Кандидоз – көбүнчө аялдарды кыйнаган дарт

Кандиоз көбүнчө аялдарда таралган оору. Анын себепкерлери негизинен стресс, суукка урунуу, антибиотик. Аялдардын 75 пайызы  өмүрүндө жок дегенде 1 ирет ооруса, 10-15 пайызы өнөкөт түрүнөн жапа чегет. Өнөкөт түрү деп 1 жылда 4 ирет жана андан көп жолу ооруса аталат. Гинеколог Айганыш Кадырбекова  аталган дарт боюнча пайдалуу маалыматы айтып берди.

“Кандида” – козу карын сымалдардын бир түрү

Кандидалар бактерия, вирустар сымал бардык жерде, нерселерде кездешет. Мисалы, үй буюмдары, оюнчуктар, кийимдер, тамак-аш азыктары, идиш, тиш щёткаларында, сүт азыктары болгон быштактуу сырда, быштакта, каймакта жолугат. Адамдын денесинде адатта  ооздун, жыныстык кындын жана жыныс мүчөсүнүн, жоон ичегинин флорасынын курамына кирет. Тактап айтканда, ооздун флорасында 10-25 пайызга чейин, жыныстык кындын жана жыныс мүчөсүнүн флорасында 20-30 пайыз, жоон ичегинин флорасында 55-70 пайыздай кездешет. Аз санда болгондо эч ыңгайсыздык жаратпайт.

Өтө көбөйүп кеткенде “кандидоз” оорусу пайда болот. Кандидалар – быштак сымал агала келип, тегерек формада болушат. Алар дененин көбүнчө жылуу, нымдуу, аба аз кирген бөлүктөрүн тандайт. Андыктан сырткы жыныс органдары көбүрөөк жабыркайт.

Инфекциянын таралышына карап үстүрт жана системдүү кандидоз болуп бүлүнөт. Үстүрт түрүндө теринин сырты жана былжыр чел жабыркайт. Системдүүсүндө ички бүт органдарга чейин тарап кеткен болот жана оор өтөт, көбүнчө иммунитети начарлап кеткендерде кездешет.

Биз аялдарда жана эркектердин жыныс органдарында жолугуучу кандидоз тууралуу сөз кылабыз.

Заара ушатуу оорутуу менен коштолот

Кандидоздун түрлөрү бар.

1. Алып жүрүүчүлүк. Адам ооруну алып жүрөт (носитель), бирок оору белгилери жана дарылоонун кереги жок. Бирок бактериологиялык текшерүүдө грибоктун бар экендиги билинет.

2. Курч кармаган түрү.

Аялдарда жыныс кынынын кычыштыруусу, быштак сымал бөлүнүп чыгуулар, кычкыл сымал жыт менен коштолот. Анан оору козгогучтар жыныс кынынан заара чыгаруучу каналчага өтөт.

Эркектерде адегенде жыныс мүчөсүнүн башы кызарат,шишийт, быштак сымал агалалар пайда болот, кычыштырат жана ачыштырат. Заара ушатуу жана жыныстык жактан кошулуу оорутуу менен коштолот. Ички бездер шишип, чоңоёт. Эркектерде мындай абал “кандидоздуу баланопостит” делинет.

Дарылбай койсо аялдарда жана эркектерде да оору козгогучтар табарсыкка, андан ары карай бөйрөккө чейин өтүп, жайылып кетет. Мунун белгилери болуп ичтин төмөн жагынын оорушу, дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Аялдарда трихомониаз, гонорея өңдүү оорулар кошулушу мүмкүн.  Негизи дарыланбай жүрө берүү аял, эркекти тукумсуздукка чейин жеткирет. Өзгөчө кош бойлуу аялдарга зыян. Анткени инфекция ичтеги түйүлдүккө өтүп, анын ден соолугуна коркунуч келтирет.

3. Өнөкөт түрү.

Бул курч кармаган түрүн дарылабаганда, же толук дарылабаганда өнөкөткө өтүп, убак-убагы менен кармай берет.

Дарттын жаралышына антибиотиктер роль ойнойт

Оорунун келип чыгуу себептери көп: 

• Иммунитеттин төмөндөп кетиши

• Суукка урунуу

• Стресске бат-бат чалдыгуу

• Гормоналдык тең салмактын бузулушу

• Антибиотиктер. Мындай дарыларды ичкенде оору чакыруучу бактериялар менен кандидалардын өсүп кетишин көзөмөлдөп туруучу пайдалуу бифидобактерия, лактобактериялар да өлүп, кандидалардын саны көбөйүп кетет, оору жаралат

• Өнөкөт жана жыныстык жактан жугуучу оорулар, ВИЧ/СПИД 

• Кант диабети, ички бездердин оорулары (богок), семирүү   кандидозду коштоп жүрөт

• Синтетикалык ич кийим. Мындай кийимдер абаны начар өткөзөт, андыктан жылуу, нымдуу жерде козу карын сымалдар бат көбөйөт

• Жыттуу гигиеналык каражаттар. Булардын көп түрүнүн ички катмарларына жыпар жыт берүүчү заттар сиңирилип коюлат. Жыныс кынынын чел кабыгы жана териси сезимтал болгондуктан ал жерде кызаруу, кычышуу, нымдашуу пайда болуп, кандидалардын саны көбөйүшү ыктымал.

• Этек кир келип жатканда гигиеналык каражаттарды өз учурунда которбоо

•  Корголбогон жыныстык катнаш. Махабат оюнунда жугуу ыктымалдыгы бар.

• Таттуу азыктар. Кандидалардын сүйүктүү азыгы – глюкоза. Андыктан таттууларды көп жегенде кандидалардын көбөйүшүн шарттайт дешет окумуштуулар.

• Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттар

Дарылоо

Кандидозду дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт. Атап айтсак, жыныс кынына салынуучу дары май, таблеткалар, грибокко каршы каражаттар (флуконазол, кетоконазол жана башка) жазылып берилет. Дарылар схема боюнча күнүгө өз убагында кабыл алынышы зарыл. Бул оорудан убагында таза айыгууга салым кошот.

Эркекте оору белгилери билинбесе дагы жубайлар чогуу дарылануулары кажет. Анткени, жогоруда айткандай, дарттын белгилери билинбеген түрү бар. 

Ооруга чалдыкпаш үчүн...

• Антибиотиктерди врач жазып бербесе өз алдынча колдонбоо

• Синтетикалык тар ич кийим кийбөө, анын ордуна пахтадан тигилгенин колдонуу

• Таттууларды чеги менен жеш

• Жыныс кынын көп жууй бербөө (спринцевание) 

• Антибиотик ичкенде пайдалуу бактерияларды өлүмдөн сактоо үчүн пробиотик ичүү сунушталат

• Оору белгилери билинер замат дарылануу жана башка

Оорунун түшүндүрмөсү – “ак мантиялуу (кийим) кандидат”

Кандида козу карын сымалдарды изилдөө XX кылымда активдүү жүргөн. Кандида терминин 1939-жылы микробиологдордун эл аралык конгрессинде австралиялык изилдөөчү Вергхоут киргизген. Бирок мыйзамдуу түрдө атоо 1954-жылы бекитилген. “ Кандидоз” грек сөзү, бизче которгондо “ак мантиялуу (кийим) кандидат” деп аталат. Сыягы, бул оорунун башкы белгисине карап айтылган.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1124, 20-26-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан