Кенже Кубатова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Ырчылыкты жакшы аркалай албай жүрөм”

– Эже, арыбаңыз! Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, учурда эмне менен алексиз?..

– Арыбаңыздар! Биз баягыдай эле кенен-кесири Кочкордо жатабыз. Балдар искусство мектебинде иштегениме 20 жылга карап баратат. Ошол жакта балдардын билими менен алышып жатабыз. Быйыл эч кандай чыгармачылык жаңылык болгон жок. Жылда эле “мына, ана, эмдиги жылы” деп келатам, убакыт-сааты чыкпай жүрөт. Жакында эл аралык “КGтай” деген сынакка 4 окуучумду алып барам. Ушул жаңылыктар.

– Билим берүү жолунда келе жатканыңызга бир топ жыл болуптур. Кандай педагог, кандай мугалимсиз?

– Кандай педагог экенибизди балдар же башка мугалимдер айтпаса... Колдон келген өнөрдү, билген нерсебиздин баарын балдарга үйрөтүп келе жатабыз. Ийгиликке жеткен окуучуларыбыз бар. Айсаана Оморова, Данияр Абылабек уулу, Гүлзаир Сагынова, Чыңгыз Кубат уулу жана башкалар. Баары үйлөнүп-жайланып, чыгармачылыкка аралашып иштеп жүрүшөт.

– Аскат Жетиген уулу да сиздердин окуучуңуздарбы? Ал мырзанын камакка алынышы боюнча кандай пикирдесиз?

– Ооба, Аскат Жетиген уулу дагы биздин окуучубуз. Анын талантын баарыңар эле билесиңер, эл дагы билет. Жаш болсо да бир топ ырларды, күүлөрдү чыгарды, таланттуу бала. Камалышы боюнча эч нерсе айта албайм, туура эмес камалды дейин десем, биздин баладан да кетип жатпайбы. Эми бир мамлекет болгондон кийин баарыбыз мыйзамга баш ийип жашашыбыз керек. Менин оюмча, бирөөлөрдүн азгырыгы же куралы болуп калдыбы, маданият адамы оңою менен саясатка аралашчу эмес эле. Жаштык кылды окшойт, жаштык кылып оозунан жаңылып алды, сыягы. Баарыбыз эле нес болуп калдык.

– Үнүңүз өзгөчө, үнүңүздүн калыптанышына кимдердин салымы чоң? Кичинекей секелек Кенжени эстеп көрсөңүз.

– Окуткан агай-эжелеримдин, таасири тийген ырчылардын салымы чоң. Кичинекей Кенжени эстесем, чабандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Балалыгым жакшы учурга, Советтер Союзунун гүлдөп турган учуруна туш келди. Ата-энем дагы таланттуу адамдар эле. Атамды “Ак-Жар айылынын Рыспай Абдыкадырову” деп коюшчу айылдаштар. Ал кишинин акындык, төкмөлүк да таланты бар эле, учурунда Москвадагы консерваторияга кабыл алынып, бирок жалгыз уул болгондуктан окубай калган. Апам экөөнүн эч бир урушканын көргөн жокпуз. Бейкапар жашоодо Соң-Көлдүн жайлоосунда өттү балалыгым. Атам радиодон чоң-чоң залкар ырчыларды, комузчуларды, кыл кыякчыларды укчу, аларды үнүнөн же комуз черткенинен эле “Асылбек Эшмамбетов чертип жатат, Шекербек Шеркулов чертип жатат” деп таанып койчу. Кийин менин багыма элдик ырдоонун атасы болгон профессор агайыбыз Улукмырза Полотов туш келди.

– Өнөрдүн өтөсүнө чыга алдым деп айта аласызбы?

– Өнөрдүн эле эмес, адам бул жашоодо эч бир иштин өтөсүнө чыга албайт. Жоопкерчилик чоң, өнөрдү Кудай берген соң аны бапестеп багып, бат-баттан элге чыгып туруш керек. Аял кишинин үй-бүлөлүк тиричилиги, жумушу болуп чыгармачылыкты да, үй-бүлөнү да бирге ала жүрүү кыйын болуп калат экен. Же мен жалкоо болуп калдымбы, акыркы кезде ырчылыкты жакшы аркалай албай келатам. Анын үстүнө балдарым да жаш эле. Буюрса, кыздарым быйыл студент болуп шаарга кетип жатышат, эми бат-бат Бишкекке каттап калсам керек, ошондо жөн барбай ыр жаздырып турам. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетпесе эле...

– Кыздарыңыз да чыгармачылыкка жакынбы?

– 1 уул, 2 кызыбыз бар. Кыздарымдын бири 11ди, экинчиси 9-классты бүтүп жатат. Уулум 4 жашта. Кыздарым чыгармачылыкка жакын, канында бар да. Ортончу кызым комуз чертет, күү чертет. Чоң кызым ырдайт, бирок кыргызча ырдабайт да. Экөө тең орус класста окуп калышты. Кичүү уулумдун деле үнү жакшы, бирок али кичинекей.

– Жолдошуңуз, ал кишинин мүнөзү, таланты, жашооңуздагы орду тууралуу айтып берсеңиз...

– Жолдошум Зайнидин Иманалиев залкар комузчу болгондуктан бул кишинин жары болуш өтө татаал, өтө кыйын. Анткени бул киши бир жагынан жумшак дагы, бир жагынан катуу дагы. Үй-бүлөгө абдан карамдуу адам. Экөөбүздүн табышканыбыз эл арасында ар кандай аңыз кеп болуп айтылып жүрөт, ошонусу менен табышмак, ошонусу менен кызык да. Бул кишиге турмушка 27 жашымда чыгып, 30 жашымда биринчи, 31 жашымда экинчи кызымды төрөдүм.

Жолдошум абдан боорукер, эч качан жок дебейт, ичи таза, бала сыяктуу. Алданып калат бат эле, көп кишиге алданат. Чыгармачыл инсан да, баары бир жүрөгү назик. Анан бир карасаң абдан катаал, абдан акылман. Бул кишинин ысымы кандай бийик болсо, турмуш кургандан кийин ага тоскоол болбой, аял катары экинчи орунга туруп, “мен деле кыйынмын, мен деле ырчымын” дебестен, көп эле колдоо көрсөттүм деп айта алам. Эми азыр ден соолуктан кичине кыйналып турабыз, мезгил өзүнүкүн алат экен да. Бул кишини карап отуруп мен деле карып калдым отуруп-тура албай (күлүп). Шаарга барсак “ой, сен эрте эле карып алыптырсың” деп калышат. “Карынын карылыгы жугат” дегендей, өзүмдү кары сезип калдым” деп күлүп калам. Албетте, бул тамаша кеп дечи. Бирок улуу кишилер менен жүрсөң ошолордой болуп каласың. Менин жолум башынан эле ушундай болду. Эң алгач 17 жашымда Орозбек Кутманалиев атабыз алып чыккан мени, элди аралатты, Алтынбек Сапаралиев, Шайгүл Алсейитова эже-агалар менен Кыргызстанды бүт кыдырганбыз.

– Эгерде адамга артка кайтып барууга мүмкүнчүлүк берилсе, жашоону кайсы жерден баштамаксыз?

– Эгер кайрадан мүмкүнчүлүк болсо ушул эле жолду, ырчылыкты тандамакмын. Өкүнө турган эч нерсе жок. Бир гана өкүнгөнүм – балам Канатты жоготуп алганым. Ал мен үчүн абдан оор жоготуу болду. Бул нерсе өмүр бою эненин жүрөгүн зыркыратып турат экен да. Быйыл да балдарыбыз бир аз сыркоолоп, 3 айдай дарыланып, чоң сыноодон өттүк. Ата-энени жоготуу, бир туугандардан ажыроо деген нерселер да болду. Алардын баары мыйзам ченемдүү көрүнүш болгону менен, чыгармачыл адамга сөзсүз таасирин тийгизет экен. Баламды жоготуп алгандан кийин ден соолугум жакшы болбой, чыгармачылыкка да табитим тартпай калды. Бир убакта адам сынат, кайра турат экен.

Убагында жаштык кылып койдумбу же эки баланы катар төрөп калгангабы, чыгармачылыкка активдүү аралаша албай калдым. Эми ал деле мени аябай өкүндүрбөйт. Анын үстүнө “Алымкандан” кийин кайра ырдап чыга турган жакшы ыр болгон жок. Анан сөзү Гүлжамила Шакирова, обону Майрамбек Осмоновго таандык “Болгон жакшы” деген ыр менен кайра башкача нукта чыгармачылыкка кире алдым. Убагы келмейинче башыңды ташка урсаң деле эч нерсе чыкпайт. Убакыт өткөн сайын үнүң баягыдай болбойт, жыл сайын өзгөрүүлөр болуп турат экен. Ушул нерселер гана кичине өкүндүрөт.

Гулийпа Маметосмон кызы   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан