Айым Айдаралиева, тиктокер: “Жигиттер менен сүйлөшпөй калганыма 4 жыл болду”

Интернет желесинде “Ищу мужа”, “Эркектерди ала качканга уруксат бергиле” деген кайрылуулары менен таанымал блогер, интернет жылдызы Айым Айдаралиева менен маектештик. Өзгөчө ой жүгүрткөн, кызыктуу айым экен. 

– Куш келипсиз, Айым! Кыргызстанда Тикток жабылгандан бери кантип жатасыз?

– Чоң рахмат! Ооба, Тикток жабылды, бирок ВПН менен кирип жатабыз. Тикток жабылгандан бери Инстаграмга басым жасай баштадым. Эски видеолорумду Инстаграмга жүктөсөм, кайрадан жакшы көрүлүп жатат.

– Анда биздин окурмандарга Аймейди жакындан тааныштыралы.

– Менин атым Айым, Аймей – псевдонимим, 1996-жылы туулгам. Ата-энем Нарындан болот, өзүм Бишкекте чоңойдум. Билимим жогорку, кесибим – укук коргоочу.

– Видеолоруңузда урушкандай тондо сүйлөйсүз, бул атайын образбы же?..

– Атайын ошондой образ менен чыгам. Токтоо сүйлөсөң көрүлбөй калат, жиним келгенде элге “прикольно” көрүнөт окшойм. Чыныгы жашоодо такыр андай эмесмин. Урушканды жаман көрөм.

– Сиз популярдуу болуп ойгонгон күн?

– Буга толук бир жыл болуптур. Эркек балдарды ала качканга уруксат сурап президентке кайрылып тамашалуу видео тарткам. Ал видео аябай хайп болуп кетти, анын интернет желесин жарып жатканын өзүм билген эмесмин. Коомдук транспортко түшсөм башкалар таанып, жигиттер “мени ала кач” деп тийише башташты. Анан баракчамда хейт катуу кетти. Кээ бирлер “сен акыр замандын белгисисиң” деп чыгышты. Аябай кыйналдым, чынын айтканда, “бекер эле баштаптырмын, мен мындай нерсеге даяр эмес экенмин” деп ыйлап жүрдүм. Апам “баштагандан кийин таштаба, эми таштасаң жеңилесиң, эл алдында жүрүш өтө оор, ар бир сөзүңдү байкап сүйлөшүң керек” деп колдоп турду. Ошол маалда бир телеканалга маекке чакырып калышты. Ошол маектен кийин көпчүлүгү “аа, мээси ордунда эле кыз экен, жөн эле тамаша иретинде айткан турбайбы” деп туура түшүндү.

– Видеолоруңуз жигит, күйөө тууралуу. Бул нерсе жигиттер менен мамиле курууда көйгөй жаратпайбы?

– Чынын айтканда, жеке жашоом тыптынч. Жүрөгүм бош, эч кандай жигитим жок. Азыр көпчүлүк популярдуу болгонго умтулуп калыптыр. Кээ бир мырзалар мага эптеп эле менин артымдан хайп кармап алыш үчүн жазышат. Байкап калам, анан сүйлөшпөйм. Жигиттер менен сүйлөшпөй калганыма 4 жылдын жүзү болду. Жолугушууларга да барбайм. Телефон менен да сүйлөшпөйм, билбейм, бирөөнү жакшы көрүп жашаган кандай болорун унутуп деле калдым.

– Биринчи же сиздин баштан өткөн чоң сүйүүнү сурайын анда...

– Биринчи сүйүү мектепте болсо керек. Андан кийин бир мырза менен сүйлөшкөм, бирок ал мырзанын өмүрү кыска экен, тилекке каршы, 2020-жылы каза болуп калды. Аны менен телефондо сүйлөшчүмүн, аралыктан сүйүү деп коёбу, ошондой болчу. Ага байланып, келечекке жакшы бир пландарды коюп баштаган элек. Ошол окуя бир аз таасирин берди, эми жүрөгүм биротоло жабылып калды деп деле айтпайм. Мен сүйүүгө абдан олуттуу карайм, жөн эле сүйлөшүп убакыт өткөргөндү жаман көрөм. Мени чын эле жакшы көргөн, сыйлай алган, мен да сыйлай турган мырзаны күтүп жүрөм.

– Ал мырза кандай болушу керек?

– Жан дүйнөсү бай болсо дейм. Жашоомду билимге умтулган, чет тилдерди билген, билимдүү мырза менен өткөргүм келет. Көз карашы заманбап болушу зарыл. Бизде эски салт-санааны карманган мырзалар көп. Аял кишини өзүнөн кичине ылдый көрүшөт. Караңгы мырзаларды абдан жаман көрөм.

– Ыр жазып, ырдап да калат экенсиз...

– Бала кезимден бери ыр жазам. Мектепте буллингге көп кабылгандыктан, досторум, классташтарыма аралашчу эмесмин. Ошон үчүн ыр, китеп менен дос болгом. Ырчы болом деп да көп аракет кылдым, 2012-жылдан бери ырларды жаздырып жүрөм. Акыркы кезде ошол ырларымды акырындан жарыкка чыгара баштадым. Негизи ар-н-би, хип-хоп стилинде ырларды чыгаргам. Алар элге көп сиңген жок. Азыркы вокалдык ырларым элге жагып жатат. Чынын айтканда, ырдай алам деп ойлочу эмесмин. Ырдай аларыма эл ишендирип койду.

– Мектепте кандай буллинге кабылдыңыз эле?

– Көбүнчө салмагым тууралуу. Бала кезимде эле томпойгон кыз элем, бетим да тоголок. Мектепте “бочка, жирная, семиз” деген сыяктуу ар кандай шылдың сөздөрдү угасың. Ошонун айынан мектепке барбай калган күндөрүм болду. Арыктайм деп аракет кылчумун. Бала кез да, аларга таарынып, кек сактабайм. Бирок стресске түшүп, жалгыз отуруп алып ыйлачумун. Дагы бир нерсени айтып берейин. Классымда бир бала жакчу, бир жолу кышында ал бала башкаларга кошулуп мени карга көмүшүп, “эй, бочка, на тебе, толстуха” деп ар кандай сөздөрдү айтып каткырып кетип калышкан. Ошондон кийин ал мектепке барбай койгонмун. Ата-энемден көп нерсени жашырчумун, мектепке кеткендей көрүнүп, инимди бала бакчага жеткирип, ата-энем жумушка кеткенде кайра үйгө келип отура берчүмүн. Ошол кездеги мугалимиме деле таң калам, мектепке 4-5 ай барбай койдум да. Кийин апам билип, башка мектепке алып барган. Ал мектепте мен башкаларга буллинг көрсөтө баштадым. Бул “жооштук кылсам булар дагы мени кемсинтишет” деген коргонуум болду окшойт.

– Азыр жашооңуз кандай?

– Азыр жакшы, дайыма жөнөкөй болгонго, жашоодо кандай болсом ошондой жүрүүгө аракет кылам. Бактар мөмөлөгөн сайын ийилип калат го, мен да ийилгим келет. Мен популярдуу болгондон бери жашоом мынча пайызга өзгөрүп кетти дебейм. Көчөдөн көрүп таанышат, учурашат. Ар кандай интервьюларга чакырып жатышат. Бул менин буллингге кабылып жүргөндөгү кыялым болчу.

– Жакын курбуңуз барбы?

– Жакын курбум турмушка чыгып кетти жакында.

– Турмушка чыккандан кийин курбу болбой калдыбы?

– Жок, курбу элебиз. Бирок турмушка чыккандан кийин өзүнүн маселелери көбөйөт экен да. Бирок кабарлашып турабыз. Кээде жан дүйнөм кыйналганда ага чалам, жакшы кеңештерин берет. Достошуп жүргөнүбүзгө төрт жыл болду. Бирок мен кыздардын ортосунда достук болоруна ишенбей калгам. Анткени сатып кеткендер көп болду. Чыныгы дос табыш деле чыныгы сүйүү табыш сыяктуу нерсе экен. Оңой эле туш келе бербейт.

– Хейтерлердин эң көп жазган сыны?

– “Эрсиреп жүрөсүң” деп жазышат. Анан тиштеримдин кабышып турганына асыла беришет. “Биз жолуктук” программасына катышкандан кийин көп эле сунуш түштү. Азыр, тескерисинче, күйөрмандардан башым айланып жаткан кез. Мурда жигиттер жазса сүйлөшкөнгө аракет кылчумун, азыр жетишпей калдым (күлүп). Ошон үчүн “эрсиреп жатасың” дегендерге айткым келет, бул болгону тамаша, муну менен жашоодо биринчи эле максаты күйөө болуп калган кыздардын көзүн ачкым келет. Силер сырттан кандай көрүнөсүңөр, видеолорум менен “силер мына ушундай күлкүлүү көрүнөсүңөр” деген нерсени жеткизгим келет. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан