ПУТИН ҮЧҮН ЧОКУ КЕП БОЛУП КАЛЫПТЫРБЫ?

Аптанын жаңылыгы

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымын Кыргызстандагы бир чокуга ыйгаруу демилгеси Жогорку Кеңеште колдоого ээ болуп жатат. Путин чокуга чыгабы же чыгарууга каршы болгондор күчтүүлүк кылабы?

Жаңы жылдын алдында эле бул маалымат заматта тарап кеткен. Премьер Алмазбек Атамбаевдин кесиптешине болгон өзгөчө белеги журналисттердин көз жаздымында калган эмес. Оппозициячыл “ата мекенчилер” чокуну Путин деп атоого караманча каршы чыгышкан эле. Эскерте кетсек, расмий Маскөө ансыз да “ата мекенчилерди” мокочо көрүшөт.
Ошентип, бул аптада Жогорку Кеңеште “Географиялык аймакты “Владимир Путиндин чокусу” деп атоо жөнүндө” мыйзам долбоору комитетте ийгиликтүү колдоого алынса, эртеси КСДПнын фракциялык жыйынында каралды. Бирок дал ушул мыйзам долбоору талкууга жеткенде, журналисттерди залдан сый менен чыгарып коюшту. Буга чейин негизги тоскоолдук “географиялык аймакка каза болгон адамдын гана ысымы берилет” деген мыйзамдагы шарт болчу. Бирок өкмөт “өзгөчө учурларда гана тирүү кишинин ысымын ыйгаруу мүмкүн” деген экинчи жолду тапты.
Албетте, Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана миллионго жакын мекендештерибиз ал жакта иштеп келишет. Күнгөйү болгонго жараша бул маселенин тескейи да бар. 2008-жылы январь айынын ичинде эле 9 кыргызстандык жаранды скинхеддер мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Кыргыз өкмөтү бир канча жолу улутчул уюмду жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы менен кайрылганына карабастан, алгылыктуу жооп боло элек. Кайдигерликтин айынан жергиликтүү активисттер “Кыргызстандын калкынын 10 пайызы орустар” деп жумшак түрдө коркутууга өтүшкөн.
Маалымат үчүн: Путиндин ысымын чокуга берүүнү Москва райондук Кеңеши көтөрүп чыккан. Чоку Чүй облусунун Кыргыз тоосунан орун алып, анын бийиктиги 4,5 миң метрге жакын.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
milli
2011-02-13 18:40:35
Putin Kyrgyzstanga emne kylyp berdi eken? Uyat da bizde emne uluu, kyrgyzstanga kyzmat kylgan adamdar azby? Misaly, Chyngyz Aytmatov, Suymonkul Chokmorov...
Sat, sat, sat baaryn sat, ayagynda koltugundun junun sat degen yrdy ugushpasa kerek.
0
Ainur
2011-02-13 19:30:48
Кыргыздар кызык эле болдук го,башканын баарын кыйратып койгонсуп эми кыларыбыз ушул эле калдыбы,болоор болбос ишти кылбай андан коро атка минерлер КЫРГЫЗ ЭЛИМДИН жашоосун ондогонду ойлонгула!!!
0
bemkabemka
2011-02-14 02:56:21
jazylbai kalyptyr menin kommentimdin a9gy.
...kaira ele ak4a almai bolup atat da.ushul ele sandyn bashka makalasynda turat go.
bul jon ele ki4ine bashka4araak jolu.
0
songtanaiza
2011-02-14 13:10:02
ee oido jaktagylar adamsynarby je aibansinarby?,chokunun tagdyryn chechpei eldin tagdyryn chechkile!!!
0
nestan
2011-02-15 00:04:34
илгери, атам замандан бери, бироого кошомат кылуу эч кимге жакчу эмес!
Ал жаккан кундо деле, ошол кошоматчылык менен буткон жумуш ийгиликтуу аяктабайт! Ошондуктан бир патриотизмдик аттардан коелу. Озунду сыйласан душманын дагы сени сыйлайт!
0
Savyer
2011-02-15 07:31:56
Кыргызстанда Путиндей президент болсун деп Жогорку Кеңеште “Географиялык аймакты “Владимир Путиндин чокусу” деп атоо жөнүндө” мыйзам долбоору комитетте ийгиликтүү колдоого алышсын.
0
bekush
2011-02-15 14:44:34
Атаны кокуй кун ай-е. Колдоого ала берип, кантип Орусиянын курамына кирип калганыбызды сезбей калаар бекенбиз.
0
Баян
2011-02-15 15:16:16
Эээх манкабаш депутаттар!!!андан башка чечуучу проблемалар толтура го!?!орустар ээлеп алса экен ошол чокуну тегеректеп бул биздин территория деп.
0
Баян
2011-02-15 15:19:15
Кыргыз калкы илгертеден бери ушундай окшойт тарыхка кайрылып корсок.Бирооно жагалданып жармашып анан жерин белекке берип.Айтып коёюн эгерде андай болбосо азыркы убакта Кыргыз жерибиз территориясы боюнча Орто Азияда эн чон олко болмок!
0
Gumaw
2011-02-15 18:58:40
Озу Отунбаеваны шайлабай койсо болмок!ушул айлык алып иштеп жатышкандан кийин Кыргызстанга куйушсо болот го!
0
Gumaw
2011-02-15 19:00:41
кайпеле чокуну ат койдук деп коюп,сатып жиберишсе керек да,кийинчэрээк коросунор орустар талашып ,кайтып эле ошолорго беришет
0
Baizakk11
2011-02-16 00:50:58
ee dostor Ar kim ar kandai kommentarii jazat birok bizdin aitkanibiz bolboit da tuurabi Kudaidin buiurgani bolot Andan koro kudaidan tileili baardigin jakshi bolushun
0
Savyer
2011-02-16 03:49:23
bekush
Составына кирсек элибизге жакшы болоор эле.
0
Goodfella
2011-02-17 22:03:30
eee kop 4aljyrabagyla bul jakta !!!!
Kyrgyzstan , Rossiadan kontrol bolunat !!!
Kyrgyz elimdin Namysy jogolbosun ishygylyp !!!
i vovshe nam etot sostav nenujen !!!

prosto mozgi kogda zarabotaiyt u nashih tam polotikov kak oni sebia nazyvaiyt , nikto neznaet !

Bashinardi ishtetkile4i GK
0
altyshka21
2011-02-18 14:35:27
Ким Россияда жашап келген болсо орустардын бизге деги эле караларга кылган мамилесин жакшы билет.Алар бизди эки буттуу макулуктай эле корушот.Атамбаев ойлоп атат окшойт ушинтип Путинге жакшы коруном деп,а Путин болсо каягы менен кулуп атты экен.
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан