Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Сен жакшы адамсың, Ажар. Жанат сенин баркыңды билбеди. Балким, бир күнү баркыңды билсе керек.

– Ал сиздин да баркыңызды билген жок. Ал үчүн сиз ага гана эмес, ата да болдуңуз. Ал үчүн кандай курмандыктарга барганыңызды мен билем. Бирок ал байкабады. Ал үчүн да, сиз үчүн да кеч боло электе баркыңызды билсе болду. 

Канат макул болгондой башын ийкеди. Айдарды уктатып коюп сыртка чыкты, ушунчалык чарчоо басып, кыйналып турганын сезди. Шооланы ооруканада акыркы жолу көргөндөн бери ушул абалда. Чындап эле анын алдында өзүн күнөөлүү сезет, бул сезим кокодон алат да турат. Эмне кылса да, кандай кылса да кутула албайт. Жанатты бир ойлосо, Шооланы миң ойлойт. Ажарды, Айдарды, атасын, апасын ойлойт, жашоосун, айтор, ойлору быт-чыт. Болгон алаксый турган нерсеси – иши. Балдарды машыктырганда, алар жеңишке жеткенде куду өз балдары жеңишке жеткендей кубанат. Түн ичинде апасы менен атасынын тынчын алып ойготпоюн деп досу Зарлыкка телефон чалды. Ал мурункудай эле түндө өнөрканасында иштеп жаткан экен, Канат аны терезеден тиктеп турду. Майыптардын арабасына отуруп алып бир нерселерди жонуп, анысын жылмайып карап, кайра кагазга бирдемелерди жазып иши менен убара. Терезени карап Канатты көрө калып “кир” деп кол жаңсады.

– Ассалом алейкум, дос!

– Алейкум салам, келдиңби? Азаматсыңар, жеңиштерге жетишипсиңер!

– Кайдан уктуң?

– Жаңылыктардан да. “Канат Баялиевдин шакирттери” деп теледен да, сайттардан да көрсөтүп жатышат го.

– Ооба, мен да кубандым. Шакирттерим азаматтар чын эле.

– Аэропорттон эле бери келе жаткандайсың го.

– Ооба. Баса, сага, уулдарыңа белек ала келгем.

Зарлык Канат алып келген белектерди жылмайып карап кубанып калды. Бул жигиттин окуясы да өзүнчө кызык. 5 жыл мурун бир кыз менен таанышып калып, экөө турмуш курат. Көптөр буларды үй-бүлө катары жашап кетишет деп ойлогон эмес. Супсулуу, дени сак кыз  жана майып жигит кантип бирге жашап кетишет, мүмкүн эмес дешкен. Бирок жашап кетишти. Эки уулдуу болушту. Зарлык азыр абдан бактылуу ата, күйүмдүү күйөө. Бала-чакасын элден кем кылбай багыш үчүн өнөрканасында күнү-түнү иштейт. Аялы да кыйын, онлайн дүкөн ачып азыр жакшы киреше таап жаткан учуру. Бакыт деген адамды нурлуу кылып коёт тура, Зарлык мурункудан келишимдүү азыр.

– Ии, түн ичинде мага келгениңе караганда бир көйгөйүң бар.

– Кыйналып жүрөм, досум. Атам менен апамдын түндө тынчын албай таң атканда эле барайын дедим. Сенин түндө иштээриңди билем да. Эргүү сага түндө келет эмеспи.

– Жанатпы?

– Жанат, Шоола... Кимисин көбүрөөк ойлоп жатам, өзүм деле билбейм.

– Баарын Кудайга тапшыр, сен колуңдан келе турган нерсенин баарын кылдың.

– Билбейм, ушунчалык көкүрөгүм оорлошуп, өзүмдү күнөөлүү сезүүдөн башым көтөрүлбөй, ааламга батпай бара жаткандаймын. Шооланын акыркы сөздөрү көкүрөгүмө тепчилип калгандай.

– Эмне деди?

– “Сен деп Кыргызстанга келдим, Жанатка да сенден өч алыш үчүн турмушка чыктым. А сен коркоксуң” деди. Мунун да чындыгы бар. Мен чындап корктум. Экөөнүн биринен айрылып калгым келген жок. Балким, чындап эле алар мени жазалаш үчүн үйлөнүштүбү деп да ойлоп кетем. Анткени Жанат Ажар менен бактылуу эле. Өзү да байкабаса керек, бирок Ажар ал үчүн эң бир мыкты жар, дос, жашоосундагы эң чоң бактысы болчу. Жанат билбесе да керек, бирок мен ал Ажардын жанында кандай бактылуу экенин сезчүмүн. Ал эми Шооланын жанында бактылуу эмес! Экөө тең бактысыз.  

– Эх, досум, сен эмнеге өзүңдү бардык нерсеге жоопкердей ойлоп алгансың? Ар бир адам өзү үчүн жооп берет. Сен эч кимдин тагдырын жасап бере албайсың. Сен өз жашооңду ойло.

– Хм, менин жашоом...

– Тургандыр бир жерде жасанып,- деди Зарлык тамашага салып.

– Алияны да үмүткөр кылып жүрөм. Бирок азыр ага да бир нерсе дей албайм. Көздү жумуп үйлөнүп алып, ал каалагандай күйөө боло албасам кандай болот?

– Шооланы унута албасам кандай болот дечи...

– Жок, Шоола аял катары менин жашоомдо эч качан болбой турганын билем. Аман эле болсунчу, наристесин аман-эсен колуна алып алсын, Жанат экөө бактылуу болсун. Бир нукка түшүп кетсе эле болду, башка эч нерсе каалабайм.

– Жанат акылына келди бекен?

– Ким билет...

 

ххх

Шоола менен Жанат врачтын кабыл алуусунда отурушту. Экөө тең кумсарып алышкан, мындай болот деп эч ойлошкон эмес эле. Врач ачык айтты. “Эгерде бала төрөлсө энесинен айрылып калышыбыз мүмкүн. Энени сактайм десек, анда баланы бойдон алдырыш керек” деди. Шоола көзүн жума берди. Бир аз убакыт болсо да ичиндеги ымыркайга байланып калган эле. Караңгы бөлмөдө отурганда кимдир-бирөө лампаны жандырып койгондой, курсактагы бала ал үчүн үмүттүн шооласы эле. Бирок тагдыр ага эне болуу бактысын да ыраа көрбөгөн окшойт. Баласы же өзү! Экөөнүн бири гана жашашы керек. Кызык, мындай тандоо дагы кимдин башына келди экен. Шоола жашоосуна таң калып жатты. Анда ар дайым тандоо болду. Атасы же апасын тандоо керек эле кичине кезинде. Кийин Канат же Жанат деген тандоо турду. Эми өзү же баласы.  Жараткан аны дайыма тандоо менен сынады.

– Бала жашайт!- деди ал чечкиндүү.

Жанат акырын башын чайкады.

– Жок, сенин өмүрүңө коркунуч келсе, баланы алдырабыз.

– Жанат?

Врач экөөнү алмак-салмак карап турду да, анализдердин жыйынтыгын Шоолага сунду.

– Жүрөк алсыз. Эне болуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Бардык жагын таразалап карап чыгып чечим кабыл аласыздар деп ишенем.

Жанат менен Шоола сыртка чыгышты. Үн катышкан жок экөө тең. Өз ойлору менен алышып бара жатышты унаада.

– Мен эне болгум келет!- деди Шоола бир маалда. Жанат караса анын көзүнөн аккан жаш жаак ылдый куюлуп бара жаткан экен. Машинесин токтотуп Шооланы тиктеди.

– Мен сенден ажырай албайм. Шоола, бул нерсени талашып-тартышуунун кереги да жок. Мага сен болсоң жетет. Баланы кааласак багып да алабыз. Өздөй эле болуп кетет. Бирок мен сенин ден соолугуңду курмандыкка кыя албайм бала үчүн.

– Бул сенин балаң!

– Билем, менин дагы бир балам бар. Бирок уулумдан сен үчүн баш тартып кете алдым. Демек, бул баламдан да сен үчүн баш тарта алам. Кааласаң сөк мени, жаман ата де, акмак де, айбан де. Бирок мен сенсиз жашай албайм. Шоола, мени таштаба...

Жанат ыйлап жиберди, Шооланын колдорун өпкүлөп ыйлап жатты. Азыр эле ажал келип колунан сууруп кетчүдөй эт жүрөгү болкулдап коркуп жатты. Тиги күйөөсүнүн башынан сылай берди.

Эх, эгерде Жанат анын чыныгы сезимдерин билсе кандай болмок. Иштин мындай болушу Шоола үчүн эң пайдалуу экенин билсе эмне демек... Канатсыз жашоо караңгы бир чуңкурга түшүп кеткендей эмеспи ал үчүн. Ансыз жашап эмне деп ойлоп жүргөн. Азыр болсо жок дегенде артына бир адамды калтырып кетет. “Мен да Канатсыз жашай албайм, ал болсо бул өмүрдө меники эмес. Андан көрө сага белегимди калтырып кеткеним дурус, Жанат” деп жатты Шоола... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан