Арнольд Шварценеггер: «ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ ЖҮРӨКТӨ»

Бейне

Арнольд Шварценеггер деген ысым сизге эмнеден кабар берет? Америкалыктар аны “ийгиликтин ачкычы” дешет. Ал 17 жашында дүйнөлүк спортту багындырып, 22 жашында Голливуддун таланттуу актёру болгонго жетишип, 30 жашында миллионер статусуна ээ болуп, 56 жашында мыкты саясатчы аталган. Бир адам мындай ийгиликтерге кантип жетишкен? Сөз ошол тууралуу болсун.

Толук аты-жөнү – Арнольд Шварценеггер
Туулган жылы – 1947-жыл, 30-июль
Туулган жери – Австрия, Грац шаары
Өмүрлүк жары – Мария Шрайвер
Балдары – Кэтрин Юнис, Мария Аврелия, Патрик Арнольд, Кристофер Саргент Шварценеггерлер

ЖАКШЫ ТАМАКТЫ АСКЕРДЕН ЖЕП...
Америкалыктар Темир Арни аташкан наристе полиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Густав Шварценеггер 38 жашында, апасы Аурелия 23 жашында үйлөнүшүп, уулдуу болушат.
Шварценеггерлердин үй-бүлөсү начар турмушта жашаган. Кичинекей Арни кедейчиликтен арылуунун жолдорун көп ойлончу. Атасы динчил болгондуктан, уулунун жакшы жашоого болгон умтулуусун жактыра бербей, “Кудай ар бир адамдын тагдырын маңдайына жазып койгон. Аны өзгөртө албайсың” деп жемелечү. Бирок Арни көшөрө башын чайкап, үнсүз каяша көрсөтчү. Апасы жөн гана үй кожойкеси эле. Түнт, өжөр өспүрүм 14 жашында бодибилдингге кызыгып, культурист Стив Ривздей болууну самай баштайт. Ошондон улам бодибилдинг менен машыгууну баштайт. Машыгуу залы ишемби, жекшемби күндөрү жабык болсо да, терезесинен кирип алып машыкчу.
Ал 18 жашында өз эрки менен аскер кызматын өтөөгө жөнөйт. Аскерде өмү­рүн­­дө биринчи жолу адамдай тамактанып, күн сайын эт жей баштаганын өз эс­керүүлөрүндө көп айтып жүрөт. Машы­гууга кызыкканын ушундан билиңиз, түн ичинде штангаларын танкасынын ичине жашырып коюп, эл уктаганда түнү бою машыгып чыкчу. Бул жоругу билинип, Арнольд аскердик жаза катары 2 ай караңгы, сыз камерага камалган.

СПОРТТОН САЯСАТКА КАРАЙ
Аскерден келген соң Арнольд фит­нес-клубда иштеп, аз убакытта клубду менчикке өткөрүп алат. Бул анын алгачкы менчиги болчу. 1966-жылы культуристтердин “Ааламдын күчтүү мырзасы” сынагында 2-орунду ээлейт. Бул жеңиш аны ого бетер өрөпкүтүп, алдыга сүрөгөн. Ийгиликтин куйругун бек кармаган Арнольд Австриядан Америкага жол алат. Санта-Моника, Калифорния штаттарында жайгашкан клубдарда тынбай машыгып жүрүп Темир Арни деген атка да ээ болот. Өзүн ушунчалык кыйнагандан кечинде чай куюлган кружканы да кармаганга алы калбай төшөгүнө кулап калчу экен. Ошентип, 23 жашында культуристтердин эң барктуу титулу болгон “Олимпия мырзасын” жеңип алат. Ал көп жылдар мыкты культурист катары таанылган.
1970-жылдары Арнольдду киного тартылууга чакыра башташат. Бирок анын немисче акценти, көлөмдүү булчуңдары, жайдары карап бирөөгө күлбөгөнү режиссёрлорго чоң маселе эле. Кемчиликтерин байкап, Арни спорт менен кандай машыкса, актёрлук чеберчиликке ошондой машыкканга өтөт. Ал эми Жеймс Кэмерондун даңазалуу “Терминаторунан” кийин Арнольд Шварценеггер деген ысым дүйнөгө жайылды. Бул тасманын ийгилигинин сыры Арнольд тасмада өзүн ойногонунда эле. Ал учурда Арни да Терминатордой бир күндө жети эле сүйлөм сүйлөчү. Тасмадагыдай дүйнөнү сактап калуу маселеси, адамдын ойлоп табуусунун чексиздиги, аалам тууралуу көп ойлончу. Дал ошол каармандай темир дененин ичинде назик жүрөк жаткан. Кызыгы, Шварценеггер
30 жашка чыкканда миллионер болгон. Бул учурда бизнес жана экономика факультетин бүтүрүүгө жетишет. Актёрлук гонорарын ичкиликке, баңгизатка коротпой, курулуш компаниясын ачат. Тез арада спортту, кинону багындырган адамдын алдында бир гана максат калат. Ал – саясат.
2003-жылы Арнольд Шварценеггер АКШдагы эң чоң штат деп эсептелинген Калифорния штатынын губернатору болуп шайланды. Ал: “Эл мени кинодон саясатка секирик жасады деп ойлойт. Бирок билген адамга мен көп жылдар бою саясатта келдим. Мен Калифорниянын 38-губернатору жана башка мамлекеттен келген биринчи губернатормун. Бул нерсе мага бир аз күлкүлүү”,- деген. Ал штатты каржы каатчылыгынан алып чыгып, аз жылда экономикасын өнүктүргөнгө жетишти. Бул үчүн биринчи эле жылы өзүнүн бир жылдык
175 миң доллар губернатордук маянасынан баш тарткан (биздин чиновниктер үлгү алышса, ээ?). 2006-жылы күчтүү оппозицияга карабастан, губернаторлуктун экинчи мөөнөтүнө өткөн. Конституциянын негизинде үчүнчү мөөнөткө шайланууга укугу жок болгондуктан, 2011-жылдын 3-январында өз милдетин башка адамга өткөрүп берди. Ал “ийгилигиңдин сыры эмнеде?” деген суроого күлүп, үнсүз гана жүрөгүн көрсөтүп коёт.

МЭЭРИМДҮҮ АТА, КАТААЛ КҮЙӨӨ
Булчуңдуу, сексуалдуу, көп сүйлө­бө­гөн Арнинин спорттук карьерасынын башталышында эле аялзаты ага аарыдай жабышчу. Арнольддун көңүлүнө түшкөн биринчи айым Барбара Аутланд Бейкер болгон. “Мен ага жолукканча сексти спорттун бир түрү катары карачумун. Барбара мага сексте да сезим болорун үйрөттү”,- дейт Арнольд Барбара тууралуу. Алардын мамилеси 4 жылга созулуп, анан экөө эки башка жолго түшкөн. Кийин Барбара Арнольд Шварценеггер тууралуу “Австрия эменинин көлөкөсүндө” деген китеп жазып чыккан. Ал эми биздин каарман ага үч саат бою интервью берген. Мария Шрайвер – Арнольддун биринчи жана акыркы сүйүүсү. Ал – саясат берүүлөрүн алып барган телеалпаруучу, журналист. Экөө теннис ойноп таанышып калышат да, тез убакыттын ичинде баш кошушат.
Айрым маалыматтарда “Арнольд аялын президент Жон Кеннединин бир тууган жээни болгону үчүн алган” деп айтылып келет. Кандай болгон күндө да экөө 4 балалуу болуп, бактылуу үй-бүлөнүн үлгүсү катары таанылышкан. Кызыгы, губернатор балдарына окутуучу жалдап бергенге абдан каршы болгон. Ал балдарды окутууну эненин иши деп билет. Мария болсо математика сабагынан кызына жардам бере албасын айткан. Анда жолдошу “биринчи сени окутуу керек. Сен окуган соң Кэтринге жардам бересиң” деген. Күйөөсүнүн катаал мамилеси Марияны капа кылбайт. Ал Арнольддон жумшактыкты, мээримдүүлүктү эмес, күчтүү ийинди, үйдүн кожоюнун көргөн үчүн турмушка чыкканын айтат. “Мен кичинемде “үй-бүлөм Ак үй сыяктуу туруктуу, бийик чеп болот” деп кыялдангам. Арнольддун темир калканынын аркасында туруу – мага бакыт”,- дейт. Аялына катаал болгону менен, Арнольд балдарына эң мээримдүү ата. Алардан күн сайын чиркөөгө барууну гана талап кылат. Калганынын баарын балдарынын эркине коёт.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jumamidin
2011-02-13 02:40:59
byt` ili ne byt`! Molotchik!
0
milli
2011-02-13 18:53:54
Men byltyr kyshynda Avstriada Vorarlberg degen jerde lyja teep jurup Schwarznegger´di korgom, jaman surduu, chon adam eken.
0
Атасынын баласы
2011-02-14 11:25:05
Чындап келгенде ушул актер мага абдан жагат...
0
dobr
2011-02-14 19:34:15
Коп жашасын байкуш
0
er777
2011-02-16 12:46:05
молодчик Арнольд эркек экенсин. Максатына жетипсин эми только Кудай Тенир колдосун
0
bost2428
2011-06-12 02:46:46
En tuura aytyptyr, baardygy jurokton, bul aktyor jana sayasatchy gana ele emes, philosof da okshoyt. Kyskasy uzun omur saga.
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан