Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башталышы)

Мындан көп жыл мурун... Түнкү саат эки болуп калган. Бишкектин четиндеги ГЭС-5 суу сактагычын айланып өткөн жолдо Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаа тумшугу көл жээктеги жарда салаңдап, алдынкы дөңгөлөктөрү абада илинип, кылт этсе аңтарылчудай араң эле турат. Жолдун берки тарабы калың бак, бийик өскөн дарактардын түбүндө дагы эки Жип автомашинасы токтоп турган эле. Бактын арасында 5-6 адам жерде булдуруктап жаткан бир адамды тегеректеп, экөөсү анын колун артка кайрып, бири оозуна зордоп арак куюп жатат.

Бериде турганы башчысы окшойт, кара плащчан, бою узун, толмочунан келген адам эки жакты акырын карап:

– Болду жетишет, машинеге алып баргыла. Эртерээк бүтүрүп, бул жерден кетели, бирөө-жарым көрүп калбасын,- деп жерде жаткан тигини аягансып карап койду.

Төртөөлөп көтөрүп машинага алып барышып, рулга отургузушуп, эшигин жабышты.

– Алдынкы эки терезесин жарымына чейин түшүрүп койгула, машиненин ичине тезирээк суу толсун. Бул акмактын чөгүп кетишин дагы күтүп турушубуз керекпи.

Баары даяр болгондо кара плащчан адам машинанын алдынкы айнегине жакын келип рулдагы адамга акырын шыбырады:

– Өзүңдөн көр. Канча жолу жакшылык кылып, кандай даражага жеткирсем да, кайдагы бир бузукулардын сөзүнө кирип кылган жообуң ушул болду. Акча үчүн өз мамлекетиңе каршы иштеп... Өзүңө-өзүң ушундай тагдырды тилеп алдың, кош эми,- деп эшикти алаканы менен чаап койду да, артка жылды.

Рулдагы адам түшүнүксүз булдуруктап, эшикти ачайын деп аракет кылып, эмне болуп жатканын түшүнбөгөндөй тигил адамды узата карап отуруп калды.

Плащчан киши бийигирээк жерге чыгып, эки колун плащынын чөнтөгүнө салган абалда жанындагыларды бир сыйра сыдырып карап койду да, үшкүрүнүп алып:

– Күнөөсү толук далилденди, тогуз адам күбө болуп, көрсөтмөлөрдү беришти. Мага берилген укуктун негизинде чечим чыгардым. Кыргыз өлкөсүнө чыккынчылык кылганы үчүн жоопко тартылсын,- деп жигиттерине ишарат кылып, окуяны көргүсү келбедиби, бактын арасындагы машинелерди көздөй басып кетти. А беркилер машинаны сууга түртүп жиберишти. Көлдүн түбү терең эле окшойт, машина ичине суу толгуча бир азга калкып турду да, анан тез эле тереңге сиңип кетти. Эки-үч мүнөт суунун бети бурк-бурк этип аба бүркүп турду да, бир аздан кийин мелмилдеп эч нерсе билинбей калды.

Бул окуя болордон эки жума мурун. Саат 17:30.

Ак үйдүн алдында президентти күтүп окшош 3 ок өтпөс болуп брондолгон Мерседес 600, эки Тойота Ленд Крузер, бир Лексус 470 үлгүсүндөгү, баары кара түстүү машиналар даяр турду. Президенттин айдоочусу Адыл деген 35 жаштагы жигит эле, мындан үч жыл мурун президент Таласка барганда таанышкан. Ал кезде Адыл Таластын губернаторунун машинасын айдачу, президент кийин өзүнө айдоочу кылып алган. Адыл темеки чекпеген, ичимдик ичпеген, спорт менен машыккан тың жигит, үч жылда өзүн жакшы жагынан гана көрсөттү.

Бирок бүгүн бир аз тумоолоп калыптыр. Эртең менен жумушка келгенде анча билинбеген, кечке чейин күчөп, бырылдап-шырылдап калды. Кетейин деп уруксат сурады эле, жетекчиси макул болбой койду, “иш убактысы деле бүтөйүн деп калды, бир аз чыдап койсоң бошойсун” деп.

Эреже боюнча, эң алдыда бир Жипте куралданган жан сакчылар, алардан кийин үч Мерседес, алардын артында дагы жан сакчылар отурган Жип кетет. Мерседестердин биринде мамлекеттик күзөт кызматынын үч адамы жана КГБдан бир көзгө атар, бир Мерседесте президентти кайтарган бөлүмдүн дагы 3 кызматкери жүрөт. Үчүнчү Мерседесте айдоочунун жанында президентти кайтаруу бөлүмүнүн башчысы, арткы орундукта президент өзү отурат. Мерседестердин баары бири-бирине коёндой окшош болгондуктан сыртынан айырмалап болбойт. Салондору деле окшош, айырмасы мамлекеттик номерлеринде гана.

Президентти күндө ар кайсы Мерседеске алмаштырып отургузушчу, кайсы күнү кайсы машинада кетери ар жуманын башында такталып, бир жумага график түзүлүп, аны саналуу гана адам билет. Машиналар “Х”, “Ү”, “Z” деп белгиленчү.

Бүгүн президент “Ү” машинада кете турган. Адылды “президентке сасык тумоо жуктурушуң мүмкүн” деп “Х” машинага отургузуп, президенттин машинасын Володя деген жигит айдамакчы болду.

Президент чыгып келе жатканда рациядан кабар келет, айдоочулар дароо рулга отуруп, машиналарды от алдырып турушат, калган кызматкерлер президент келип машинага отурмайынча машиналардын жанында турушат. Бул жолу президент чыгып келе жатканда ага бирөө телефон чалып калды, телефондогу кишиге катуу бир нерселерди айтып машинага карай басты. Президенттин машинасын адатта Адыл айдап жүргөндүктөн президент түптүз келип Адыл отурган машинага түшүп алды. Ким эмне дей алмак эле. Ошол машиналардын алмашып кетиши бүгүн президентти кырсыктан сактап калды.

График боюнча “Х” машинасы экинчи кетмек, ошол боюнча кетишти.

Ак үйдүн короосунун дарбазасы ачылып, президентти алып жүргөн алты машина чубап чыгышты да, Чүй проспектиси менен жөнөштү.

Манас проспектисине бурулгандан кийин, жолду МАИ кызматкерлери бошотуп тургандыктан саатына 80-90 чакырым ылдамдыкта айдашып, тез эле шаардан чыгып кетишти.

Кортеж Ак үйдүн дарбазасынан чыгары менен артынан түшкөн эскирээк ак Жигулидеги адам жарым жолго жетпей калып калды да, бирөөгө чалып:

– Резиденцияга, силерге он беш мүнөттө барып калат,- деди да, телефонун өчүрүп койду.

Шаардан чыккандан кийин ээн талаа эле, үч чакырым жүргөндө алдыда бараткан Лексус-470 күтүүсүз жерден жол четине чыгып кетип даракка бир тийди да эки-үч оодарылып жүгөрү талаасына кирип кетти. Анын артында бараткан, бүгүнкү график боюнча президент кете турган “Ү” Мерседеске гранатамёттун огу келип тийди, унаа он метрдей сүрүлүп барып даракка урунду да, күйүп кетти. Кол салгандар башка машиналарга карап да коюшкан жок.

Адыл Ак үйдөн чыккандан баштап “президентке тумоо жуктуруп албайын” деп кенен дем албай кыжаалат болуп келе жаткан. Алдынкы машина оодарылганда эле артты көрсөткөн күзгүдөн президентти бир карады да:

– Башыңарды ылдый кылгыла, бекем кармангыла,- деп кыйкырды да, газдын педалын түбүнө жеткире тээп машинаны чаң ызгыта айдап тез эле окуя болгон жерден алыс кетти. Адылдын жанында отурган президентти кайтаруу бөлүмүнүн башчысы коркуп калганбы, эшиктин туткасын эки колу менен бекем кармап алган, эки көзү Адылда. Мындай кырдаалда баарын ошол башкарышы керек эле. Адыл ага карап:

– Арттагыларга айтыңыз, атышып жүрүшпөсүн, тез кетишибиз керек,- деди эле, ал коркконунан алдында турган рацияны алам деп жатып колдору титиреп, жерге түшүрүп жиберди. Адыл тигинин бут жагын сыйпалап рацияны өзү алып чыкты:

– Токтобой айдагыла, эч нерсеге карабагыла,- деп рацияны таштады да, машинаны андан ары зуулдата айдап кетти.

Тез арада калган машиналар аман-эсен резиденцияга жетип келишти. Президент жолдо келатып эле ИИМдин башчысына чалып, акыбалды түшүндүрүп:

– Кол салуу болгон жерди тез курчоого алып, күбө болгон адамдардын баарын көргөнүн эч жерде айтпоого милдеттендирип кол койдургула. Кол салуу болгону жөнүндө эч ким билбесин,- деп буйрук берди.

Кол салуу болгон жерге МАИ кызматкерлери дароо жетип келишип, жолду толугу менен жаап, эч кимди эч жакка өткөрбөй машиналары менен тосуп салышты. Аңгыча шаардан милиция кызматкерлери, жакын жердеги аскердик бөлүктөн аскерлер да келишип, кыска убакыттын ичинде кол салуу болгон жерди эч нерсе болбогондой кылып тазалашып, оодарылып күйүп кеткен машиналарды жүктөп алып кетишти. Жолду өрт өчүрүүчү машиналар мизилдете жууп, тазалап салышты. Күбө болгондор элүүдөй адам экен, окуяны эч кимге айтпоо талабы катуу эскертилди...

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан