ШИРИН НОЯБРЬ

Режиссёру – Пэт О“Коннор
Сценарийин жазгандар:
Герман Раучер, Пол Юрик, Курт Вуилкер
Продюсерлери:
Жоди Эрлих, Дебора Аал, Марти Юинг, Эллиотт Кастнер
Башкы ролдордо:
Шарлиз Терон, Киану Ривз
Ролдордо: Жейсон Айзекс, Грег Германн, Лайм Айкен, Роберт Жой, Лорен Грэм, Майкл Розенбаум, Фрэнк Лангелла, Жейсон Кравитц жана башкалар

СЕНТЯБРЬ, ОКТЯБРЬ, НОЯБРЬ...
Сара Дивер (Шарлиз Терон) эч кимден айырмасы болбогон жөнөкөй кыз. Үйбүлөсүнөн бөлүнүп жалгыз жашайт. Жашоосунда кызык эч нерсе жоктой сезилет. Болгону, күчүктөрдү жакшы көрөт, француз тилин үйрөнгүсү келет жана Чез аттуу кызтеке досу бар. Саранын кичинекей батиринен башка эч байлыгы жок. Анткени, Сара эч нерсеге муктаж эмес. Ага жетишпеген бир нерсе – убакыт. Сара жаман дарт менен ооруйт. Доктурлар ага бир нече ай гана “беришкен”. Убакыт аз калды, кыска мөө­нөттүн ичинде Сара өзүнө жардам бере албайт. Ошондуктан, “башкаларга керегим тийсин” деп шашылат. Бирок, анын жардам берүү жолун баары түшүнө бербейт.
Сара ай сайын бир “оорулууну” табат. Аны бир эле айдын ичинде “бутуна тургузуп”, өз жолуна салат. Мисалы, сентябрь айындагы пациенти өзүн-өзү кемсинтчү, Сара ага ишеним сезимин тартуулаган. Октябрда эң эле менменсинген адамды жөнөкөй­лөт­көн. Эми ноябрь айында ага жаңы иш болуп Нельсон Мосс табылды.
Сан-Францискодо ири жарнама агентчилиги бар. Ал таланттуу ишкер Нельсон Мосстун (Киану Ривз) мыкты идеялары менен биринчиликте кармалып турат. Нельсон Мосс турмушта бардык керектүү нерсеге жетишкен: шаардын борборунда үйү, маяналуу кызматы, сүйлөшкөн кызы бар. Ага башка эмненин кереги бар? Баары жайында. Бир гана эркиндик жетишпейт.
Сара кезектеги пациенти Нельсонго боору ооруп, өзүнүн жардамын сунуш кылат. Нельсон аны уккусу да келбейт.
– Айым, мени жайыма коюңуз.
– Сенин маселеңди бирге чечүүгө болот.
– Менде эч маселе жок!
– Мынакей, биринчи белги. Сен болгон нерсени моюнуңа алгандан коркосуң. Чоң шаардын кулуна айланып калгансың.
Саранын тажаткан аракети акыры Нельсонду багындырды:
– Эмне кылышым керек?
– Муну оюн деп эсепте. Эрежелери жөнөкөй: менин айтканымды гана кыласың, суроо бербейсиң, уюлдук телефонуңду ыргытып, жумушуңду унутасың. Жоопкерчилик, убакыт, милдеттүүлүк дегендин баары жок.
– Сага кандай пайдасы бар?
– Эч кандай. Сенден сурай турчу бир гана нерсе – убактың. Мага туура бир ай бер. Бир гана ай. Ноябрь айы. Бул ай өмүрүңдөгү эң ширин ай болооруна сага кепилдик берем.
Нельсон алгач Сарага иш­ен­ген эмес. Бирок, ноябрь айынын ичинде ал бүгүнкү күн­гө чейин баркын билбей жашап келген жө­нөкөй бакыттын даамын татты. Көл жээгинде шамал менен жарышып, күчүк­төргө тамак берүү, арзан кафеде отуруп балмуздак жеп, жакын достор менен шайыр кече өткөрүү, сыналгы көрбөй, чачты чаң соргуч менен кургатуу. Мындан артык эмне болсун?!
Атаганат, убакыт – куш. Бир ай тез эле өтүп кетти. Бирок, Нельсон менен Сара бир эрежени бузушту. Экөөндө сүйүү сезими пайда болду. Саранын планы боюнча мындай болбош керек эле. Анткени, экөө эч качан бирге боло алышпайт. Бир айлык саякаттан кийин экөө эки башка жакка кетүүгө тийиш. Сара оорулуу жана ал жөнүндө Нельсондун билүүсүн каалабайт. Ага өзүнүн алдан тайып, соолуп баратканын көрсөткүсү келбейт. Нельсондун элесинде шайыр, күчтүү, сулуу бойдон калгысы келет. Шаңга, бакытка толгон ноябрь кайгылуу аяктады. Бирок, Сара Нельсонго колдо бар бакытты баалай билүүнү үйрөтүп, ага эң маанилүү нерсени тартуулап кетти: эркиндик жана сүйүүнү.

СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ ШЕДЕВР
Тасма режиссёр Герман Раучердин 1968-жылы жарык көргөн фильминин негизинде тартылган. Фильмдин продюсерлеринин бири Дебора Аал аны көрөөрү менен дароо эле кассетаны жолдошуна алып барган. Бирок, “Ширин ноябрды” кайрадан жаңыртып тартуу идеясы кийинчерээк пайда болгон.
2001-жылы “Уорнер Бразерс” кинокомпаниясы фильмдин римейкин тартууга чыгынды. Актёрлорду тандоону продюсер Жоди Эрлихке тапшырышкан. Ал көпкө ойлонбой, мурда “Азезилдин адвокаты” фильминде бирге тартылган Киану Ривз менен Шарлиз Теронду чакырды. “Ширин ноябрга” экөөнүн тең чоң салымын кошкондору чын. Буга чейин “Матрица” менен атактуу болуп келген Киану өзүнүн башка тарабын көрсөтө алды. Ал эми таланттуу актриса Шарлиз бүт тасманын көркүн ачты десек эч жаңылышпайбыз. Фильмдин саундтреги, сыйкырдуу үндүн ээси Энйа аттуу ирландиялык ырчынын аткаруусундагы “Only Time” (“Убакыт гана”) ыры тасманын символуна айланган.
Бир эле учурда күлкү менен муңга толгон кайгылуу сүйүү окуясын чагылдырган бул тасманын бюджети же кирешеси жөнүндө жазгың да келбейт. Себеби, тасмага байланыштуу маанилүү нерсе такыр башка. Продюсер Жоди Эрлих айткандай, балким, бир айды сүрөттөгөн фильмди көргөн соң көрүүчүлөр да Нельсондой болуп жашоого Саранын көз карашы менен карай башташат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан