап күмбөз салдырууну чечет. Таж-Махал 20 жыл бою 20 миң адамдын эмгеги менен курулат. Кереметтин керемети болгон мындай архитектуралык курулуш ааламда жалгыз болушу үчүн Жахан шах башкы куруучунун эки колун балта менен чаап салат. Өз уулу так талашып, атасын зынданга салдырат. Зындандын кичине терезесинен сүйүктүүсүнө арналып салынган күмбөздүн учун көргөнүнө бактылуу болгон Жахан эки көзү көрбөй калгандын эртеси көз жумат. Анын денесин шахты сыйлаган адамдар караңгы түндө алып чыгып, сүйүктүүсү Мумтаз Махалдын жанына коюшкан экен. Индияда жайгашкан Таж-Махал учурда сүйүшкөндөрдүн сыйынган жайы болуп саналат.


“СҮЙҮКТҮҮМДҮН КОЛУНАН ӨЛҮҮ – БАКЫТ”
Ева Браун... Бул аял тууралуу эчен макалалар чыгып, канча тасмалар тартылса да, жөнөкөй суроого жооп ушул кезге чейин табылбай келет. Уялчаак, татынакай, жаш кыздын каардуу, мерез, таш боор Гитлерди акылынан адашып сүйүп калуусуна эмне түрткү болгон? Бул да болсо сүйүүнүн табышмагы...
17 жаштагы Ева сүрөтчүгө жардамчы болуп иштеп жүргөндө 42 жаштагы Гитлерге кезигет. Евага көңүл бурганга Гитлердин убактысы да, маанайы да жок эле. “Мен Германияга үйлөнгөм” деген адам өзүнүн идеяларын баарынан бийик койчу. Анткен сайын Ева ага жагуу үчүн искусстводон сабак алып, моданын аркасынан түшүп, саясий китептерди окуй баштайт. “Эгер адамды сүйсөң, анын жаман жактарын да кошо сүйүшкө туура келет” деп жазат өз күндөлүгүнө Ева.
Бул учурларда Гитлердин көңүлдөшү Гели өз өмүрүн кыят. Мындай кайгыны көтөрө албай турган учурда ага Малышка Ева (Гитлер аны ушинтип атачу) жардамга келет. Ева Гитлердин каалоосу менен Гелиге окшоп чачын боётуп, ал кийингендей кийинип, сүйүктүүсүнүн талабын орундатат. Анда да таш жүрөк жибибейт. Жоопсуз сүйүүдөн жабыркаган Ева эки жолу өз өмүрүн кыйганга аракет кылат. Ушундан кийин гана Гитлер Еванын тунук махабатына баа берип, ага үй белек кылат. Бирок Ева сүйүү жана сүйүктүү аял болуу бактысына зар болчу.
Ошентип, көп жылдар бою көлөкөсүндө жашаган аялга Гитлер өмүрүнүн акырында сүйүүсүн билгизген. 1945-жылы Кызыл армия Берлинге басып кирет. Ева күндөлүгүнө минтип жазган: “Жеңилүүгө дуушар болгондон кийин гана ал мени сүйөрүн түшүндү. Идеяларынын, амбициясынын алдында мен кыпындай нерсе болуп, мага деген сүйүүсүн өзү да түшүнбөй келген. Түшүнгөн адамга бул менин эң чоң жеңишим!”
Бийлиги кулай турганына көзү жеткен Гитлер шашылыш никеге турат. Жер төлөдө, шам жарыгында никелешип кол койгон экөөнүн тою дүйнөдөгү эң трагедиялуу үйлөнүү той эле. Биринчи жолу күйөөсүнүн төшөгүндө аялы катары уктоого камынган Ева күйөөсү өз колу менен сунган уу кошулган шарапты ичет. Сүйүктүүсүнүн жансыз колун кармап чөгөлөп отурган калыбында Гитлер өзүн чыкыйга атып, дүйнө менен кош айтышат.


АТАКТУУЛАРДЫН СҮЙҮҮ КАТТАРЫНАН

Аделге
Туура, мен сенин эркиң­демин. Бактылуу кылуу да, бактысыз кылуу да сенин колуңда, Адель. Туруп эшикти ачып дем алган абам сен болуп сезилдиң. Чачымды жагымдуу сылап, көңүлүмдү көтөргөн желди сен деп билдим. Тереземдин алдында гүлдөп турган роза гүлү бажырая мени караса, сенин каректериң мага жылмайгансып турду. Мындан ары дүйнөдөн эмнени сезсем, эмнени уксам, эмнени жазсам, ошонун баарын сен деп билем.

Виктор Гюго, жазуучу

Жозефинага
Согуш бул жылы мени катуу өзгөрттү. Менин аскерим кайрадан силкинип, кезектеги чабуулга камданууда. Ушундай баш аламан абалда да сен бир мүнөткө да эсимден чыккан жоксуң. Таң калганым, эч ким бере албаган бакытты да, адам чыдай алгыс кыйноону да сен бердиң, Жозефина! Оо, менин Жозефинам! Сенин таш боордугуң мендеги сүйүүнү эки эселеп жалындатканын билген болсоң!..

Наполеон Бонапарт, император

Анна Кернге
– Мен китеп жазуу үчүн, акындык үчүн, же кимдир бирөөнүн күйөөсү болуу үчүн жарык дүйнөгө келген жокмун. Мен жалгыз гана сени сүйүү үчүн дүйнөгө жаралгам. Кымбаттуу Анна! Менин жашоомдогу улуу миссиям сени сүйүүдө экен. Менин бул дүйнөдөн алып кетерим – сенин жылмайган элесиң жана сен белек кылган күндөр... Мени даңктуу адам дешет. А мени даңктуу кылган сен экениңди эч ким биле бербейт.

Александр Пушкин, акын

Сергей Есенинге
– Cага жолуга албай, труппа менен кайра кеткенге аргасызмын. Сагынычтын көзгө көрүнбөгөн миң сан жебеси денемди тешип өтүп, жүрөгүмдү сыздатат. Есенин, сен менин кадырымды билген күнү менин махабатымдын жеңиши деп майрамдайбыз.

Айседора Дункан, бийчи

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
honey
2011-02-11 19:05:14
Рахмат Нуржамал Жийдебаева, сонун маалыматтар топтолгон.
0
Tokmok
2011-02-12 17:54:11
Keebirler suiuu jok deshet, birok suiuu bar uchun jashoo ulanyp atsa kerek.........
+1
adelima
2011-02-12 21:07:02
Буткул дуйно жузу суйууго анан баш ийет. Суйуу болгон учун да момундай ыр саптар жаралып жатса керек.
+1
critic
2011-02-14 13:48:04
АТАКТУУЛАРДЫН "СҮЙҮҮ" КАТТАРЫНАН. Эмнеге менин коментти алып таштаганыңарды түшүнбөдүм, ойлопмун өздөрүнүн катасын оңдоп коюп анан менин коментимди алып койгон окшойт, деп!
0
imperator
2011-02-14 18:06:08
Эреже:1) Эмне болгон чакта дагы кулумсуро. Эреже:2) Аны чын журоктон суй. Эреже:3) Аны таштап кетпе. Эреже:4) Ал сени таштап кеткен болсо "Эреже:1 ди" эсте.
+1
Baizakk11
2011-02-16 01:04:34
suiuu suiuu deit eken suiuu adamdi jeit eken
0
ximichka
2011-02-18 10:06:46
Абдан таасирлууу экен,азыр да ушундай суйуу болсо деп ойлоп кетесин...
0
Жаку
2011-03-28 15:59:14
азыр деле мындай суйуулор бар. болгону биз аны баалай албай жатканбызда
0
anarhan
2011-07-04 21:01:37
императордун эрежеси мага абдан жакты учурда ыйлагым келип аран отурдум эле окуп алып аргасыз кулдум.
0
kino_xxi
2011-09-07 20:58:44
syiyynyn daamun tatkanga otoo or bolot
0
jasminka
2012-07-09 00:54:56
суйуу бар!
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан