Саясат жана коом

БИШКЕКТЕ ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИН САБАЛЫШЫ: ӨЛКӨ АБРОЮНА ДОО КЕТТИБИ? 

Бишкекте 13-майда чет өлкөлүк студенттердин массалык түрдө сабалышы эл аралык деңгээлде чуу жаратты. Өлкөдөн пакистандык студенттер массалык түрдө кетип жатышат. 21-майда эле Бишкектен Пакистанга 6 чартердик каттам уюштурулганы белгилүү болду.

Бишкекке пакистандык министр келди

21-майда Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке кыска мөөнөттүк иш сапары менен келип, ооруканада дарыланып жаткан пакистандык жарандардын абалын көрдү. Андан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүздү. Байсалов чет элдик студенттерге жакшы мамиле жасаларын, чуулгандуу окуяга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты.

Ажо үчүнчү күчтөрдү айыптады

Президент Садыр Жапаров 17-майдагы окуя боюнча “сүрмө топту үчүнчү күчтөр пайдаланып кетишти” деп билдирүү жасады.

– Чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинен эл, мамлекет жабыр тартты. Кырдаалды башка күчтөр пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү. Мамлекеттин беделине шек келтиришти. Бул окуя баарыбызга сабак болду деп ишенебиз. Мындан ары ушундай окуя кайталанса, анда күч органдары биринчи мүнөттөн тарта күч менен таратуу ыкмасын колдонот,- деди президент.

Окуянын чоо-жайы

ИИМдин маалыматы боюнча, 13-май күнү түндө Бишкектеги жатаканалардын биринде египеттик студенттер менен жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. 17-майда окуяга күнөөлүү чет элдик жарандарды жоопко тартуу талабы менен 1000дей жаран шаардын Чыгыш-5 кичи районунун аймагына топтолушту. Ал түнү топтолгон жаштар шаардын башка жериндеги чет элдиктер жашаган жатаканаларга, алар иштеген тигүү цехтерине бастырып киришип, аларды ур-тепкиге алышкан. Окуянын видеолору интернет желесине жарыяланды. Чогулгандар 18-майга караган күнү милициянын кийлигишүүсү менен таңга маал гана тарашты. 

3 адам кармалды

Милиция 21-майда Азат Жекшенбеков аттуу жаран кармалганын билдирди. Ал "18-май күнү чет элдик студенттердин жатаканасына кирип барып сабаган" деп шектелүүдө. 22-майда аталган окуяга шектелип дагы 2 жаран кармалганы кабарланды. Кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү башталды. Ички иштер министрлиги чет элдик студенттер сабалган окуяга катышы бар башка жарандарды да издөө иштери жүрүп жатканын билдирет.

БАЛА-САРУУ ГЭСИ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

Талас облусунда Бала-Саруу чакан ГЭСи 21-майда ишке киргизилди. Маалыматка таянсак, аталган ГЭС Киров суу сактагычынын этегинде жайгашып, кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн 3 генератор менен курулду. Жылына орточо 92 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт деп пландалууда. Бул Таластын 2 районундагы
19 миң абоненттин электр жарыгына болгон муктаждыгын камсыздаса болот деген сөз. 

Бала-Саруу ГЭСин курууга жалпы
2,8 миллиард сом жумшалганы айтылды. Акчанын бир бөлүгүн Кыргыз-Орусия өнүгүү фонду бөлгөн. ГЭСтин курулушуна 2021-жылы августта старт берилген эле.

Алдыда Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарына да ушул сыяктуу чакан ГЭСтерди куруу пландалып жатканы расмий маалымдалды. Папан суу сактагычына ГЭС куруу боюнча макулдашууга быйыл апрелде “Чакан ГЭС” жана “Гидроэнергетика куруу боюнча Кыргыз-Кытай биргелешкен коому” ишканаларынын ортосунда кол коюлган. Аталган гидростанцияны куруунун баасы 27 миллион долларды түзөт деп айтылды.

 ДАРЫГА КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ КИРГИЗИЛСЕ АТКЕЗЧИЛИК КҮЧӨЙБҮ? 

"Эгерде Кыргызстанда дары-дармекке жана медициналык буюмдарга кошумча нарк салыгы киргизилсе, анда аларды аткезчилик жол менен алып кирүү 60 пайызга чейин күчөшү мүмкүн". Мындай пикирди 22-майда Бишкекте өткөн тегерек столдо Кыргызстандын Фармацевтикалык союзунун аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев билдирди. Айтымында, азыркы тапта дары-дармекти мыйзамсыз ташуу көрсөткүчү 30-40 пайыз деп бааланат. Кошумча нарк салыгы кирсе, бул эки эсе өсүшү мүмкүн. 

– Биздин көз караш боюнча, кошумча нарк салыгын киргизүү дарынын бааларынын өсүшүнө жана мыйзамсыз сатылышына алып барат. Контрафакттык жана жасалма дарыларды көзөмөлсүз киргизүү, сактоо жана сатууга жол ачылат. Ошондой эле дарылардын тартыштыгы жаралышы мүмкүн,- деди Алтыбаев.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстан дары-дармектин 97 пайызын башка мамлекеттерден сатып алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан