Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Сен мен үчүн ким экениңди али да болсо түшүнбөйсүң, Шоола. Мен сени алгач көргөн күндөн тартып ашык болдум. Албетте, сенин көзүңдө көз айнекчен бир “ботаник” бала элем. Сен үчүн эле эмес, башкалар үчүн да  эч ким эмес болчумун. Өзүм үчүн да эч ким эмес элем. Чоңойдум, ийгиликтерге жетиштим. Ар бир жеңишимде көз алдымда сен турчусуң. Ооба, мен башка адамдардай болуп сүйө албайм. Кырстыгым, өжөрлүгүм менен сүйөм. Кээде сындырып, талкалап сүйөм. Сезимдердин бир формуласы жок да, ар ким ар түрдүү сүйөт. Менин сүйүүм да так мендей өжөр, катуу, мээримди билбейт, аяганды билбейт, чекти билбейт. Бирок...

Шоола Жанатты угуп туруп таң калды. Туура айтып жатат, адамдар чындыгында жашоодо эмнени үйрөнсө, кандай үйрөнсө ошондой гана сүйө алат. Сый, өзүнө болгон ишеним жок болгондор дал Жанаттай болуп “оорулуу” сүйөт. Аргасыз жылмайып алды.

– Билесиңби, бир кезде сен мага айттың эле...

– Эмне деп?

– Менден өлүп гана кутуласың деп...

– Эх, Шоола.

– Сени күнөөлөбөй эле турам, эсиме түшүп кетти. Жанат, мен бул баланы төрөйм. Бул жиндилик эмес, жан кечтилик да эмес. Ичимде бир сезим бул бала жашай турганын сездирип жатат. Жарык дүйнөгө кандай баа менен келет билбейм, мен мындан баш тарта албайм. Бул төрөлөт, анткени сезип турам, дал сендей өжөр. Ошондуктан тартышпайлы. Жашоодо ар түрдүү нерселер болот эмеспи, балким, мен дагы, ичимдеги бала да аман калат. Врачтар Кудай эмес да, түрдүү окуялар болгонун угуп-билип эле жүрөбүз.

Жанат оор үшкүрдү. Колундагы акыркы “көзүрүн” алып чыкты.

– Мен сени коё берем!

– Кандайча?

– Эгерде баланы алдырсаң, сени коё берем. Канчалык кыйын болсо да мен сени өз эрким менен коё берем. Эркиндик сенин колуңда. Болгону мага “жашайм” деп сөз бер.

Шоола ойлонуп калды. Хм, эркиндик берем дейт. Бул эркиндик өзүнө канчалык зарыл? Канат болбосо ал эркиндиктин мааниси канча? Ал эми Канат анын жашоосунда эч качан болбойт эмеспи. Акырын башын чайкады.

– Жок, Жанат, мага эркиндиктин кереги жок. Мен сени менен, балабыз менен калам.

 

ххх

Канаттын эмнегедир тынчы жок кийинки кездерде. Уйкусу качып, түйшөлүп жүрөт. Кандайдыр бир нерсени сезгендей жаны тынч ала албайт, апасы муну биринчи байкады.

– Сага эмне болду, уулум?

– Билбейм, апа.

– Бир жериң ооруп жүрөбү?

– Ушул жерим...- деди Канат көкүрөк тушун көрсөтүп. – Ачышат да, турат. Бир нерсе болуп кетчүдөй, бир окуя болуп кетчүдөй бир сезим бар. Эмне болгон сезим экенин да ачык түшүндүрө албайм.

Канаттын көздөрүнө жаш толуп, мукактанып кетти. Апасы анын мындай абалын көрө элек эле. Кандай күн болсо да шайдоот, жайдары, баарын жайгарганга күчү жете тургандай жүрчү. Мындай колунан баары түшүп, айласыз отурганын көргөн эмес.

– Кудай сактасын, өтүп кетет балам. Сен ага анчалык маани бербе. Чарчап калдың сен. Улам бир өлкөгө балдарыңды алып чыгып жатасың. Ошого эле го...- деди. Билдирбегени менен апасы да жүрөксүп калды. Тынчсыздануусунун себебин бир жумадан кийин билди Канат. Жанат анын спорт залына келип калды. Арыктап, жүдөп калган экен. Шооланы сабап салгандан кийин экөө жолугуша элек болчу. Бири-биринен качып жүрүшкөн. Бирок эркин, күчүн топтоп туруп Жанат өзү келди. 

– Салам.

– Салам,- деди Канат. Бирок инисинин жүзүнө тик багып карагысы келбей турду.

– Сүйлөшчү сөздөр бар, сыртка чыкпайлыбы?

– Макул, азыр балдарга тапшырма берип коюп чыгам. Сен арткы жактагы скамейкаларга барып отуруп тур.

Айлана жапжашыл, көйкөлүп табият  укмуш. Чымчыктардын үндөрүн, күндүн жаркырап турушун, айланын кооздугун  биринчи көрүп жаткандай таң кала берди Жанат. Канча жылдар эч нерсени байкабай робот сымал эле жашаган экен. Алдына койгон максаттарына жетүү үчүн жан үрөп жүрүп жашоонун берекесин көрбөй калыптыр. Жашоо ага ушунчалык таттуу, баалуу туюлду. Элестет, анан ушул кең дүйнөдө Шоола жок болуп калганын... Шоола деген адам эч качан жашабагандай, анын эч кандай окуясы болбогондой жашоо өтүп кете берет. Дүйнөнүн эч бир нерсеси кемибей ошол калыбында турат. Шоола гана жок. Жүрөгү ооруп чыкты. Канат чыкты, ага-ини маңдайлаш отурушту. Бир топко үнсүз отура беришти.

– Тиктешмей ойнойбузбу?- деди Канат суроолуу карап.

– Сени менен бир маанилүү нерсени сүйлөшкөнү келдим.

– Оо, Жанат Жусупович маанисиз иштер үчүн келбей калсын,- деди какшыктаган Канат.

– Сенин жардамың керек...

– Качан менден жардам керек болгондо гана келесиң сен. Сага гана жардам керек, сенин эле маселең бар, Канаттын эч бир маселеси жок!

– Эй, сага эмне болгон?- деди таңыркаган Жанат. Канаттын эч качан минтип сиркеси суу көтөрбөй калганын көргөн эмес. Дайыма жардам бергенге даяр, оозунан сөздү сууруп алчу. Азыркыдай кыжырланган абалы дегеле болчу эмес.

– Чарчадым мен да. Тойгуздуңар! Болду, мага да жетишет. Өз маселеңерди өзүңөр чечкиле. Темир эмесмин да мен, мындан ары жардам жок, жардам бере турган агаң да жок. Кайда барасың, кандай кыласың өзүң бил.

Канат ушуларды айтып туруп басып кетмекчи болду.

– Канат, Шоола өлүп калышы мүмкүн! Сенин жардамың мага эмес, ага керек...

Тарс! Беттешке чыкканда Канат кайсы жактан сокку келерин эсептеп-чоттоп турчу. Жеңишке жетишкени да ошондон эле. Бир эле жолу күтүүсүз сокку алган. Эси эңгирей түшкөн. Дал ошондой сезим болду азыр дагы. Кимдир-бирөө дал талуу жерине күтүүсүз сокку ургандай эле. Буту шилтенбей туруп калды.

– Врачтар айтып жатышат...- деген Жанат бетин эки колу менен басып отуруп калды. Канат ушул жерден аркасына карабай качып кеткиси келди, бирок эркин топтоп ордунда турду. Мына, ушул үчүн бир жумадан бери жаны жай албай жаткан тура. Тыбырчылап, эмне кыларын билбей жатканы ушундан экен да.

– Эмне деп жатасың?- деди токтоо.

– Жүрөк алсыз, төрөй албайт, баланы алдырыш керек дешти.

– Алдырба деп айтсаң мен сени өз колум менен өлтүрөм!

– Тескерисинче, “баланы алдыр, сенин өмүрүң маанилүү” деп какшап отурам. Шоола такыр болбой жатат. Эмне кыларымды билбей калдым. Сурандым, ыйладым, коркуттум. Жок, баланы төрөйм деп туруп алды.

– Келесоо...- деди Канат. Жанатты айттыбы, же Шооланыбы, белгисиз.

– Мага баланын кереги жок, Шоола аман калса болду. Канат, мен көп нерсени ойлондум. Туура эмес кылдым, тагдырды кабыл албадым. Сени, Шооланы, Ажарды, уулумду кыйнадым. Баарын астын-үстүн кылып таштадым. Мына ошонун баарынын жазасы ушул. Мен аны коё бергенге даярмын. Аман калса эле болду. Дүйнөнүн кайсы бурчуна кетсе кетсин, кандай жашаса жашасын, иши кылып жашасын. Шоола таптакыр жашаган жок, Канат. Эми жашай турган убагы. Кандай болсо да ал жашашы керек. Ал сени угат. Сени гана угат! Апасы да канча күндөн бери ыйлап отурат. Көнбөй койду. Атасы сүйлөштү, болбоду. Мен бардык сезимдеримди жыйыштырып туруп сага келдим. Шооланын  жашоосунан маанилүү эч нерсе жок.

Жанаттын сөздөрүнүн бири кулагына кирип, бири кирбей жатты. “Бул окуянын курмандыгы Шоола болбошу керек, мен жол бербейм” деп жатты Канаттын сезимдери...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан