КАРКЫРА ЖАЙЛООСУ, ПАДЫША-АТА КОРУГУ... Саякатка ылайык 8 жер

“Шах-Фазиль” күмбөзү

“Шах-Фазиль” тарыхый-маданий комплекси – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында жайгашкан. Район борборунан 20 чакырым алыс. Курулушу 11-12-кылымга таандык тарыхый жайдан эмнелерди көрө аласыз? Шах-Фазилдин, Булан аттуу кыз коюлган “Сафед-Булан” күмбөзү, шейиттер кабырлары бар. Тарыхка, ата-бабалардын изине кызыккандар үчүн барып көрө турган жер. Жол кире жашаган жериңизден Ала-Букага чейинки аралыкка жараша. Мисалы, Бишкектен 648 чакырымды түзөт, жол кире кичи автобустарда 800 сом. Андан ары таксилер менен жетүүгө болот. Конок үйлөрү 1 адамга 800-1000 сомдун тегереги. Тамак-ашы өзүнчө.

“Падыша-Ата” коругу жана күмбөзү

Аксы районунда жайгашкан “Падыша-Ата” коругу да туристтер көп барган жерлердин бири. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ташкындаган дарыя аралап өткөн, пихта, арча-карагайлуу абдан кооз жер. Корукту тоо эчки, элик, доңуз, сүлөөсүн, чүткор, аюу, кыргоол, кумай жана башкалар байырлайт. Ат менен жана жөө сейилдөө турлары бар, унутулгус эс алуу өткөрүүгө ылайык жер десек болот. Бишкектен 550, Жалал-Абад шаарынан 240, Кербенден 30 чакырым алыстыкта. Корукка жакын жердеги конок үйлөрдүн акысы 1 суткага 1 адамга тамак-ашы менен 1300-1500 сом.

Каркыра жайлоосу

Каркыра – Ысык-Көлдүн Каркыра өрөөнүндөгү жайлоо. Сулуулугу көз жоосун алган жайлоодо тик учакта учуу, дары чөптөрдү чогултуу, ат менен кыдыруучу турлар, рафтинг, балык уулоо сыяктуу кызматтар бар. Түп районунун борборунан Каркырага чейин 85 чакырым, жол кире таксиде – 150-200 сом, кичи автобуста – 100 сом. Боз үйлөрдүн, конок үйлөрдүн ижара акысы 1 адамга 1 суткага тамак-ашы менен 2000-2500 сом.

“Манас ордо”

Улуттук “Манас Ордо” комплекси – Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 14-кылымга таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Комплексте Манастын күмбөзү, Манас баатырдын жана анын 40 чоросунун айкелдери, музей, Кароол чоку, түлөөкана, ат майданы жана башкалар бар. “Манас Ордого” жакын жердеги Каныкей эне булагын да зыярат кыла кетүүгө болот. Талас шаарынан маршруттук таксилер каттайт, жол кире 40-50 сом. “Манас Ордонун” ичиндеги конок үйдүн баасы 1 суткага 1 кишиге 300-500 сом, тамак-ашы өзүнчө.

“Салкын-Төр” жаратылыш паркы

“Салкын-Төр” жаратылыш паркы – Нарын шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жол Көк-Жайык, Бүркүт-Уя, Кызыл-Зоо деген кооз капчыгайларды аралап өтөт, жолдон Кожо-Үңкүр үңкүрүн да көрүүгө болот. Корук болгондуктан алдыңыздан марал чыгып калса таң калбаңыз. Нарын шаарында конок үйлөрдүн баасы 1 суткага 1 адамга 600-2500 сом. Таңкы тамагы менен десеңиз, суткасына 2300- 2500 сом төлөйсүз.

Кара-Кой жайлоосу

Кара-Кой жайлоосу – Ноокат районундагы кооз жерлердин бири. Ош шаарынан 250, Ноокат районунун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Салкын абада ат минип, дарыядан балык уулап эс алсаңыз болот. Аймакты Кара-Кой, Мазар суулары аралап агат. Боз үйдүн ижарасы 1 суткага 3000-4000 сом, тамак-ашына өзүнчө төлөнөт. Кара-Койго 1 күндүк  турлар Ноокаттан 1300 сом, буга гиддин, боз үйдүн ижарасы гана кирет.

Жол кире – Ноокаттан Кара-Койго чейин таксилер 150 сомдон жеткирет.

 

“Саймалуу-Таш” улуттук паркы

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы улуттук парк. Жалал-Абад шаарынан 120 чакырым алыс. Табият коюнундагы таштарга чегилген 15 миңдей петроглифтерди көрөсүз. Тарыхчылардын айтымында, петроглифтер мындан 7-10 миң жыл мурун чегилип, жазылган. Жаан-чачын көп жаайт, асманы август айында гана көбүрөөк ачык болот. Казарман айылынан корукка унаада 1 саатта, андан ары ат менен 3 саатта жетүүгө болот. Деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. "Саймалуу-Ташка" баруу үчүн 1500 сомдон ижарага аттар берилет.

Барскоон капчыгайы

Барскоон капчыгайы Жети-Өгүз районунда жайгашкан кооз жер. Уламышта айтылган Эр Табылды көтөрүп, калмактардын жолун тороп кыргыздарды аман сактап калган “Тээк” таш бар. 24 метр бийиктиктен түшкөн Барскоон шаркыратмасы, андан ылдыйыраакта дагы бир шаркыратма (бийиктиги 12 метр) бар. Бул жерге 1962-жылы алгачкы космонавт Юрий Гагарин келип эс алып кеткени менен белгилүү. Каракол шаарынан Барскоон капчыгайына таксилер каттайт, жол кире 200 сомдун тегереги.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан