Айсулуу Мамашова, депутат: 2021-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке өткөн саясий партиялардын тизмесинде жылышуулар болуп, Айсулуу Мамашова жакында кайрадан депутаттык мандат алды. “Бул жолу депутат болуп келишим өзүм үчүн да күтүүсүз болду” дейт каарманыбыз.
– Айсулуу айым, парламенттин 7-чакырылышынын мөөнөтү ортолоп калганда депутат болуп келүүңүз көпчүлүккө күтүүсүз болду окшойт?
– Депутат болуп калышым көпчүлүк үчүн гана эмес, өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Өзүңүздөр билгендей, 6-чакырылышта депутат болгом. Ортодо 2,5 жыл эс алууда жүрүп, 2023-жылы кыздуу болгом. 7 жаштагы кызым, 5 жаштагы уулум бар эле. Үйдө энелик бакыттын даамын татып, балдарды тарбиялап, ден соолугумду чыңдап эле жүргөм. Кичүү кызым 1 жашка чыкты. Биздин партиядан 7 талапкер депутаттыкка өткөн, квота боюнча алардын үчөө айым болушу керек да. Биздин партия ошол квотаны колдонуп Фархат Алимжановдун ордуна мени алып келди.
– Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити 1001 роза, тик учактын коштоосунда анын колун сураган окуя кызуу талкууда. Президент да бул боюнча комментарий берди. Чын эле мамлекет жетекчилеринин жакындары “скромный” болгону жакшыбы?
– Эми азыркы жаштарда жаңы мода чыгып жатпайбы, 1001 роза, тик учак, кымбат баалуу белектер... Бул алар үчүн романтика, кандайдыр бир эрдик. Бирок муну жигит жасап жатат да, кыз эмес. Андыктан ар ким өз чөнтөгүнө жараша сүйүүсүн билдире берсин. Кээ бир кыздар суктанышты аябай, айрымдары “ысырапкорчулук” деп сындашты. Эми ар бир адамдын ою ар башка да. Катуу сындабай эле коёлучу. Менимче, президент деле билген эмес болочок күйөө баласы ушинтип карындашынын колун сураарын. Биз катары эле интернеттен көрсө керек.
– Жолдошуңуз сиздин колуңузду кантип сураган?
– Мен үчүн романтика – бул жөнөкөйлүк. Мисалы, мени 1001 роза менен таң калтыруу мүмкүн эмес. Бул эми стандарттуу нерсе да, эл көзүнө деген. Жолдошум экөөбүздү атамдын жакын санаалашы Любовь деген айым тааныштырган. Алгач “таанышып көрсөң, аябай жакшы жигит” деп мактады. Менин “азырынча турмушка чыгайын деген оюм жок, жөн эле койбойлубу” дегениме көнгөн жок. Жаңы таанышканда эле Данияр (ред.: жолдошу) “болочоктогу күйөөңүз менен чет өлкөгө барып жашайт белеңиз?” деп суроо берген. Билбейм, таанышканыбызга 5 мүнөт боло электе ушундай суроо бергени мени ыңгайсыз абалга калтырды. “Это же не тактично” деп ачык эле айттым, бир аз таарынгансып да калдым. Экөөбүз Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы дөңгөлөктөрү менен жүрө турган көк вагонго отуруп сейилдегенбиз. Андан кийин картиналар галереясында сейилдеп, “Ильяздын ыры” деген чыгарманы экөөбүз караоке ырдаганбыз. Ошентип мени жолдошум жөнөкөйлүгү менен арбап алган.
– Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы менен 7-чакырылышынын айырмасы эмнеде?
– Иштөө системи, демилге көтөрүү системдери такыр өзгөрүптүр. Мурда парламенттик башкаруу эле, эл өкүлдөрүнө көбүрөөк эркиндик берилчү. Эркиндик толук кандуу сезилчү, демилгечилер бир гана депутаттар болушчу. Азыр өкмөтү деле, министрликтер, соттор, президент деле мыйзам демилгелеп, “колдоп берип койгула, бул бизге абдан керек” деп келе беришет. Шашылыш, жумуш көп дешип, көп мыйзам долбоорлору талкууланбай эле кабыл алынып жатат. “Президент жооп берет, президент суранып жатат” деп коюшат, болду. Мисалы, аймактык-административдик реформа боюнча документти талкуулабай эле эки окуудан кабыл алып бердик, уран маселесинде да ошондой болду. Мурун кызуу талкуулар жүрчү.
– Аялын сабаган күйөө үйдөн 30 күнгө чыгып кетиши керек деген пункту бар мыйзам долбоорун демилгеледиңиз. Кесиптештериңиз буга “кыргыздын салтына каршы келет” деп чыгышты?
– Күйөөсүнөн таяк жеген аял балдары менен кошо үйдөн чыгып кетиши керек деген нерсе кыргыздын кайсы салтында бар анда, ошону айткылачы? Кесиптешим Мирлан Самыйкожонун мындай аргументи мени нааразы кылды, чынында. Кыргыз айымдары абдан чыдамкай, бирок кээде сабыр деле түгөнөт да. Эркектин үйдөн убактылуу чыгып кетиши туура деп ойлойм. 30 күн – бул жарашууга берилген убакыт болот. Эгер аял үйүнөн кетпей кала берсе, эркек 30 күндүн ичинде эсине келип, балким, кечирим сурап, кайрадан чогуу жашап калышар деген үмүт. Бул мыйзам ажырашуулардын санын да азайтышы мүмкүн. Мыйзам долбоору парламенттен 3-окуудан өттү, аялдар кор болбогон коомду өзүбүз түзүшүбүз керек.
– Аялдарга зомбулук жасалган учурда кылмыш иштерин тосмо арыздын негизинде токтотууну жокко чыгарыш керек деп демилге көтөрүп жүрүштү эле кесиптештериңиз...
– Эми баары эле биздин колдо эмес экен да. Биз мыйзамдарды жылдан-жылга катаалдатып жатабыз, кеп анын аткарылганында болуп жатпайбы. Андай кылмыштарга коопсуздукту камсыздоочу органдар көз жумуп коюшууда. Сотко жетсе, шектүүнү пробацияга чыгарып коюп жатышат. Азыр пробациялык мыйзамдарга да өзгөртүү киргизүү аракетиндебиз. Тосмо арыздар боюнча Казакстанды мисал кылсам, казактарда тосмо арыз бир эле жолкуга иштейт экен. Бизде да ушундай кылышса болмок. Алимент боюнча да мыйзамдар иштебей жатат, өлкөбүздө 50 миңден ашуун алимент төлөөчү жаран бар. Алардын көбү карызкорлор, тагыраагы, 200 миң балага алимент төлөнбөй жүрөт. Бул өтө чоң маселе. Бүгүнкү күндө карыздарлар боюнча мыйзам сунуштап жатабыз, алимент төлөй элек жарандар бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн ажыратылсын деген. Мисалы, паспорт ала албайт, үй алып же сата албайт жана башкалар. Эми бул мыйзамды тийиштүү министрлик, “Түндүк” электрондук порталы, Сот департаменти менен чогуу ишке ашырсак болот. Качан жаран алимент төлөсө, ошондо гана бул чектөөлөр алына тургандай кылыш керек. Антпесек абал оор.
– Атаңыз Турусбек Мамашов сизге саясат боюнча кеңеш айтып турабы?
– Мен 15 жашка чыкканда апам каза болгон. Ошондон кийин бат чоңойдум. Жаштыгыма карабай атамдын колуна кол, бутуна бут болдум. Бизнесте да көп тажрыйбам бар, анткени кичинемде апам менен кошо “Дордойдо” эле жүрчүмүн. 17 жашымда автомектепке жетекчи, 27 жашымда депутат болдум. Атам бардык жаатта менден кеңешин аябайт. Туугандар тойдо мага уча тартып калышса “бийликте отургандарды өзүңөр ушинтип жаман көндүрөсүңөр, баары орду менен болсун, Айсулуу депутат болгону менен мурункудай эле араңарда жүргөн менин кызым” деп урушуп калат. Мен саясатка аттанганда атам туугандарга “Айсулуудан бирөөңөр да бир нерсе суранып барбайсыңар” деген. Атам принципиалдуу адам, дайыма ишине, сөзүнө так жүрөт. Туугандарыбыз да атамды угушат, сыйлашат.
Лунара Бекиева