АЙДАР, МАКСИМ, ЭМИ АТАЙБЫ?

Учурдагы президент Роза Отунбаеванын мөөнөтү чектелүү болсо дагы, анын уулу Атай жөнүндө узун кулактар былтыркы жылы эле жазып чыгышкан. Апасы ажо болордо анын баласын дүйнөлүк ММКлар «Манас» аба майданынын ызы-чуусуна аралаштырганга жетишишти. Анда эмесе, «сахнада» Атай Садыбакасов.

ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕ
Үй-бүлөлүк башкаруу үчүн күрөш­көн Роза Отунбаеванын командасынын лидерлери негедир «чакан мамлекетин» көмүскөдө сактап келишет. Алсак, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтар аз айтылат. Ошол эле президент Роза Отунбаеванын күйөөсү жана бала-чакасы тууралуу да учкай гана белгилүү.
Отунбаева айым 1979-жылы окумуштуу кишиге турмушка чыккан. Ал көп жылдар бою Илимдер академиясында эмгектенген. Тилекке каршы, алар 1987-жылы ажырашып, Атай жана Карачачты Роза Отунбаева тарбиялап өстүрөт. Учурда кызы турмушка чыгып, уулу да үйлөнгөн.

МАКСИМГЕ ЖЕТПЕЙТ, АЙДАРДАН АШАТ...
Атай Садыбакасовдун өзүнө келсек, биринчи маалымат дароо эле чуулгандуу окуядан старт алды. Былтыркы жылы «Манас» аба майданындагы учактарды күйүүчү май менен камсыз кылган «Mina Corp.» компаниясын президент Роза Отунбаева экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык деп айыптап, Баш прокуратура тарабынан кылмыш иши да козголгон. Мына ошол учурда компаниянын өкүлдөрү чет өлкөдө (айрым маалымат булактары боюнча Түркияда) Атай Садыбакасов менен жолугууга аракет жасашкан. «Кыргызстандын мындай маанилүү маселелерин президенттин уулу чечет деген көрүнүш салтка айланып кетпедиби. Бирок компаниянын ойлогон ою ишке ашпай калган» дешет. Ал эми «Вашингтон Пост» гезити «компаниянын өкүлдөрү Дуглас Эдельман, Еркин Бекболотов менен 28 жашар Атай Садыбакасов жашыруун жолугушкан» деп жазган эле. Отунбаева бул тууралуу: «Менин балам акылдуу. Мындай жолго барбайт»,- деп айтканы бар. Бул маалымат интернет айдыңында бат эле таркап, колдонуучулардын түрдүү сын-пикирине дуушар болгон. Анда кээ бирлери «Атай деле ишкер, бирок ал Максимге жетпейт. Балким, Айдардан ашып түшүшү мүмкүн» деген билдирүүлөрүн калтырышкан.
Жыл жаңыргандан кийин интернет талаасында Кыргыз патенттин экс-төрагасы Улан Мелисбек менен AtaiKG (Мелисбек мырзанын ырасташынча Атай Садыбакасов) деген колдонуучунун айтышы көңүл чордонунда болду. Твиттерде (чакан блог) орун алган бул кайым айтышуу жеке нааразычылыктан баштап саясий маселелерди да чайпап өткөн. Айтмакчы, «дал ушул учурда президенттин чет жерде эс алып жүрүп, бул эмгек өргүү чатактын ырбашына себеп болуп калды» дешет.
Атай мырза жөнүндө кеп көпкө узабайт. Анткени ал чет мамлекеттерде жашап, «президенттин уулу» деген статусуна карабастан эл көзүнө бүгүнкү күнгө чейин чалдыкпады. Азырынча Айдарга окшоп «депутат болом» же Максимди туурап «мен өлкөнүн таажысыз башчысымын» деп чыга элек. Деңиздеги жөнөкөй балык иретинде калабы же мурунку экөөндөй акулага айланып кетеби, бул – та­бышмак.


ЭГЕРДЕ АТАҢ ПРЕЗИДЕНТ БОЛСО...

Азыр «кайран эки байкуштун күнөөсү жок болчу. Аттиң, уулдары бийликке кийлигишип кетишпедиби» деп бизди башкарган экс-президенттерди эскерип калбадыкпы. Бирок биз баягы эле Айдар же Максим эмес, алардын «досторуна» «аңга чыгууну» туура көрдүк.

АТАДАН УУЛГА ӨТКӨН ТААЖЫ
Азербайжандын азыркы президенти Ильхам Алиевдин атасы СССР кезинде эле аталган мамлекеттин башчысы болуп турган Гейдар Алиев уулунун бийликке келиши үчүн бүт күч-дараметин сарптаган. Эки ирет президенттикке шайланган Ильхам Алиевдин үч баласы бар. Арзу жана Лейла деген кыздары саясаттан өтө алыс, бул тармак аларды дээрлик кызыктырбайт. Ал эми чоң атасынын ысымын алып жүргөн Гейдар азырынча саясатка жаштык кылат.

МЕДВЕДЕВДИН УУЛУ МЕКТЕПТЕ
Орусия президенти тууралуу сөз кыларда баяныбызды Дмитрий Медведев эмес, аны бийликке алып келген мурунку мамлекет башчысы жөнүндө баштоону чечтик. Орусиянын экс-президенти Владимир Путин кесибине салабы, кыскасы, бекеринен мыкты чекист болбогон чыгар, өз кыздарын чоочун көздөн бекем сактайт. Мария жана Катерина Путиналар тууралуу маалымат ушул күнгө чейин Кремлдин жашыруун сыры сыяктуу айтылбай келет. Мария 1985-жылы төрөлсө, Катерина 1986-жылы туулган. Керек болсо алардын фотосүрөттөрүн да коомчулук көргөн эмес.
Ал эми азыркы президент Дмитрий Медведевдин Илья деген уулу бар. Ал Москвадагы эле мектептердин биринде билим алып, бош убактысында атасынын жан сакчылары менен футбол ойногонду жакшы көрөт. Анын жашы саясатка аралашууга жете элек болгондуктан, орустар кичинекей Илья жөнүндө ойлонуп баш оорутушпайт деле.

ГҮЛНАРА КАРИМОВА – ӨЗБЕКСТАНДЫН «ХАНБИЙКЕСИ»
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун да уулу жок, бирок эки кызы бар. Лола жөнүндө маалымат жокко эсе болгону менен, Гүлнарасы өлкөсүндө өтө популярдуу. Гарвард университетин аяктаган Гүлнараны Өзбекстандын эң бай аялы дешет. Айрым маалымат булактары боюнча, анын ири дүкөндөрү, айрыкча зер буюмдарын сатуучу соода түйүндөрү көп.

МУРУТУ ДА ОКШОШ ВИКТОР ЛУКАШЕНКО
Экс-президент Курманбек Бакиев учурда Беларуста экени белгилүү. Андыктан бул өлкөнү аттап өткөнүбүз жарабаса керек. Жаңы жылдын алдында кайрадан шайланган Александр Лукашенконун Виктор деген уулу бар. Аны «атасынын мураскору» деп атап алышкан. «Ал жаштыгына карабастан генерал наамына ээ болуп, күч түзүмдөрүн башкарып турат» дешет. Тышкы көрүнүшүнөн атасына өтө окшош, керек болсо муруту да бар. Анын кичүү бир туугандары Дмитрий жана Николай.

АТАСЫНЫН ОҢ КОЛУ БОЛГОН ДАРИГА НАЗАРБАЕВА
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин үч кызы бар. Анын ичинен эң көрүнүктүүсү – Дарига. Анткени Динара элге көрүнүүдөн алыс. Ал эми Алиясы Айдар Акаевге турмушка чыкканы үчүн гана таанымал болуп кетпесе, ал жөнүндө да маалымат айтылбайт. Дарига – атасынын кеңешчиси, медиамагнат жана дайыма жаңжалдардын очогунда жүрчү Тышкы иштер министринин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн Рахат Алиевдин экс-жубайы болгон. Кесиби боюнча саясат таануучу, бирок мыкты ырдоо жөндөмүнө да ээ. Дарига Назарбаеваны «укмуштуудай бай, Казакстандын дээрлик бардык ММКларын бучкактап кармап турат» дешет.

«БААТЫР АТА» РАХМОНДУН БАЛДАРЫ
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тогуз баласы бар. Анын ичинен экөөсү эркек, жетөөсү кыз. Эң улуусу Фируза жеке ишкер, Дүйшөмбү шаарындагы дүкөндөрдүн кожойкеси. Кенжетайы Сомони мектепте, ал эми Рустам «Истиклол» футболдук командасынын оюнчусу катары таанымал. Дагы бир кызы Зарина телеканалдардын биринде диктор болуп иштеген. Атасынын кадыр-баркы менен кыздарынын көбү ийгиликтүү турмушка чыгып, Тажикстандын бай жана таасирдүү адамдарынын катарын толукташат.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
honey
2011-02-11 19:01:49
Роза Отунбаева акылдуулук кылып, баласын жолотпойт болуш керек. Уже опыты бар да.
0
operaledi
2011-02-11 19:14:17
Жонокой адамдардын жашоосу ушул чириген байлардын колунда болуп калбадыбы!!! Ток бала ач бала менен ойнобойт дегендей, биз менен булардын иши да жок.Кыйналып атасынбы, ооруп атасынбы,ачка отурасынбы??? Баары бир.....
0
lider-kg
2011-02-11 21:06:14
чыын
0
Arstan
2011-02-12 02:48:50
Оозу кыйшык болсо да,байдын уулу суйлосун.....дегендей да.
0
arinda
2011-02-12 07:59:40
Бутту мыйрык болсо да,байдын кызы бийлесин....
0
upelline
2011-02-13 21:52:30
Жегенден кийин алыс узабай эле кускандарын коруп атпайбызбы?
0
azabek87
2011-02-14 21:43:28
Бийлик, байлык - бул шор туздуу суудай, канча ичсен да тойбойсун...
0
Savyer
2011-02-15 07:36:52
Турктор Атайды азгырып жатышат.
0
Баян
2011-02-15 15:22:58
Айпайын эле дейсин бирок ушундай кылык жоруктарын угуп коруп ,жан кейигенден айткым келет Кыргызстанга Жетим президент керек!
0
Cyldyzka
2011-02-15 17:37:39
Üy bülölörün aralaştırbay ele koyuşsa misalı Putin
0
lider-kg
2011-02-16 14:41:41
чын жетим президент керек бирок аны деле жаман корсотуп койушат
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан