Айгерим Саматова, актриса: “Аялым урушат деп үйүнө шашкан эркекти жаман көрөм”

Маек белгиленген саатта актриса Айгерим Саматова кызын “коляскага” салып алып редакциябызга жаркырап кирип келди. Каарманыбыз менен үй-бүлөлүк турмуш, балалык кездеги “травмалар”, актрисалык кесиби, психология тууралуу кенен баарлаштык.

– Салам, Айгерим! “Кызым абдан чыргоо, менден башка эч кимге көнбөйт” деп калдыңыз, чыгармачылык менен үй-бүлөлүк ишти чогуу алып кетүү кыйын болуп жаткан окшойт?

– Биздин менталитет ушундайбы, же башка себептенби, кыздарды аябай түйшүкчүл кылып чоңойтот экенбиз. Кыз кишини антип өстүрбөш керек экен. Кесиптештерим да “эринбей кантип кызыңды ары-бери ээрчитип жүрөсүң, үйдө эс ал да, кызың чоңойгондо деле иштегенге жетишесиң” деп айтышат. Мен буга нормалдуу эле көз караштамын. Анткени менде энергия көп, ушинтип чарчап-чаалыгып иштеп, кечинде үйгө шылкыя барып эс алуу ырахат тартуулайт. Кичинемден турмуштун ысык-суугуна бышкан кызмын. Жаш кезде иштеш керек, идея, энергияң оргуштап турса аны чыгарыш керек да. Көбүнчө физикалык жактан эмес, моралдык жактан чарчайм. Андайда үйдөн чыкпай эс алам.

– Сизде актрисалык дарамет күчтүүрөкпү, же блогерликпи?

– Блогерлик жакшы киреше тапчу булак, чынында. Бирок мени актриса дешсе өзүмдү барктуураак сезем, билбейм эмнеге. Баары блогер боло алышат, ал эми актрисалыкка талант керек. Таланты жок туруп киного тартылгандар бат эле четке чыгып калат, кинонун мыйзамы ушундай. Кино тартуу бизде аябай жакшы бизнес. 1-2 ай кыйналып 1 үйдүн акчасын коротуп кино тартсаң, ал кино өзүн бир жумада актап коюшу мүмкүн экен. Өзүм 4 тасмада башкы ролду аткардым, учурда кино тартканга кызыгып жүрөм.

– Блогерликтен айына канча киреше табасыз, мисалы?

– Блогерликтен бир айда орточо 100 миң сомдон 1 миллион  сомго чейин тапса болот. Андан көп тапкандар да бар. Азыр медиа адамдарынын ити чөп жеп жаткан заман, атактуулардын балдары, аялдары бүт эле блогер болуп кетишти. Бирок өзү нөлдөн баштап, жакындарынын атактуулугуна таянбай блогер болгондор аз жана бул абдан кыйын. Биздин блогерлер көбүнчө чет өлкөлүктөрдү туурашат, же даяр музыкага видео тартып коюшат. Мен актриса болгондуктан режиссёрлук көз караш да бар, өзүм идея таап, сценарий жазып тартам. Көп блогерлер мени “кыргызбайский контент жаратат” деп теңине албагандай мамиле кылышат. Мага өзүмдүн деңгээлимдеги адамдар катталган, ошолор көрүшөт. Эч кимди туурабайм, мен тарткан роликтердин баары турмуштан алынат.

– Жаш үй-бүлөсүздөр. Алгачкы жылдарда аял-күйөө мамилесинде эмне маанилүү экенин байкадыңыз?

– Үй-бүлөдө аял-күйөө бири-бирине жол берип, компромисске баруусу аябай маанилүү экен. Ар кандай абалдан чыгыш үчүн ийилчээк болушуң керек. Бири-бириңдин каалооңду сыйлоо абдан зарыл. Жолдошуңдун каалоосун сыйлоо “ал башкага кетип калат, башканы таап алат” деген күмөн ойлордон бийик турушу кажет. Экөө бири-бирине эркиндик берүү, жеке чектерин сыйлоо, мына, ушулар маанилүү. Мисалы, жолдошум түн жарымга чейин бильярдда же мончодо достору менен эс алып келет. Улам телефон чалып кулак-мээсин жебейм. Жолдошум да тартуу иштеринде түнгө чейин калсам “үйгө эртерээк келбейсиңби, катын киши үйдө оокат кылышы керек” деп тынчымды албайт. “Айла жок, үйгө барыш керек, аялым урушат” деп үйүнө моюнунан байлаган иттей болуп барган эркекти жаман көрөм. Мен дагы күйөөмдүн телефондо сүйлөшкөнүн аңдып, сыр сөзүн сурап текшерген келиндерден эмесмин. Ошентсем баркым ылдый түшүп кала тургандай сезим боло берет (күлүп).

– Чыгармачылыкка кантип аралаштыңыз, жеңил болдубу же оорбу?

– Баары бактылуу кокустуктан болду. “Бир эшик жабылса кайгырба, экинчиси ачылат” деп коюшат го. Мага экинчи эшик абдан кенен ачылды. Меткепти бүтүп Бишкекке окууга тапшырганы келип өтпөй калдым. Келишим акысы да 35 миң болчу, аны үйдөгүлөр төлөй алышмак эмес. Окууга өтпөй калдым десем үйдөгүлөр “айылга кел, төө буурчак чабасың же эрге тиесиң” дешеби деп корктум. Классташ кызымдыкына барсам столдо бир кагаз жатыптыр, “бул эмне болгон окуу жай?” деп сурасам, Искусство институту деди. Дароо эле келишим акысын сурадым, 9500 сом деди. Ошонусу жагып эле Искусство институтуна тапшырып алгам. Ошол жакта окуп жүрүп Нурбек Юлдашев менен тааныштым. Айтор, бактылуу кокустуктар көп болду. Чыгармачылыкка келген жолум өзүм үчүн да таң калычтуу. Көптөр менин актриса болуп кеткениме ишене албай жүрүштү.

– Бир маегиңизде балалык кездеги “травмалар” жөнүндө айткан экенсиз?

– Ата-энем мен кичинемде эле ажырашып кетишкен. Таята, таенемдин колунда өстүм. Бала кезде абдан корунчаак, уялчаак, көп сүйлөбөгөн кыз элем. Кары кишилердин колунда өскөндүктөн кээде жуунуп, кээде жуунбай, башым биттеп кетчү. Классташтарым көп кошпойт эле, ата-энелери да “ага кошулбагыла, бити жугат, ата-энеси таштап кеткен кыз” деп мени менен ойнотушчу эмес. Балдарын-кыздарын менден коруп турушчу, менин оор тагдырым жугуп калчудай. Бир жолу мектепке ак футболка менен фартук кийип барсам классташтарым аябай шылдыңдап күлүшкөн. Балалыкта буллингге кабылдым, көп кемсиндим. Айтор, ошондой кыйынчылык көргөн кыз азыр актриса. Айылдаштарым көрүп калышса “аа, баягы кыз сенсиңби?” дешет, “ооба, баягычы, баягы башы бит баскан кыз” деп коём ичимден. Балалыктагы “травмаларды” айыктырдым, өзүмдүн үстүмдөн иштедим, азыр кээде ошол кичинекей Айгеримди сагынам. Азыр мени сөз менен кемсинтип ызалантуу, ыйлатуу мүмкүн эмес.

Кыска-нуска...

– Ойлонбой иш жасап өкүнгөн учурлар болгонбу?

– Көп болду, шашмамын. Шашып жасап алып өкүнүп калам.

– Жолдошуңуз эмне кылса кечире албайт элеңиз?

– Көзгө чөп салса кечирбейм. Бирок Кудай эмнеден качсаң ошону берет дейт го, так кесе айтып кыйын болбой эле коёюнчу.

– Үйдө ким көп акча табат, сиз же жолдошуңуз?

– Экөөбүз тең эле табабыз, меники-сеники деп бөлбөйбүз.

– Өзүңүздү 3 сөз менен сүрөттөп берсеңиз?

– Элпек, карапайым, тырышчаак.

– Калтыра албай жүргөн адатыңыз?

– Андай адатым жок.

– Бир күнгө Анжелина Жоли болуу мүмкүнчүлүгү берилсе, биринчи эмне кылат элеңиз?

– Андай болгум келбейт, Анжелина болуп кетсем Айгерим капа болот го. Ар бир адамга өзүнүн жашоосу кызык болушу керек.

– 1 миллион доллар же 100 дос?

– 1 миллион долларың болсо, миллион досуң болот (күлүп). Азыр чыныгы досту табыш кыйын. Колуңдан иш келбесе, кедей болсоң эч ким сени менен дос болбойт.

Лунара Бекиева

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан