(Башы өткөн сандарда)
Бир жолу жаман иш жасадым деп анын изин кууп өмүр бою жаман жолдо жүрүп, түбөлүк жаман атыгып калуу шарт эмес. Адам болгондон кийин жаңылыштык сөзсүз болот. Жаңылдым, жаздым деп отуруп калбай, жаңылыштыктын баарынан сабак алып жашоону улантуу абзел.
– ...
Дайыр үнсүз башын ийкеп отурду да, эсине бир нерсе түшкөндөй телефонун карап койду.
– Жубайым менен мамилебиз түздөлүп эле калган. Кокустан эле таптакыр өзгөрдү. Мени менен мурдагыдай да сүйлөшпөй калды. Кагып-силкип, бир жылуу сөз жок. Баарына чыдап жарашууга макул элем, бирок мүмкүнчүлүк бербей жатат.
– Бул түшүнүктүү эле акыбал. Себеби сен аны буга чейин коркутуп койдуң. Ал сенден корунуп жатат. Сага ишенерин же ишенбесин билбей жатат. Аял – түпкүлүгүндө назик жан. Бирок ачуусу келсе, коргоно турган абал жаралса аялдын күчүн өлчөп болбой калат. Биз бул жерде жубайыңыз менен эмес, сиз менен гана иштейбиз, жыйынтыгында жубайыңыз менен мамиле өзүнөн-өзү түзөлөт.
– Чынында, мен бул убакка чейин мага берилген жашоону, ата-энемдин эмгегин, мага жумшаган акчасын, жубайымдын, уулумдун, деги эле эч бир жандын, эч бир нерсенин баркын билген жокмун. Алар эле эмес, өз өмүрүмдүн жылдарын куру-бекерге жоготтум. Азыр ошол самандай сапырылып бир баркталбай жоголгон жылдарыма кейип турам. Өмүр дегендин кадырына жетип жашоо тууралуу эч эле ойлонбоптурмун.
– Дагы да кеч калбай ушунун баарын түшүнүп, ойлонуп жатканың жакшы. Айрымдар буларды ойлобостон өмүрдөн өтүп кетишет. Өмүр дегениң агып жаткан дарыядай эле сезиле берет. Бүтпөчүдөй-өтпөчүдөй ойлойбуз. Бирок өмүр дарыянын бир агымы бир аймактан өткөнчөлүк эле. Аны эске албай эле канчалаган өмүрлөр кордолуп жатат. Маселен, көп адамдар стресс абалын жолдошундай көрүп, өзү менен кайда болбосун ала жүргөндү адат кылып алышат. Бул өтө жаман көрүнүш. Ким болбосун эртерээк аракет кылып бул абал менен күрөшпөсө стресстик абал алып келген зыянды калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат. Стресс-депрессиянын кучагында өтүп жаткан өмүр – бул кордолгон өмүр десе болот. Бул абалда жөнөкөй, жайбаракат жашоо болбойт. Андыктан жан дүйнөнү таза, аруу бойдон сактоону алдын ала ойлонуу кажет. Ден соолук баарынан баалуу, баарынан кымбат. Акчага ден соолукту баалап болбойт. Эч качан сыгылып, кыйналып жашаганга көнбөшүбүз керек. Маселенин баарын чечип, айрым жагдайларды кабыл алып, жыргап, куунак жашоону үйрөнүшүбүз керек. Өмүр – бул көз ирмем эле, бүгүн барсың, эртең жоксуң. Андыктан башкаларга зыянды тийгизбей, көңүлдөрдү кирдетпей жакшы жашап өтүшүбүз керек.
– Туура айтасыз. Мага азыр эң негизгиси үй-бүлөмдү сактап калуу болуп турат.
– Буюрса, ал күн дагы алыс эмес,- деди адис Дайырды карап. Аңгыча эшик сыртынан тыкылдап калды.
– Билинбей убактыбыз соңуна чыккан турбайбы. Анда бүгүн ушул жерден токтотолу,- деди аял калемин алып блокнотуна бир нерселерди жазып жатып.
– Бүгүнкү күн мага абдан пайдалуу болду. Баары үчүн сизге ыраазычылык.
– Биз эми тез-тезден көрүшүп турабыз. Пайдалуу болсо кубанычтамын,- экөө кол алышып коштошушту.
xxx
Алтынайдын Дайырдан оолактап калганына апасы абдан кубанып жүргөн.
Анын күйөө бала кылсам деп көздөп жүргөн адамы бар эле. Алтынайдын буга чейин кабары болбогону менен, апасы ал жигит менен да, анын апасы менен да бул тууралуу көп ирет сүйлөшкөн. Бүгүн дагы эки курбу жолугуп бул темада сүйлөшүп жаткан маалы.
– Алтынай чындап көнөбү анан? Менин уулум дагы бир мүнөз жигит, көңүлү ооруп калбайбы?
– Үйдө жүрүп өзү деле тажап калды, чынында. Көнөт, мен көндүрөм. Эми көнбөй каякка барат? Дайырга деле жолукпай да, жолобой да калды. Уулун көрүштүргөнүн дагы токтотту.
– Ошондой болсо жакшы. Анан эртең мени дагы, уулумду дагы ордуна коюп беттен алса, ал жагы кандай болуп калат деп эле сарсанаамын. Болбосо Алтынайдай келиндүү болуп калсам мага деле жакшы.
– Мен бүгүн барып аны менен жакшылап сүйлөшөм. Негизи экөөбүз бул иштен убагында кеч калдык. Экөө ээрчишип жүрүп калышчу эле. Ошол кезди туура колдонуп, экөөнү бир жолго салып койсок болмок.
– Ошону айтпайсыңбы, Аскат Европалап кетип калды, анан эле Алтынай турмушка чыгып кетти. Ошону менен эч нерсе кыла албай калбадыкпы. Экөөнүн тең турмушу нугуна түшпөй ажырашып тынышпадыбы. Эми бойдок жүрө турган деле жаштары калган жок,- деген аял алдындагы чайын алып шорулдата ууртап койду.
– Андай болсо мен барып атабыз үйдө жок кезинде Алтынай менен сүйлөшөйүн.
xxx
Алтынай адатынча короодо Аланды ойнотуп жүргөн. Апасы келип айланчыктап кетпей туруп калды. Бир кепти баштай албай турганын дароо сезди Алтынай. “Дагы эмне болуп кетти?” деп ичинен жүрөксүп турду. Качан гана Алан үйдү айланып чуркап кеткенде апасы Алтынайга жакын келди.
– Ыя, балам, жаштыгың деле калган жок. Дайыр деп жүрүп, өмүрүң түссүз өтүп жаткандай.
– Эмне болуп кетти сизге, кокустан эле менин өмүрүмдүн түссүз өтүп жатканын эстеп?- деп бур этти Алтынай энесине карап.
– Ой, ботом, сенин мындай абалда жүргөнүңдү көрүп мен деле эзилип жүрөм. Бүгүн эле эстей калды дейсиңби. Аялзатысың, татыктуу бир мырзанын жубайы болушуң керек. Эми аял болгондон кийин бир ийинге баш жөлөп, эркелеп, бейгам жашоону ким эле каалабайт? Сага деле ал нерсе керек.
– Ошондо эмне дегени турасыз? Үйдө жүрүп силерди тажаттымбы? Батирге деле чыгып кетем,- деп дагы бурк этти.
– Ой, Алтынай, ар бир сөздү терс кабыл албачы. Ушул заңгыраган эки кабат үйгө сен батпай эмне болуптурсуң? Сен бир сөздүн төркүнүн түшүнчү, күңкүлдөп эле маанайың ачылбас болду го. Мен сага жамандык каалайт белем? Тиги Аскат бар эмеспи, сени Бишкекке таштап Европага окуйм деп кеткени үчүн азыркы күнгө чейин өкүнүп жүрөт. “Ошол кезде эле сөз айтып, колуна шакек салып байлап койбоптурмун. Экөөбүз ушул бойдон эле ээрчишип калчудай сезиптирмин. Ката менден кетти” деп мага деле канча айтты, байкуш жигит.
– Аныңыз жеткен “тормоз” да. Үн-сөзү жок кете берсе, мен андан эмне күтөт элем? Өкүнүп жата берсин эми.
– Үйлөнүш керек деген менен эле үйлөнүп алып, жубайы менен эч келише алган жок. Олку-солку жашашты, балалуу болууга деле үлгүрүшкөн жок. Ажырашканына беш жылдын жүзү болуп калды.
– Ошого тий дегени турасызбы ошондо?- күңк этти Алтынай.
– Анын эмне жаманы бар? Сенде деги Аскаттын көңүлү бар экенин өзүң деле билесиң. Алаканына салып эле бөпөлөп алат.
– Коюңузчу, кайдагыны айтпай. Аланды чоңойтуп жалгыз эле жашай берем.
– Кой, балам, жалгыз деген болчу беле. Жаныңа жакшы шерик керек.
Алтынай үн дебестен туруп, үйдү көздөй жөнөдү. Бөлмөсүнө кирип эле оокат-кечесин жыйнаштырып баштады. Ал ортодо өтө кымбат эмес батир да караштырып жатты. Ал чындап өз бетинче жашоого белсенди. Акыры өзүнө ылайыктуу суммага бир батир чыкты.
– Менин көргөнгө убактым жок. Бир-эки саат аралыгында жүгүм менен эле барам, ичин даярдап коёсузбу,- деди Алтынай. Анын көк беттик мүнөзү кармап калды. Апасы ашканада жүргөндөн пайдаланып акырын оокат-кечесин таксиге салып, Аланды алып үйдөн чыгып кетти...
(Уландысы кийинки санда)