Бекназар Камчыбек уулу, ырчы: “Мени Бекжан Темирханга окшоштурушат”

Сөзү Элмирбек Иманалиевге, обону казак элине таандык “Каркыралар” ырын аккордеон менен катыра ырдап жүрөт. “Күйдүм, күйдүм”, “Сен эмнеге жеттиң?” деген да ырлары менен жаңыдан эл оозуна алынып, ыр сүйүүчүлөрдүн кулагын сүйүнтүп келе жаткан Бекназар Камчыбек уулун тааныштырабыз. 

Жаш ырчы...

1997-жылы, 30-майда туулган

Базар-Коргондогу Чкалов айылынын кулуну

Жалал-Абад маданият техникумун бүтүргөн. Учурда Бишкекте Маданият жана искусство университетинде 4-курста окуйт

Ырдоо кесиби дагы, хоббиси дагы

Репертуарында “Күйдүм, күйдүм”, “Каркыралар”, “Сен эмнеге жеттиң?” жана башка ырлары бар

– Бекназар, салам! Сизди окурмандарга тааныштыралы дедик, таанышалы анда...

– Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылында туулуп-өскөм. Мектепти бүткөндөн кийин Жалал-Абаддагы Маданият техникумунда 2 жыл окудум. Аны бүткөндөн кийин 1 жыл аскерде болуп, учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка жана ырдоо бөлүмүндө билим алып жатам.

– Жакшы, сизде дагы ырчылыкка кызыгуунун башаты балалыкка барып такалабы?

– Бала кезде ырчы болом деген максат жок эле, чынында. Мектепте деле такыр ырдаган эмесмин. Уялчаагыраак элем, арткы партада өзүм менен өзүм болуп отура берчүмүн. Музыкага кызыгуу менде мектепти бүткөндө пайда болду. Аккордеон үйрөнгүм келип, атам ал аракетимди колдоп кетти. Маданият техникумуна да атам алып барды. Айтор, атамдын колдоосу менен улам алдыга умтулуп келе жатам.

– Алгачкы ырлар, элге таанылуу, толкундануулар тууралуу сөз кылбасак болбос...

– Чыгармачыл чөйрөгө аралашканыма бир видео себепкер болду. Бир жолу аккордеончулар тамактанып отуруп “Күйдүм, күйдүм” деген ырды ырдаган элем. Балдар видеого тартып алышыптыр, социалдык тармактагы баракчама жүктөп койсом “лайктар” басылып, катталуучулар өсүп жатат. Тайпалашыма “бул эмне болуп жатат, гивге кошулуп калган окшойм” десем, ал “видеоң рекке чыгып кетиптир, ошого көп реакция болуп жатат” деди. Ага чейин баракчамда 1000ге жетпеген катталуучум бар эле. Ошол видеодон кийин социалдык тармакта активдүү болуп, ырчылыкка олуттуу кирише баштадым. Бул ырды мага чейин эки адам ырдаган, мен үчүнчүсү. Эл колдоп турса, иштегиң келет экен. Бир жолу Мундузбек Усупбек уулу акебиздин маркум Элмирбек Иманалиев агабыздын “Каркыралар” деген ырын ырдаганын угуп, ал ырды жактырып калдым. Анан Элмирбек агабыздын жубайынын алдынан өтүп, биринчи жолу аккордеонго салып ырдап чыктым. Менин атымды аздыр-көптүр элге тааныткан ушул эки ыр болду.

– “Менден кетип эмнеге жеттиң?”, “Аман бол, сүйгөнүм”... Эмнеге жалаң кайгылуу темалар?

– Ооба, негедир кайгылуу ырлар менен баштап алдым. Турмушта сүйгөнүм таштап кеткен окуялар деле жок, болгону стилим ушинтип жаралды окшойт. Жаштар жактырып, жакшы кабыл алып жатышат. Чыгармачыл адам үчүн өзүнүн стилин табыш өтө кыйын, стилин таба албай, ар ырга башын салып көптөгөн таланттар жарк этип чыга албай жүрүшөт. Менин бактыма “Күйдүм, күйдүм” ыры туш келип калыптыр. 

– Ырдаганыңыз ырчы Бекжан Темирханга окшошуп кетет экен. Ага таасирлендиңиз беле?

– Бекжан менен бир университетте окуп, бир жатаканада жашаганбыз. Менден бир жаш улуу, саламыбыз түз эле, бири-бирибизге “дос” деп кайрылчубуз. Ал чыныгы талант эле. “Аман бол, сүйгөнүм” деген ырдын клибин Тиктокко жүктөсөк эле элдин баары “Бекжан Темирхан го, окшош экен, үнү да окшош экен” деп жазышты. 400 комментарий жазылса, анын үч жүзүндө Бекжандын аты аталды. Ошондон кийин мени Бекжан Темирханга окшотушарын байкадым. Чыгармачылыкта Бекжандын жанында жүргөн досторубуз да “окшошсуң, баскан-турганың да окшош” деп калышат. Негизи аны туурап ырдабайм, болушум ушул. Балким, Бекжандай каракалпак стилинде ырдаганым үчүн да окшош дешет. 

– Тушоо кесүү концертиңизди берүүгө жетиштиңиз, кандай өттү?

– Ооба, Базар-Коргондогу стадиондо концерт бердим. Бүгүн болбосо, эртең, акыры бир күнү тушоо кесүү концертимди беришим керек. Алгач туулган айылымдан элдин батасын алайын дедим. Кирүү акысыз болуп, 3000дей көрүүчү келди. Жакшы тилектер менен элге сиңе турган ырларды жараталы деп максат кылдым. “Концертиңди уюштуруп берели” деп Москвадан, өлкөбүздүн башка облустарынан чалгандар болуп жатат. 2-3 ыр чыгарып алып эле концерт коё берген болбойт. Дагы иштеп, ырларымды көбөйтүшүм керек.

– Кандай принциптериңиз бар?

– Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз, Кудайга шүгүр, колдоп-коштой турган агаларым бар. Бирок менин принцибим бар, баарына өз күчүм менен жетсем дейм. Бишкекке окууга келгенде да үйдөн эч нерсе албай чыккам, бул жакта чайканаларга кирип ырдап акча таап жүрдүм. Бул мага сүрдөөнү жеңүүгө жакшы жардам берди. Аябай уялчаак, тартынчаак бала элем. Бөлмөгө баш багып, “Уруксатпы, чайкананын атынан ырдап коёлу” деп айтыш мен үчүн тозок эле.

Акелерим “жардам керекпи, акчаң барбы?” дешсе, жок болсо да “бар” дечүмүн. Кудайга шүгүр, аракет кылып, атымды акырындан таанытып келе жатам. Мени чыгармачылыкка атам аралаштырды дедим го, аман болсом атамдын атын алыска таанытам. Убагында ырчы болушумду жалгыз гана атам колдогон, бир туугандарым “башка эле окууга окусаңчы” дешкен. Атамдын мен эс тарткандан бери айдап жүргөн Жигулиси бар эле, өткөн жылы иштеп, атама унаа алып бердим. Бул көптөн берки кыялым болчу.

– Кээде өзүңүздү сырттан карап турасызбы?

– Ооба. Мурда өзүмдүн ырдаганымды өзүм уга алчу эмесмин. Жадакалса жанагы вотсаптын үн билдирүүсүндөгү үнүмдү уккандан уялчумун. Көрсө, анткен болбойт экен. Ырдаганымды угуп, туура эмес жерлерин таап, кийинкиде тууралап ырдаганга аракет кылам.

– Бир жыл аскерде кызмат өтөдүм дедиңиз, кандай болду? “Дедовщина” деген нерсе дагы деле бар бекен?

– Техникумду бүткөндөн кийин иштегени Орусияга кеткен элем, 2 ай өтпөй аскерге чакыруу келди. Атам телефон чалып “эмне кыласың?” деди эле, “барам” дедим. Акелеримдин баары аскерге барып келишкен. Алар мени “сен аскерге барбайсың, коркоксуң” деп шылдыңдашчу. Ошол сөздөр намыстанттыбы, барам дедим да, Орусиядан келип аскерге кеттим. Аскерде Ошто болдум. Барганыма өкүнбөйм, ал жактан ата-эненин, достун кадырын билесиң. Классташ-досторуңдун үнүн укканда ыйлагың келет. Көп нерсени түшүнүп, тартипке көнөсүң. Аскерге азыр чакырса деле бара берем. Азыр аскерге жылына 1 чакыруу болуп калбадыбы, мурда 2 чакыруу болуп, “дембелдер” болчу эле. Азыр жок.

– Ийгилик каалайбыз!

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан