Кыргызстанда уран жана торийди казууга уруксат берилиши мүмкүн. Тийиштүү мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда карап жактырды.
Коопсуз шартта казабыз дейт...
Министрлер кабинети уран менен торий заманбап технологиялар менен, коопсуз шартта казылат деп жатат. Эсиңизге салсак, өлкөдө уран казуу чуусу мурдагы бийликтин тушунда да көтөрүлүп, бирок элдин нааразычылыгынан улам 2019-жылы декабрда ага мыйзам аркылуу тыюу салынган эле. Министрлер кабинети ошол мыйзамды күчүн жоготту деп таанууну, тагыраагы, тыюуларды алып салууну сунуштоодо. “Аталган мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоого, радиациялык коопсуздукту орнотууга багытталганы менен өлкөнүн өнүгүшүн артка тартты, кризистик абалын күчөттү”,- дейт министрлер кабинети.
Уран жана торий казуунун элдин ден соолугуна, экологияга тийгизген таасири катуу көзөмөлдөнөт, терс таасирлер минималдаштырылат деп жатышат демилгечилер.
Радиация шамал менен тарайбы?
2019-жылдагыдай кооптонуу эл арасында азыр деле бар. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “уран кенинен чыккан зыяндуу чаң шамал аркылуу Ысык-Көл аймагын капташы мүмкүн” деп пикир билдирди.
28-майда депутат Айсулуу Мамашова уран радиациясы жана онкологиялык оорулар боюнча маселе көтөрдү эле жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев “адамдар урандан улам онкологиялык дарттар менен ооруп жатышат деген илимий далил жок. Табигый уран ден соолукка зыян эмес, а байытылганы зыян” деп билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне дейт?
Аталган министрлик уран казуу демилгесине оң корутунду берген. Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, 2019-жылы Кызыл-Омпол кенинде уран чуусу жаралганда атайын комиссия түзүлүп жер кыртышына, абага, жергиликтүү элдин саламаттыгына анализ жүргүзүлгөн.
Кызыл-Омполдо канча кен байлык бар?
Быйыл январда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кызыл-Омполдо баасы 300 миллиард долларга чамалаган кен байлык бар деп билдирген. Расмий маалыматтарда аталган кенде 13 миң тонна уран, 29 миң тоннадан ашык торий, 287 миң тоннадай цирконий бар экени айтылат.