Өлкөдө жорулардын 5 түрү бар. Бири Африкада кыштайт

Кыргызстандын кызыл китебине канаттуулардын 57 түрү киргизилген. Алардын түрү, саны,  кантип коргоп калууга болорлугун Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын биология институтунун омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбековдун маалыматы боюнча тааныштыра баштайбыз.

1200дөй гана жору калды

Кыргызстанда жорулардын ак кажыр (белоголовый сип), кумай  (снежный гриф, гималайский гриф), тазкара (чёрный гриф), журтчу (тарпчы, стервятник), көк жору  (балта жутар, бородач) деген 5 түрү кездешет.

Тарпчы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жолугат. Тоолордо, 3 миң метр бийтикке чейин жашайт. Жалпы саны 100дөй. Тарпчылардын айрымдары гана кыштабаса, көбү Африкага, 6 миң чакырым алыстыкка учуп барып кыштап, мартта келишет.

Калгандары бардык облустардын бийик тоолорунда, 3 миң метр бийиктиктен ары жолугат. Санына келсек, өлкө боюнча ак кажыр, тазкара, көк жорулардын саны 200-250дөй, кумайдын саны 500-600дөй.

Жорулар ача туяктуу жапайы жаныбырлар – аркар, тоо эчки, бугулар кездешкен, көп мал жайылчу аймактарды байырлашат. Алар өлгөн жаныбарлардын тарпы менен азыктанышып, тарптан оорулардын таралышынын, экологияга зыян келүүсүнүн алдын алышат. Азыгын өтө тойгуча жеп алып, араң учуп калышат.

Жору Кыргызстандагы тоодактан кийинки эң чоң канаттуу. Эң ириси – көк жору. Анын канаттарынын жазылыгы 2,5 метрге чейин жетет. Кумай, тазкара, ак кажырлар көк жорудан бир аз кичирээк. Эң кичинеси – журтчу. Канаттарынын жазылыгы 1,6 метрдей.

Тазкаралар уясын дарактарга, көбүнчө арчага, калгандары уяларын аскалардын кычыктарына, зоолордун бооруна салышат.

Жорулар эмнеге азайып кеткен?

• 3-4 жашка барганда гана жетилип,  бирден гана балапан басып чыгаргандыгында.

  Балапандардын 30-40 пайызы гана жашап кетет. Жем табуу кыйын болгондуктан ата-энеси жем менен камсыз кыла албай ачкадан өлүшөт.

• Малдын санынын көбөйгөнүнө байланыштуу алар жашаган аймактын кыскарып баратышы.

• Ача туяктуу жапайы жаныбарлардын санынын азайышы. 

• Адамдардын атып жок кылышы.  

Кантип сактап, көбөйтүүгө болот?

• Алар байырлаган, уялаган жерлерди катуу көзөмөлгө, кароого алуу. Коруктарды уюштуруу.

• Кышкысын алар көп чогулган жерлерге жем таштап туруу.

• Жорулар байырлаган аймактарга малдын жайылышына, адамдардын көп барышына тыюу салуу. Болбосо алар башка жакка ооп кетишет.

• Жоруларды коргоо боюнча атайын программа түзүлүп, каражат бөлүнүшү кажет. Ошондо колдо багып, көбөйтүп, кайра табиятка коё берсек, саны көбөйөт эле. 

Жоруларды мыйзамсыз аткан, өлтүргөндөргө 200 миң айып пул салынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан