ПИРАНЬЯГА АҢЧЫЛЫК

Фильмдин кыскача мазмуну

Сталиндик мезгил. Сибирдеги Кытайдын чегарасына жакын жердеги көл астындагы химиялык жол менен курал жасала турган лаборатория. Ушул жерде иштегендердин байкабастыгынан улам текчедеги уулуу заттар кулап түшөт. Аябай чоң реакция жүрүп, ал жердеги адамдардын баары курман болушат. Бир гана 8 жашар Прохор аттуу бала аман калып, жээкке сүзүп чыгат.
Көп жылдар өтөт. Сибирдеги бул көлдү жергиликтүү башкаруу органдары Кытайга өткөрүп берүүнү чечишет. Бирок, жогору жактагы чоңдор көлдүн астында уулуу химиялык заттар сакталган лаборатория бар экенин айтышып, аларга өткөрүп берүүгө каршы чыгышып, өз карамагында калтырууга чечим чыгарат. Анан аны зыянсыздандыруу үчүн чара колдонууга киришишет.
Бул үчүн «Пиранья» аттуу атайын жашыруун топтун агенти, полковник Кирилл Мазур өзүнүн кесиптеши Ольга менен Сибирге жөнөтүлөт. Аларга жогоруда айтылган көл алдындагы жашыруун химиялык лабораторияны зыянсыздандыруу үчүн атайын тапшырма берилет. Бул ишке Ольга чегерилип, Кирилл аны коргоо үчүн дайындалат. Кирилл менен Ольганын ортосундагы мамиле окуянын жүрүшү менен өнүгүп, акыры жылуу мамилеге өсүп жетет. Алар барган жерде адам өмүрүнө кооптуу болгон курал-жарактар каракчылардын колунда эле. Алардын башында «тайганын кожоюну» аталган Прохор турган. Прохор болсо адамдарга кол салууну адат кылып, адам өлтүрүүдөн канааттанган адам. Бир себептер менен токойдо калган Кирилл менен Ольганы өлтүрүү үчүн Прохор өзүнүн командасы менен аңчылыкка жөнөйт. Бирок, Кирилл бардык жактан машыккан адам болгондуктан, түнт токойдо да өз алдынча курал-жарактарды жасап, салгылашат. Натыйжада, Кирилл тарабынан каракчылар өлтүрүлүп, ал жердеги адамдардын өмүрү сакталып калат.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 185, 19-25-май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан