Айтышка чыкса көз жашы даяр, Кыргызга деген сүйүүсү өзгөчө төкмө акын Акматбек Султанды кепке тарттык. Салттуу өнөрдүн казанында кайнап, талаасында ташыркабай чаап келаткан акын мырза ачык, кызыктуу маек куруп берди.
– Арыбаңыз, Акматбек мырза! Жакында “Ак кунар” деген аталышта алгачкы концертиңизди бердиңиз, кандай өттү?
– Арыбаңыздар, ардактуу агайын-туугандар! Гезитке маекке чакырганыңыздар үчүн чоң рахмат! Концерт мен үчүн абдан түйшүктүү, абдан кызыктуу болду. Филармонияда берген алгачкы концертим. Устатым Элмирбек Иманалиев тирүү кезинде Улуттук консерваторияда 4-курс кезимде концерт берген элем, анда устатым баарын өзү уюштуруп өткөргөн. Мен ошол кездегидей кыялданып алсам керек, программаны аябай жыш түзүп алыптырмын. Кийим-кечекти алмаштырганга үлгүрбөй, улуттук кийим менен фортепианодо ырдап кеттим. Бул нерсе профессионалдык, классикалык вокалда жүргөндөр үчүн бир кызыктай көрүнсө керек. Концертти уюштурганга, өткөрүүгө жардам берген кесиптештериме ыраазычылык билдирем.
– Концертте “чагылган акын” атыккан Болот Назаровду сахнага капыстан чакырып алдыңыз. Бул нерсе чын эле күтүүсүз жерден болдубу же планда бар беле?
– Күтүүсүздөн болду. Болотко ага чейин “концертке катыш” десем, “айтыштан алыстап калыптырмын” деп болбой жаткан. Биз жаңыдан Кыргызстанга келгенде Болот эл аралык айтыштарга чыгып, чоң ийгиликтерди жаратып калган акын болчу. Болоттун чыгармачылыгына ар дайым урмат кылабыз, суктанабыз. Концертте чыгып айтыш куруп бергени мага чоң дем берди. Ушундай мыкты өнөрлүү уулубузду колдоп, сүрөп берген мээримдүү, айкөл элибизге рахмат. Болот сахнага чыгат дегенде баары кол чаап, коштоп, “ушул баланын чыгышын күттүк эле” деп көзүнө жаш алгандар да болду.
– Экөөңөр чыныгы досторчо бири-бириңерди катуу чымчылап айтыштыңыздар. Концерттен кийин Болот мырза таарынган жокпу?
– Жок, таарынган жок. Болот таарынбайт, териси калың жигит да (күлүп). Ал таарынмак турсун, кайра кол чапкан элден эргүү алып, көкүрөгү жибип, көзүнөн жашын тамчылатып айтышты. Сүрөттөр деле бар болуш керек интернетте, тентектиги үчүн, эл-журтка 3 жылдан бери кызмат кылбай жүргөнү үчүн элден кечирим сурап алды Болот дагы. Мен дагы абдан толкунданып, жүрөгүм элжиреди. Кыргыздын мыкты уулу өзүнүн туурун таап, өнөр жолуна кайра сапар тартып жатканы бардык эле кыргыздын жүрөгүн элжиретти болуш керек.
– Болот мырза сизге “Казино ачылганда как этип койбодуң” деп тийишти. Ушундай чуулгандуу иштерде пикир билдирүү акындарга кыйын болуп жатабы? Кантсе да мамлекеттик мекемеде иштейсиздер...
– Жок, айткым келсе азыр деле айта алам. Акын деген айлыкка же байлыкка көз каранды болбошу керек. Ооба, Болотко “казинону мен ачкан жокмун” деген сыяктуу жооп бердим. Эми баарыбыз эле билип турабыз да, айтсак да, айтпасак да, казинонун ачылары белгилүү болчу. Биринчи концертим болгону үчүн саясатты же башка интригаларды аралаштырбаганга аракет кылдым. Алгачкы концертим жалаң жакшы сөздөрдөн куралсын дедим.
– Болот Назаровду Токтогулдун күкүмү дедиңиз, өзүңүздү кимдин күкүмү дейт элеңиз?
– Тараза өз салмагын билбеген сыңары, мен деле кимдин күкүмү экенимди айта албайм. Өнөрдөгү жакшы адамдардын, устатым Элмирбектин күкүмү болсом деп тилек кылам. Өнөрдө үч сын болот дейт. Биринчиси – калыстардын сыны, экинчиси – достордун, тааныштардын сыны, үчүнчүсү чыныгы сын – урпактардын сыны. Мисалы, жүздөгөн жылдар өтсө дагы Токтогул атабыздын чыгармачылыгынын касиети, кунары качпай, азыркыга чейин үлгү болуп, тарбия берип, келечекке жаркын жол чаап келе жатат. Ошол адамдай урпактардын купулуна толуп, мен көрбөгөн, замандаш болбогон урпактар менен чыгармачылыгым сырдаш болуп турса, менин чыныгы мурас жарата алганымдын белгиси болмок.
– Кайсы жердин күйөө баласы болдуңуз?
– Буюрса, жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга төрт жылдан ашып калды. Ысык-Көлдүн күйөө баласымын. Бүгүн бала баатырдын туулган күнү, кичинекейимдин.
– Жакшы. Кыргыз жери, эли жөнүндө ыр төккөнүңүздө көзүңүзгө жаш ала бересиз...
– Бул мен үчүн абдан оор тема. Жашоодо мен айта албаган чындыктар, эрким, кудуретим жетпеген касиеттер көп. Көз жашымдын эң эле биринчи себеби – кыргыз коомундагы кайдыгерлик. Албетте, анан Ата Журтума, мекениме деген сагынычым. Ошол мекеним ар дайым жүрөгүмдө муң-арман, кусалык болуп жашап келет. Кыргызда “элин сагынбас эр жигит болбойт, төрүн сагынбас тулпар болбойт” деген жакшы сөз бар эмеспи. Мен эгемен Кыргыз мамлекетине келген бактылуу жигиттердин биримин. Ошол бактымды баалай алып жатамбы, ушундай кенен мамлекетиме канчалык кызмат кылып жатам деген түйшүктөр мени ар дайым ыйлатып келет. Ар дайым “мен ыйлайын, эл-журтум ыйлабасын” деп тилек кылам. Көптөр мени “ыйлаак акын” деп калышат (күлүп). Туура түшүнөм аны, адам ушундай мыйзам ченемдүүлүктөн тышкары нерсени эстеп калат да.
– Акыркы убактарда “Айтыш” фонду уюштурган “Төкмө келсе төр бошоттон” көрүнбөй калдыңыз?..
– Ооба, устатыбыз бар кезде “Айтышта” окудук. Азыр ал жерге барсаң издегениңди таппайсың, устатың жок. Баягы биз менен жаркылдап жүргөн, таптаза, бири-бирине кызганычы жок, бири-бирине бир туугандык көз караштагы жалындаган махабаттарды издейсиң ал жерден. Пандемиядан 2 жылдан кийин “Манас” театры ачылды, азыр ушул жерде иштеп жатабыз. “Манас” театрында дагы Элмирбек Иманалиев атындагы айтыш мектеби ачылган.
– Изат Айдаркулова менен айтышыңыз дайыма кызыктуу. Концертте “сени менен махабат жайлуу сүйлөшүү миң азаптан куткарат” дедиңиз?..
– Туура, адам сүйүүдөн жаралганбыз. Адам бири-бирине арзуу айтуу аркылуу жан дүйнөсүнүн терезесин ачып, жаркырап көкүрөгүнө толкуган жылуулукту көрүп, ошондон гана бакыттын касиетин сезсе керек. Бакыттын формуласы, адамдыктын формуласы – сүйүү жөнүндө айтылган сөздөр го дейм. Изат айым менен сүйүү, арзуу темасында айтыштар эл ичинде абдан алкоого алынат. Бул Изат эженин айтыштагы чеберчилиги, ойлорубуздун төп келгендиги. Эң башкысы, эл-журттун сүйүү жөнүндө уккусу келгендиги, ошол миң азаптан кутулгусу келгендиги болсо керек (күлүп).
– Мындай айтыштарда жубайыңыз кызганбайбы?
– Кызганган учурлар болот, эми мен унчукпай коём да (күлүп). Ал деле түшүнсө керек чыгармачылыктын кызыкчылыгы үчүн “сүйүп” жатканымды. Бизде кыз-жигит айтышы абдан солгун, биринчи кезекте айтыштын казынасын толтурушубуз керек.
– Аккыз Абазбекова менен элдик обонго салып өлөң айтыш курдуңар. Ушул обон менен айтыш курса болчудайбы?
– Абдан жакшы болот, бул өлөң кыргыздын миңдеген жылдардан бери келаткан салттуу өнөрлөрүнүн бири. Бул Кытайдагы кыргыздарда сакталып калган обон. Аны жайылтышыбыз керек. Сиз айткандай, өлөңдүн обону менен айтыш курса да абдан сонун болот. Бул жакшы идея болду, буюрса, айтышка кошконго аракет кылабыз.
Гулийпа Маметосмон кызы