Чуулгандуу кылмыштардын аягы эмне болуп бүттү?

Буга чейин гезит бетине жарыяланган чуулгандуу кылмыштардын аягы эмне болуп бүткөнүн, ким кандай жазаланганы же жазадан кутулуп кеткени тууралуу маалымат берели. Ошондой эле макаладан кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлар ачыкталып жаткан окуялар тууралуу да биле аласыз. 

Жаш жигитти муунтуп өлтүрүп, унаасын тартып алууга шектүүнүн башка кылмыштары да ачыктала баштады

Гезитибиздин №1097-санында Тилек Туйбаева аттуу жаран 22 жаштагы уулунун өлүмү тууралуу айтып берген. Анда белгисиз адамдар каарманыбыздын 22 жаштагы уулун тоноо максатында уурдап кетип, 2 күн белгисиз жайда камап, 3-күнү баласынын жансыз денеси Чычкан капчыгайында жол кырсыгына кабылган Жигули үлгүсүндөгү автоунаадан табылганы айтылган. Шектүүлөр жигиттин өлүмүн авторкырсыкка шылтаганга аракет кылышканы менен, медициналык экспертиза маркумдун кырсыктан эмес, муунтулуп каза болгонун тастыктаган. Аталган кылмыш боюнча сот иштеринин жүрүшүн сурап кайрылганыбызда Тилек айым буларга токтолду:

– Сот иши баштала элек. Баламдын жансыз денеси Токтогулдан табылган деп, тергөө ишин Токтогул РИИБи жүргүзүп жаткан. Анын ишине ичибиз чыккан жок, көп жагдайларды эске албай, үстүртөн тергеп эле, ишти сотко өткөрүп салалы дешкен. Башкы прокуратурага улам арыз жазып жатып тергөөнү Бишкекке котортуп алдык. Азыр ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат. Кылмышка шектүү абакта, анын башка адамдардын өлүмүнө да катыштыгы бар экени аныкталды. Орусияда жарандык никеде чогуу жашап жүргөн кыргыз аялды өлтүрүп, токойго алып барып унаага камап өрттөп жиберген экен. Окуя 3 жыл иликтенип, бирок ким өлтүргөнүн таппай калышыптыр. Баламды өлтүрүүгө шектелип жаткан канкор ал окуяда шектүү катары каралып, бирок кутулуп кетүүгө жетишкен экен. Карабайсыңарбы, эки кылмыштын сценарийи окшош болуп жатканын. Биздин ИИМ Орусиядан ошол жабылган кылмыш иштин материалдарын алдыртышты. Бардык кылмыштарын аныктап, анан соттошот окшойт. Адилеттүү тергөө жүрөрүнө ишенем.

Аялы төрөттөн каза болгон жабырлануучу “жумуштан кетти делген дарыгерлер иштеп эле жүрүшөт” дейт

Гезитибиздин №1106 санында Тынчтыкбек Өмүрзаков аттуу жаран аялы 9-баласын төрөп жатып каза болгонуна Кара-Балта шаардык төрөтканасынын врачтарын күнөөлөгөн. Аталган окуя боюнча Жайыл РИИБи сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган эле. Окуядан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги келиндин өлүмүнөн улам бир нече дарыгер иштен айдалганын кабарлаган. Тергөө ишинин жыйынтыгын сурап Тынчтыкбек мырзага байланыштык:

– Кичинекей баламдын абалы жакшы, 4 айлык болуп калды. Элден жакшы жардам болду, мамлекет да 9 балама жөлөк пул чегерип берди. Бирок Кара-Балта шаардык ооруканасындагы жумуштан айдалды деген дарыгерлердин баары эле иштеп жүрүшөт. Бир врач жумуштан кетиптир, бирок ал аялым каза болгон учурда эс алууда болгон экен. Тергөөдөн дайын жок, экспертизанын жыйынтыгы чыга элек деп созуп жатышат. 4 айдан бери жыйынтыгы чыкпаган кандай экспертиза ал? Кечээ Башкы прокуратурага барып дагы арыз жазып келдим, Ак үйгө да  даттанып бардым. Кылмыш иши ачылгандан кийин бирөө-жарым жазага тартылып, жоопкерчиликти сезиши керек да. Адам өлүмү оюнчук эмес.

Сокулукта 9 бала зордуктады делген кыздын таякеси шектүүлөрдүн ата-энесинен акча опузалаганы үчүн кармалдыбы?

Гезитибиздин №1116 санында Сокулукта 9 бала тарабынан зордукталды делген 13 жаштагы кыздын окуясын жазганбыз. Анда жабырлануучумун деген өспүрүм кыздын апасы “бир жыл бою кызым 9 бала тарабынан системдүү зордукталып жүргөн” деген эле. Макалада жабырлануучулар да, шектүү тарап да өз жүйөлөрүн келтиришкен. Аталган окуя боюнча учурда абакта отурган шектүү жарандын атасы бизге байланышып, төмөнкү маалыматтарды айтты:

– Сот иши жүрүп жатат. Башында кылмышка 14 бала шектелип жаткан эле, аялы, бала-чакасы бар немелер акча берип кутулуп кетишти. Азыр 9 жарандын иши каралууда. Алардын экөөсү камакта, экөөсү чет өлкөгө качып кетти, калгандары жашы жете элек өспүрүмдөр болгондуктан үй камагында. Жабырлануучулар сот отурумдарында ар кандай көрсөтмө бере беришип баштары айланып калышты. Жаш кызды жөн эле кыйнап жатышат, бизден акча өндүрүү үчүн. Кыздын таякеси болом деп тиякка-биякка чуркап, иштин баарын былгытып жүргөн адамды жакында УКМК шектүүлөрдүн биринин ата-энесинен опузалап 40 миң доллар алып жатканда кармады. Дагы бир ата-энеден 500 миң сом сураптыр, “балаңа тосмо арыз жазып берем” деп. Менин бере турган эч нерсем жок, балам камакта. Тергөө да далил келтире алган жок, медициналык экспертизадан кыздын зордукталганы тастыкталган жок, жөн эле бир кыздын курулай сөзү менен камалып отурат балам.

Көчөдө аялын муунтуп өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Гезитибиздин №1102 санында Кадамжай районунун тургуну Сапаргүл Пиржанова 23 жаштагы сиңдиси Айкызды көчөдө 3 жаштагы кызынын көзүнчө күйөөсү муунтуп өлтүргөнүн айтып берген эле. Аталган окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев да реакция кылып үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды УКМКнын аймактык башкармалыктарына кайрылууга чакырган. Аталган окуя боюнча сот иштеринин жыйынтыгын сурап Баткен облустук сотуна кайрылып маалымат алдык:

– Кадамжай райондук сотунун 2024-жылдын 22-майындагы өкүмү менен айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” жана “Денесине анча оор эмес залал келтирүү” беренелери боюнча соттолгон. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча толугу менен, ал эми денесине залал келтирүү боюнча жарым-жартылай күнөөлүү деп табылды. Мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылып, 30 000 сом айып пул салынган. Соттолуучунун эсебинен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн пайдасына 100 000 сом моралдык зыян өндүрүлгөн.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан