“Манас” университети QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде. Кыргызстандан төрт жылдызга ээ болгон алгачкы жана жалгыз университет

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болду жана “төрт жылдыздуу университеттердин” катарын толуктады.

2024-жылдын 13-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратында өткөн сертификат тапшыруу аземине КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, QS Борбордук Азия боюнча аймактык директору Сергей Христолюбов, КТМУнун проректорлору профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, профессордук-окутуучулук курам катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS Эл аралык рейтингинде жана QS Stars жалпы баалоо системасында Кыргызстандан жалгыз университет экенин айткан Сергей Христолюбов төрт жылдыздуу QS Stars сертификатын “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга тапшырды.

Төрт жылдыздын чоң жетишкендик экенине көңүл бурган Сергей Христолюбов: “Жалпысынан алганда үч жылдыздан төрт жылдызга өтүү 4-5 жылды талап кылса, “Манас” университети биринчи табыштамасын жибергенде эле төрт жылдызга ээ болду. Бул чоң жетишкендик. Төрт жылдыз алуу бир университет үчүн көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бул жаатта берилгендик менен иш алып барган “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды, Корпоративдик маалыматтар жана тышкы байланыштар координатору, профессор Олгун Чичекти, университеттин жетекчилигин жана сиздерди, профессордук-окутуучулук курамды куттуктайм. Мындай курамдан түзүлгөн кесипкөй команда болбосо, бул ийгиликке жетүү мүмкүн эмес”, - деп окуу жайдын жалпы жамаатын куттуктады.

QS Stars үчүн 30 критерий

Төрт жылдыздын мааниси тууралуу кыскача маалымат берген Христолюбов буларга токтолду: “QS рейтинги дүйнөдөгү маанилүү рейтинг болуп саналат. Анда окуу жайлар 9 критерий боюнча бааланат. Ал эми Кыргыз-Түрк “Манас” университети катышкан Азия рейтингинде 11 критерий бар. Тармактар боюнча рейтингде 5 критерий менен бааланат. QS Stars жалпы баалоо системасында окуу жайлар 30 критерий менен каралат. Анын ичинде профессордук-окутуучулук курамдан сырткары илимий изилдөө, эл аралык иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик иш-чаралары, студенттердин жашоо шарттары, спорттук жана маданий иш-чаралар сыяктуу бир катар критерийлерге деталдуу көңүл бурулат”. 

2 критерийде 5 жылдыз

КТМУнун орто эсеп менен төрт жылдыз, ал эми интернационалдаштыруу жана ишке орношуу критерийлери боюнча беш жылдыз алганы билим берүү мекемеси үчүн чоң ийгилик экенин баса белгиледи. Окуу жайдын эл аралык аренадагы бул ийгилиги университеттин жалпы жамаатына чоң кубаныч тартуулады.

Азем сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

СОЦИАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИКТИН ҮЛГҮСҮ БОЛГОН МАНАС  УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЛЕЙКОЗ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАР ҮЧҮН ЖАРМАНКЕ УЮШТУРУЛДУ

Боорукердиктин жана тилектештиктин дареги: “Манас” университети

“Университеттен да артык...” экенин аткарган иш-аракеттери менен дайыма көрсөткөн “Манас” университети дагы бир жолу үлгү болуп, лейкоз менен күрөшкөн балдарга колдоо көрсөтүү максатында 2024-жылдын 13-майында жарманке уюштурду.

Жал кичирайонунда жайгашкан “Оба” чай бакчасында уюштурулган жарманке студенттердин, окутуучулардын жана “Манас” университетинин кызматкерлеринин катышуусунда чоң кызыгуу менен өткөрүлдү.

КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейландын уюштуруусунда өткөрүлгөн жарманкеде кыргыз жана түрк даамдары сатыкка коюлду.

Жарманке “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын ачылыш сөзү менен башталды. Жарманкеден түшкөн каражат лейкоз менен ооруган балдардын дарылануусуна жумшала турганын ректор, профессор Жейлан университеттин мындан ары да социалдык жоопкерчилик иш-чараларын уюштуруу менен Кыргызстанга социалдык жаатта да салым кошууну уланта турганын баса белгиледи. “Кыргызстандын ар бир баласы биздин балабыз, “Манас” үй-бүлөсүнүн баласы”, - деп сөзүн уланткан профессор Жейлан мырза лейкоз менен күрөшкөн балдарга колдоо көрсөтүү университеттин жоопкерчилиги экенин айтты.

Жаз фестивалынын шаңында жарманке

“Манастын” жаз фестивалы менен катар уюштурулган жарманке Кыргызстандын белгилүү ырчылары Айганыш Абдиева, Толгонай Арзыкеева жана башкалардын катышуусунда өттү. Бири-биринен өткөн керемет ырларды аткарган ырчылар иш-чарага шаң кошушту.

“Манас” университетинин студенттери өз ыктыяры менен жардам берип, колдоо көрсөтүштү. Муну менен алар социалдык жоопкерчилик иш-чараларына катышуунун жана лейкоз менен ооруган балдардын дарылануусуна салым кошуунун кубанычын жашашты. Ошондой эле жаз фестивалында чер жазышты.

“Манас” университетинин бул сыяктуу иш-чаралары менен коомго кошкон салымы, окуу жайдын билим берүү тармагында гана эмес, социалдык жоопкерчилик түшүнүгүндө да алдынкы мекеме экенин көрсөттү.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан