“Каадасы болбой эл болбойт” демекчи, кыргызда алмустактан бери тушоо кесүү деген жөрөлгө бар. “Тушоо кесүү жөрөлгөсү бардык түрк элдеринде болгон, бирок айрым элдер аны унутуп, колдонбой калышты”,- дейт этнопедагог Сулайман Рысбаев. Макалада тушоо кесүү каадасынын философиясы, маани-маңызы, эрежелери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берели.
Сулайман Рысбаев, этнопедагог: “Тушоо кесүү – элдик ишеним гана”
– Алгач тушоо кесүү салтынын келип чыгуусуна токтолсок. Кыргыздарда салттар шарттуу түрдө чоң жана кичине болуп бөлүнөт. Тушоо кесүү, жаңы төрөлгөн баланын кыркын чыгаруу, бешикке салуу, мүчөл жана сүннөт тойлорун өткөрүү – булар кичи салтка кирет. Тушоо кесүүнүн жаралып калуусунун мистикалык да, диний да жагы бар. Мисалы, дүйнөдөгү бир топ элдерде, кыргыздарда дагы көзү өткөн адамдын жаагын, буттарын байлап коюшат. Жаагы шалактап, же буттары тияк-биякка талтайып кетпесин деген эле аракет. Мына ошол көрүнүш элдин “адамдардын кайра жаралуусу” деген ишенимине өтүп кетсе керек. Анткени айрым диндерде дүйнөдөн өткөн адам качандыр бир мезгилде бул дүйнөгө кайра жаралып келет деген түшүнүк бар. Теңирчиликте дагы “көзү өткөндө адамдын жаны көккө учуп кетет да, кайра бир мезгилде жаңы төрөлөр наристеге Жараткан тарабынан салынат” деген ишеним болгон. Байыркы элдер ошол ишенимге таянып, баягы көзү өткөн адамдын байланган буту кайра жаралганда да байланып калбасын, аны кесип коюу керек деп ойлошкон. Наристе бир жашка толуп, жаңы басар кезинде “тиги өмүрүндө бутунда байлаган жибин кесип коюш керек, бат басып, тез чуркап кетсин” деген ишенимге өтүп, ушул ырымды жасашкан деп ойлойм. Мен тушоо кесүүнүн диний, мистикалык түшүндүрмөсүн ушундай гана чечмелей алам. Бизден башка бул салтты өзбектер, кара калпактар, казактар колдонуп келишет.
“Турмушта мүдүрүлбөсүн, элден артта калбасын деген тилек”
– Тушоо кесүү салтынын мааниси, философиясы абдан эле жөнөкөй. Бала бечел болбой, бат басып, тез чуркап кетсин, өзү теңдүүлөрдөн артта калбасын, мүдүрүлбөсүн, турмуш жолунда чалынбасын, өмүр жолу узак болсун деген эле тилек. Тушоо тойду бала кас-кас туруп, там-туң басканда бериш керек. Чуркап калган баланын тушоосун кескен болбойт. Салттын дагы бир функциясы – элден бата алуу. Мисалы, тушоо тойго кичинекей баладан тартып айылдагы аксакалдарга чейин катышышкан. Аксакалдар баланын бутуна байланган ала жипти кескенге жаңы макисин көтөрүп келсе, апалар жүндөн ала жип эшип, той ээсине белек кылышкан.
Эмнеге наристенин бутуна ала жип байланат?
– Баланын бутуна тушоо катары байланган ала жиптин да мааниси бар. Турмуш деген бир кылка болбойт, жашоодо ак менен кара, кубаныч менен кайгы, күн менен түн бирге жүрөт. Тушоосу кесилип жаткан бала ошонун баарына чыдап, ак болсо көөп кетпей, кара болсо чөгүп кетпей жашоосун тең салмакта алып кетсин деген мааниде ала жип байланат. Тушоонун жиби чырмалышып турат эмеспи, ал белги адамдын ДНКсынын түзүлүшү менен байланыштуу нерсе.
Эрежелери:
Тушоосу кесилчү баланы марадан 20-30 метр алыстыкта бир колунан чоң энеси, бир колунан таенеси кармап турушу керек. Той башкаруучу “чуркагыла” деген белгини бергенде кыздар-балдар чуркап келип, атайын даярдалган бычак менен наристенин бутундагы ала жипти кесишкен. Марага биринчи жеткен бала наристени жетелеп басат. Бул “сен дагы мендей чуркап кет” деген маанини камтыйт.
Тушоо кесилген бычак марага биринчи жеткен адамга белекке берилет. Ала жиптин кайчы менен эмес, жаңы бычак менен кесилгени туура. Мындан сырткары илгери кыргыздар биринчи чуркап келген адамга тай союп, мал энчилешкен. Эркек балдарга камчы, чылбыр, кыздарга жоолук, колдо жасалган тагынчактарды беришкен. Ал эми кичине балдарга таттуулар таратылган. Негизи тушоо кесүүдө балдар эле чуркашкан, азыркыдай келин-кесек, кемпир-абышкаларга чейин чуркаткан эмес.
Баланын тушоосу кесилген соң кыз болсо чоң энеси, эркек болсо чоң атасы элден бата сурайт. Батаны баланын тай жагы эмес, өзүнүн чоң аталары же айыл аксакалдары берет.
Баланын тушоосу кесилбесе эмне болот? Бул болгону элдик ишеним. Тушоосун кеспей койсо баланын тагдырына эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Бирок элден бата алып койгон жакшы.
Назгүл Рысмендеева, этнограф: “Тушоо кесүү – бул баланын өмүрү уланып жатат деген түшүнүк”
– Наристенин тушоосун кыргыздар бала келечектеги кадамынан адашпай, чалынбай, туура басып кетсин деп кесишет. Ырым – бул энергетикалык-маалыматтык талаа, ар бир энергия өзүнө маалымат камтыйт. Ошол маалыматты колго кармап, дүйнө кылган жерибиз – ырым аткарганыбыз. “Бутуна байланган ала жипти кесип койсо эле жашоодогу кадамы шыр кетип калабы?” деши мүмкүн айрымдар. Кеп анда эмес, кеп сен ошол нерсени жасаганыңда оң реакция болуп жатпайбы. Бул ырым менен биз болгону балага туура энергия жөнөтүп жатабыз. Жарышка түшүп чуркап келген балдардын жипти кесүүсү ошол баланын өмүр жашына сарпталган энергиянын буйдалып, байланбасын деп шарт кесип, энергия жолун ачканы. Ала жип кесилгенден кийин ошол баланын энергиясы ачылды, келечеги кетти чуркаган бойдон деген маанини туюндурат. Салт боюнча тушоо тойдо жаш балдардын чуркаганы туура, себеби балдардын ниети таза, ак болот. Бир нерсе айтсаң шартсыз ишенишет, баланын чуркап кетерине адам канчалык шартсыз ишенсе, бала ошончолук бат басып кетет.
Лунара Бекиева