Байкасаңыз, өлкөдө улуттук баалуулуктарды заманбап формада модага айлантуу тенденциясы жүрүүдө. Кыргыздын оюм-чийими бар кийимдер, ата-бабалар колдонгон буюмдардын жаңыча үлгүлөрү жана башкаларды мисал кылууга болот... Маектешим ”Кийиз дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси, белгилүү дизайнер Айдай Асангулова. Ал кыргыз элинин этностилин жайылтып келет.
– Саламатсызбы, Айдай айым? Улуттук стилдеги кийимдерди модага айлантуу идеясы эмнеден улам жаралды?
– Саламатчылык. Баары өзүнөн-өзү башталып кетти. Балалыгым жалаң кол өнөрчүлүк, кийиз басмай, сайма саймай, шырдак шырымай менен өттү да. Өзүм Ысык-Көлдөгү боз үй жасап аты чыккан Кызыл-Туу айылынан болом. Кудай мага өзү жол көрсөтүп, керектүү окуу жай, керектүү адамдарга туш кылып иш башталып калды.
Айылыма бир нерсе кылсам деп ойлонуп жүрчү элем, анан 2012-жылы “Кийиз дүйнө” долбоорун уюштурдум. Оюмда айылга барып сандыктарды ачсак эле, элдин баары кыргыздын кийимдеринин баалуулугун түшүнүп калат деп ойлогом. Андай болгон жок. Ошондо кыргыз кийимдеринин баалуулугун элге жеткириш керек экен деген ой жаралды. Аталган фестивалды эки жолу өткөргөндөн кийин кийимдер боюнча долбоор жазып, дизайнерлик ишим ошентип башталган.
– Эмне үчүн “Кийиз дүйнө”? Аты өзгөчө экен...
– Көчмөн элдин тиричилиги мал менен өткөн эмеспи. Кыргыздар учурашканда “мал-жан аманбы?” дешет го азыр деле. Малдан ичкенге тамак, кийгенге кийим, жатканга кийиз жасашкан. Элибиз кийизде төрөлүп, кийизде өлгөн. Мата кийин эле пайда болду да. Кийиз – кыргыздын адеби, жашоосу, үрп-адаты, тиричилиги.
– Өлкөдө соңку жылдары улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн заманбап кийимдер: белдемчи, чапан, көйнөк кайрадан популярдуу боло баштады. Буга сиздин да салымыңыз болгондой...
– Болгондой эмес, өтө чоң салым коштук деп сыймыктанып айта алам. Адамдардын аң-сезимине “биздин улуттук кийим жарашыктуу экен” деген ойду киргизүүдө көп иштер жасалды. Мисалы, фильм тартылабы, клип тартылабы, улуттук кийимдер, жасалгалар үчүн бизге кайрылышат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болгондо биз кийинттик. Кызыгуунун уюткусу, көрөңгөсү биз болдук деп айта алам. Бул мактануу эмес, сыймык!
– Улуттук кийим кийгендерди көргөндө кадимкидей сүйүнөт экенсиз да?
– Сүйүнгөн да, кейиген да учурлар болот. Этно деген ушул тура деп кийимге бирдемелерди чаптап эле сата бергендер бар. Кыргыз илгери ар бир саймага көңүл буруп кийинген да. Кийим экологиялык жактан таза, өзгөчө болушу керек. Азыр жаш курагын эске албай, туура эмес кийингендер көп. Мисалы, кыздар кеп такыя кийип алышат. Кеп такыя – келиндердин баш кийими. Белдемчини да тун баласын төрөгөн келиндер кийген. Кыргызда ар бир кийимдин орду, философиясы бар да. Негизи улуттук баалуулуктарды жайылтуу үчүн мамлекеттик программалар иштеш керек. Азырынча коомдук фонддор, мен сыяктуу жөнөкөй адамдар гана иштеп жатышат.
– Биринчи айымдарды да кийинткен учурларыңыз болдубу?
– Түздөн-түз кийиндирген жокмун. Бирок биздин фонд аркылуу биринчи айымыбызга элечек кийгизилди.
– Изилдеп жүрөсүз, кыргыз кийимдеринде дагы кандай сыр, философия катылган?
– Биринчиден, сарамжалдуулук жана ыңгайлуулук бар. Ат үстүндө жүргөнгө ыңгайлуу тыкан кийимдер болгон. Философиясына келсек, адеп биринчи орунда турган. Кыргызда эркек да, аял да билегин көрсөтүп кийим кийген эмес. Азыр эркектерибиз футболка, чолок шым кийип алышты. Бул энергияны чачыратуу, күч-кубатты жоготуу. Ар бир кийимде чоң философия жатат.
– Элечекке кененирээк токтоло кетсеңиз, анткени ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген улуттук кийимибиз...
– Элечек – бул жашоо. Аял өлүмдү башына көтөрүп жүрүп жатат. Көчтө, ат жалында жүргөндүктөн ар түрдүү абалдар болгон. Бирөө каза болсо элечекти жазып жиберип, кепин катары колдонушкан. Бала төрөлсө ага орошкон. Өлүм да, туулуу да – акыйкат. Акыйкатты ак кылып башына ороп алуу эмне деген даанышмандык? Экинчиден, энелик белги. Жеке эксперментимде мындай болду: элечек башка оролгондо адамда актык, тазалык пайда болот. Жаман сөз, ушак айта албайсың. Далдактап да баса албайсың. Өзүңдөн-өзүң түзөлөсүң. Дилиң тазарат. Эми бир башкача сезим, аны кийген адам гана сезет.
– Элечектин баасы кымбатпы?
– Жок, 5-6 миң сомдун тегереги. Бир жакшы кофтанын, же бир кафедеги бир тамактануунун баасы. Укмуш бриллиант, алтындарды тагынышат аялдар. Ошонун ордуна элечек кийип алса кандай жакшы болмок.
– Кесибиңизге байланыштуу кандай кыйынчылыктар болот?
– Элдин түшүнбөстүгү мени кыйнады, ыйлаган күндөрүм болду. Долбоорлорду жазып, жан талашып иштеп жүрсөм ар түрдүү сөздөр айтылды. Улуттук баалуулук дегенди түшүнүшпөйт көбү. Өзү билген эле нерсени кыйкырып “меники туура” дей бергендер көп. Мисалы, элечектин бир топ түрү бар, бир өрөөндө башкача оронсо, экинчисинде башкача оронот. Анан айрымдар “мен көргөн элечек ушундай болчу” деп догурунуп, сындап, талкуулап башташат. Маданий ар түрдүүлүк деген болот, ошону кабыл алыш керек. Өткөндө интернет желесинде бешикти аттаткан апаларды талкуулап жатып калышты. Ал да бир өрөөндүн салты. Эки энени интернет колдонуучулары жерден алып көргө салышты. Ушул сыяктуу нерселер жүрөктү оорутат. Анан долбоорлорубуздун бирин да мамлекет колдоого алган жок. Кудайга шүгүр, улуттук кийимдерди тигүүнү үйрөтө турган курстарды ачып алганбыз. Сайма сайганды эле үйрөнүп алышса, аялдардын жан дүйнөсү кандай ачылат, билесизби? Телефон тиктеп же ушак айтып отургандан көрө бир нерсе үйрөнгөн жакшы да.
– Ийгилик жаратууда сиздеги кайсы сапат ишке жарады?
– Менин алтынчы туюмум жакшы иштейт. Кудай мага сонун нерсе берген, жолум ачык, туура адамдарга жолуктурат. Чечкиндүүмүн, оюмдагыны тез ишке ашыргым келет. Кызыгы, ишимди бизнес катары эмес, чыгармачылык катары карайм. Болбосо эбак байып кетсем керек эле. Эл катары үйүм бар, “особняк” эмес (күлүп). Укмуш кымбат машине минбейм, жөнөкөй эле унаада жүрөм. Айтор, жашоомо ыраазымын.
– Жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз...
– Эки балам бар. Биринчи жолдошум менен эки жылдай жашап, ажырашып кеткем. Сурагандарга “эки жылга эле келишим түзгөм, балдарымды төрөп алганга” деп тамашалап калгам. Экинчи жолдошум зергер. Кыргыздын эски буюмдарын жасайт. Аны менен зергер издеп жүрүп таанышып калгам. Таанышуубуз да кызык, өзү да кызык киши, улуту якут.
– Аны менен канча жылга келишим түздүңүз?
– Аны менен бир өмүргө келишим түзгөм да (күлүп).
– Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!
Нуржамал Жийдебаева