“МЕН АНЫ ӨЛТҮРҮП КОЙДУМ ДЕДИ”. 13 жашар бала таякесинин колунан каза тапты

Жакында Өзгөн районунун Куршаб айылында үрөй учурган окуя катталды, 13 жашар бала 21 жаштагы таякесинин колунан каза тапты. “Окуяга жалгыз эле таякеси эмес, башка адам да аралашкан” дейт маркумдун апасы Адина Ашимова. Учурда иш тергөөдө, сот адилеттүү чечим чыгарып берет деп күтүп жатканын айтат ал. 

“Сүт, айран ичсин деп айылга жөнөткөм”

– Менин атым Адина, 35 жаштамын. Бир кыз, бир уулдун энесимин. Эки балам менен Ош шаарында турчубуз, күйөөм менен ажырашып кеткем. Ушул жылдын 20-майында уулум Азирет  Куршаб айылында жашаган таенесиникине кеткен. Сүт, айран ичсин деп жыл сайын жайкы каникулда айылга жөнөтчү элем. Уулумду апам экөөлөп чоңойтуп келе жатканбыз, дем алыш күндөрү да дайыма таенесиникине кетчү, жоош, момун, акылдуу балам бар эле (ыйлап). Ошентип 20-майда айылга кеткен, мен Ош шаарында ооруканада жаткан таежемди карап калгам.

“Инибиз балага орой болчу”

– Куршабдагы үйдө апам менен иним Сапар жашайт. Сапарды биз эки жашында багып алган элек, туугандарыбыздын баласы болот. Ал 21 жашта, үйлөнгөнүнө 5 ай эле болгон. Негизи Сапар балдарга орой болчу, бирок киши өлтүрөт деген ой үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Апамдын айтымында, уулум Азирет баргандан баштап эле келиндин (ред.: Сапардын жубайы) мүнөзү өзгөрүп калган. Келиндин аты Тахмина, 21 жашта. Басса-турса эле сүйлөнүп, Азиретти жактырбаптыр. Апам “эмне эле сүйлөнүп жатасың, ачык айтчы” десе унчукпай калыптыр.

“Алдын ала даярданышкан окшойт”

– Каргашалуу окуядан эки күн мурун келин апама “апа, Азирет жип көтөрүп эле улам сарайга кирип жатат, сак болгулачы” деген экен. Өзү асынып өлдү деген версияга ошондо эле жакындатып жаткан окшойт. Муну укканда мен Куршабга барып баламды отургузуп алып сурадым. “Азирет, сен эмнеге жип көтөрүп сарайга кирип жатасың?” десем, уулум “апа, мен жип көтөргөн жокмун, эмнени эле айтып жатасыз?” деди. Оорукчан таежеми караганы кайра Ошко келе бергем. Ошол күндөрдө келинибиз баланы бычак көтөрүп кубалаптыр. Апам муну көргөндө келиндин ата-энесине “келинди убактылуу алып кетип тургула, неберемди батырбай жатат, өлтүрүп койбосун” деп айттырган экен. Келин бейбашыраак, үйүнөн качып жүргөн кыз экен. Иним экөө таанышып, кийин инимди үйгө издеп келгенинен апам макул болуп экөөнү баш коштуруп койгон. Мындай болорун билгенде жакын жолотпойт элек. 

“Апам базарга сүт сатканы кеткен экен”

– 25-май күнү апам, адатынча базарга сүт-айранын сатканы кетет. Ал кетип жатканда Азирет уктап жаткан экен. Базардан келип уулумду сарайдан, тизелеген абалда жипке асылып турган жеринен табат. Иним аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзү өлдү кылып жипке асып коюптур. Ага чейин уулумдун каякта экенин келинден сураса, ал “тыт жегени кеткен” дептир. Эмнеге келиндин да окуяга катыштыгы бар деп жатабыз? Ал окуя кандай болгонун кийин айтып берди. Күйөөсү баланы кармап алып, өлтүрүп койгончо эмнеге карап турду? Муунтуп жатканда деле колунан тартып албайт беле? Күйөөсүнө алы жетпесе кыйкырып, кошуна-колоңду чакырса болбойт беле? Кантип жаман окуяны карап тура берди?

“Менин баламды үй талашат деп ойлошту окшойт”

– Келин күйөөсүнө “Азирет антти, минтти” деп жамандай бергенден улам иним ачууланып өлтүрүп салды деп ойлойм. Эмне деп айтышымды да билбей калдым, инимдин боору таштан бүткөнбү деп да ойлоп кетем. Эки жашынан багып чоңойттук эле, бирок бизге боор бербептир. Экинчиден, менин балам  жалгыз уул да, келин “бул эртең чоңойсо  бизди бул үйгө жашатпайт, баарына ушул бала ээлик кылат” деп ойлосо керек.

Иним да, аялы да башында моюнга албай жатышкан. Баланы жерге берип келгенден кийин “баары бир экспертиза аныктайт, бул ишти силер кылсаңар моюнуңарга алгыла" деп айттык. Ошондо келин “Сапар өлтүрдү” деп айтып жиберди, ошол көрсөтмөсүн видеого тартып калдык. Анан укук коргоо кызматкерлери келип Сапарды алып кетишти. Ал кылмышын моюнуна алып, баламды кантип өлтүргөнүн айтып берди. “Эмнеге?” деген суроого “жеңеси менен айтыша берди, жиниме тийди” деп жооп берди. Биздин эл-журтка, сот органдарына кайрылып жатканыбыздын себеби ушул – адилет чечим күтөбүз. Анткени уулумдун өлүмүнө катыштыгы бар келин эркин эле жүрөт. Учурда ата-энесиникинде жашап жатат. Биздин талап – келин да сот жообуна тартылышы керек. 

Шектүү келиндин алгачкы көрсөтмөсү: “Биринчи муунтуп өлтүрүп, анан...”

– Азирет биринчи өзү тийишти, сөгүндү, анан Сапар “азыр сени өлтүрөм” деп кубалады. Азирет тегеренип качып малканага кирип кетти. Сапар аркасынан кирип, ошол жактан өлтүрүп чыкты. Биринчи муунтуп өлтүрүп, кийин тизелетип отургузуп жипке асып койду, өзү асынып өлгөндөй кылып... Аны өлтүрүп койдум, эч кимге айтпа деди.

Ош ОИИББи: “Шектүүлөр психикалык жактан оорулуу деп каттоодо турушат”

– Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Б.А. аттуу тургуну үйүнүн короосундагы сарайында өзүн-өзү асып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 2 жаран кармалып, алардын берген көрсөтмөлөрү күмөн жараткандыктан соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Шектүү эки жаран тең психикалык ооруларынан улам каттоодо турары аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда. 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан