(Башы өткөн сандарда)
Канат Шоолага “баланы алдыр” деп айта албады. Аны көндүрүш мүмкүн эмес экенин да билди. Анан бардык тааныш-билиштерге телефон чалып, мыкты кардиолог сураштыра баштады. Сураштырып отуруп Султан Казиев деген врач тууралуу укту. Кезинде чет өлкөдө иштеп, Кыргызстанга келгенде жеке клиникасын ачып, эл оозунан түшпөгөн мыктынын мыктысы имиш. Бирок жалгыз уулу каза болуп калгандан кийин депрессияга түшүп, ишинен алыстап кетиптир. Кадимкидей эле жашоодон кечип, дербиш сымал күн кечирип кеткен дешти. “Ошол адамды тапсаң, керемет болот. Анткени жашоодон үмүт үзүлгөн далай адам Султан агайдын колунан жакшы болушкан” деди бир таанышы. Канаттын ал адамга көңүлү ооп калды. Дароо Жанатка телефон чалды.
– Жанат, Шоолага жардам бере ала турган бир адамды таптым. Келсең, сүйлөшөлү.
Бир аздан кийин экөө жолугушту. Канат уккандарын айтып берди.
– Эми ал “сыйкырчыны” кайдан табабыз?
– Сен мурунку кесиптештеринен сураштырып изин тап, өзүнүн кардиология борборундагылардын бири билсе керек. Мен анын үй-бүлөсүн тапканга аракет кылайын. Куш болуп, асманга учуп кетсе да табабыз.
– Канат, ал сен айткандай, баарына колун шилтеп бул дүйнөдөн кечип кеткен адам экен. Тапканда деле жардам бере албасачы...
– Жанат, эртең эмне болорун эч ким билбейт. Азыр ийненин көзүндөй үмүт болсо, ошого карманыш керек. Шоола үчүн, бала үчүн... Жөн отура бергенден көрө аракет кылалы.
– Макул.
Канат сураштырып отуруп Султан деген адамдын үйүн тапты. Шаардын сыртында жайгашкан эки кабат заңгыраган үй экен. Эшигин каккылай берип чарчады, эч ким ачпады. Кете берейин деп да ойлоду, бирок бир үмүт аны ушул жерге тартып турду. Унаасында отуруп күтмөй болду. Кечке маал үйгө бир адам келди. Канат машинесинен чыгып ал адамды утурлай басты.
– Ассалом алейкум, байке.
Жашы бир топко барып калган киши Канатты тиктеп нес болуп калды. Ал түгүл алдынан арбак чыга калгандай коркуп кетти.
– Ариет?!
– Жок, мен Ариет эмесмин, байке, мен Канатмын.
Тиги адам үнүнөн гана башка адам экенин сезгендей өзүн токтотту. Бирок дагы деле үрөйү уча Канатты тиктеп турду.
– Кимсиң сен?
– Канатмын, мен Султан агайды издеп келдим эле. Кардиолог, профессор, Султан Казиевдин үйү ушул дешти.
– Ушул.
– Өзү кайда?
– Билбейм, мен анын кайда экенин билбейм. Канча киши издеп келди, билбейм десем эч кимиси ишенбейт. Султандын үйүнүн кароолчусумун мен, өзүнүн эмес. Төрт жыл болду, анын кайда экенин бир жан билбейт.
– А үй-бүлөсү кайда?
– Аялы Америкада, кызы Кореяда, уулу кара жердин алдында.
Канат эмне кыларын билбей туруп калды. “Кароолчумун” деген чал оройлонуп, такыр эле оңдуу жооп бербей койду. Машинесине карай басты Канат.
– Жигит, сенин атың ким?
– Канат.
– Кайсы жерден болосуң?
– Чүйдөн. Түбүм Нарындан.
– Апаң кайсы жактан болот?
– Нарындан.
Канат тиги эмнеге ата-энесин тактап сурап калганына таң кала түштү. Тиги адам дагы деле Канатты тиктеп тура берди, бир нерсеге таң калып тургандай.
– Убактың болсо жүрү, чай ичип кет чал менен,- деди тиги адам ого бетер сырдуу тартып.
Чал менен короого кирди, бакчасы укмуш чоң экен.
– Мен бир жумада бир келип бул чарбакты карап турам. Анткени бул дарактарды өз колум менен тиккем. Үй ээлери кетип калышкандан кийин мен карап калдым. Жүрөгүм түтпөйт. Эң мыкты сорттогу көчөттөрдү сатып келип өстүргөм. Кесибим агроном.
– Султан агайды жакшы тааныйсыз го?
– Жок, өтө жакын деле эмесмин. Менин өмүрүмдү сактап калган, ошондуктан чарбагын акысыз эле карайм. Убада бергем. Бактылуу үй-бүлө эле. Бирок бир күн эле ушундай болуп кетти.
– Эмне болду?
– Жалгыз уулу каза болуп калды. Жубайы экөө ажырашты. Кызы да чет өлкөгө кетти. Жана сен машинеңден түшүп келе жатканыңда Ариет тирилип келип калгандай сезилди. Ошого ата-тегиңди сураштырып жаткам. Бирок тууган деле эмес окшойсуңар, булардын түбү көлдүк. Сен Нарынданмын деп жатасың го. Бирок окшош экенсиң Ариетке. Аябай окшош.
– Ариет деңиз.
– Сөөгүн да таппай калышты. Канча күн издешти, чет өлкөдө деңиз жээгинде эс алып жүргөндө толкун тартып кеткен экен. Ал окуяны абдан оор кабыл алышты. Баса, сен эмне үчүн издеп жүрөсүң Султанды?
– Жакын адамым үчүн. Өмүрү коркунучта. Профессор Султан Казиев көп адамды ажалдан куткарып калганын айтышты. Ошол үмүт менен издеп келгем.
– Кимиң болот ооруган адам?
Канат эмне дээрин билбей калды. Тамагы буулуп, көзү жашылданып кетти. Чал анын абалын байкадыбы, такап сураган жок.
– Султандан кабар жок. Угушума караганда, жер кезип кетиптир. Эч ким билбейт, билсем айтат элем, кайдан издеш керек экенин...
Канат менен чал бир топтон кийин жылуу коштошушту.
ххх
– Мени эртең өлүп калчудай карабаңызчы, апа?- деди Шоола эркелей. Апасы оор үшкүрүп алды.
– Биринчи жүрөк оорудан мен кетет окшойм.
– Апа?
– Кызым, мен сенин сезимдериңди түшүнүп турам. Мен дагы сени сактайм деп өмүрдө көп нерседен баш тарттым. Азыр да “Шоола үчүн жүрөгүңдү бер” дешсе, берет элем. Эсимде, анда Москвада элек. Төрөлгөндө эле жүрөк оорусу менен төрөлгөнүңдү угузушту, өзүмдү жоготуп койдум. Ошол күндөн баштап менин жашоом сен гана болуп калдың. Атаңа көңүл бура албай калдым. Оору менен алышып жүрүп, аны да чарчатып койдум. Атаң бизди таштап кетпейт эле, мен ката кетирдим. Бирок ошол учурда андан башка айлам жоктой сезилген. Акылым алдастап калган, көрсө, айласы бар экен. Атаңды ого бетер чүнчүнтпөй, сенин ооруңду туура кабыл алып, “экөөбүз тең кызыбыз үчүн күрөшөбүз” десем, балким, никебиз сакталып калмак. Сен да так мендей ката кетирбе, кызым. Сен өзүңдү өзүң жазалап жатасың. Мени билбейт деп ойлобо.
– Апа, эх, апа...
– Айтчы, эгерде...
– Апа, мен өз тандоомду жасадым. Тагдырыма аман калуу жазылган болсо, аман калам. Болбосо менин ордума ушул кичинекей наристе жашайт. Мен сага жаман кыз болдум, апа, бирок бул наристе сага жакшы небере болот. Сен аны өзүң чоңойтосуң. Ал сени таштабайт, мендей өзүмчүл болбойт. Мен сени канчалык кыйнасам да, бул бала сени бактылуу кылат.
– Шоола!
– Апа, тартышпайлычы. Андан көрө карасаңыз, кандай чоңоюп калды.
Апасынын колдорун өзүнүн ичине койгон Шоола жаш аралаш күлүмсүрөй берди. Апасы аргасыз жылмайды. Жанат ошол учурда кирип келди. Салам айтып кайненесине кайрылып калды.
– Сиздин да үйдө болгонуңуз жакшы болду. Профессор Султан Казиев дегенди уккансызбы?
– Ооба, бирок ал чет өлкөдө иштейт мен билгенден.
– Кыргызстанга 5-6 жыл мурун келип, жеке клиника ачып, бир топ адамдын өмүрүн сактап калган экен.
– Эң мыкты кардиохирург экенин билем. Эмне болду?- деди Шооланын апасы үмүттүү карап.
– Канат ошол адам тууралуу угуптур. Шоолага жардам берсе ошол адам берет деп жатат. Бирок ал адам жердин түбүнө кирип кеткендей эле жок. Эч ким билбейт кайда экенин... Издеп чарчадым...
(Уландысы кийинки санда)